ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (141) سوره: سوره نساء
ٱلَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمۡ فَإِن كَانَ لَكُمۡ فَتۡحٞ مِّنَ ٱللَّهِ قَالُوٓاْ أَلَمۡ نَكُن مَّعَكُمۡ وَإِن كَانَ لِلۡكَٰفِرِينَ نَصِيبٞ قَالُوٓاْ أَلَمۡ نَسۡتَحۡوِذۡ عَلَيۡكُمۡ وَنَمۡنَعۡكُم مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ فَٱللَّهُ يَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَلَن يَجۡعَلَ ٱللَّهُ لِلۡكَٰفِرِينَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ سَبِيلًا
Алар силерге жакшылык болобу, жамандык болобу күтүп турушат. Эгер силерге Аллах жардам берип, олжого ээ болсоңор, олжодон алып калуу үчүн: "биз силер менен бирге, силер күбө болгон нерсеге күбө болбодукпу?!" дешет. А эгер жеңиш каапырлар тарапка оосо, аларга: "биз силерге жардам, колдоо көрсөтүп, ыймандуулардан силерди коргободук беле?! дешет. Кыяматта баарыңардын үстүнөн Аллах өкүм чыгарат, ыймандуулар бейишке кирүү менен сыйланат, эки жүздүүлөр тозоктун эң төмөнкү катмарына түшүү менен жазаланат. Аллах Таала кыямат күнү каапырлар ыймандуулардын үстүнөн далил алып келүүсүнө жол бербейт, тескерисинче ыймандууларга жакшы акыбетин берет. Эгер ыймандарында чынчыл болуп, шарияттын чегинен чыгышпаса.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• بيان صفات المنافقين، ومنها: حرصهم على حظ أنفسهم سواء كان مع المؤمنين أو مع الكافرين.
Эки жүздүүлөрдүн сыпаттары баян кылынды, ал сыпаттарынын бири ыймандуулар менен болсо да, каапырлар менен болсо да өз напсилери үчүн ач көздүк кылганы

• أعظم صفات المنافقين تَذَبْذُبُهم وحيرتهم واضطرابهم، فلا هم مع المؤمنين حقًّا ولا مع الكافرين.
Эки жүздүүлөрдүн негизги сыпаттарынын бири алардын эки анжылыгы жана арсарлыгы, алар ыймандуулар менен да бирге эмес, каапырлар менен да бирге эмес

• النهي الشديد عن اتخاذ الكافرين أولياء من دون المؤمنين.
Ыймандууларды таштап, каапырларды дос кылып алууга катуу тыюу салынган

• أعظم ما يتقي به المرء عذاب الله تعالى في الآخرة هو الإيمان والعمل الصالح.
Кыяматта пендени Аллахтын азабынан сактай турган эң маанилүү иш ыйман жана жакшы иш-аракеттер

 
ترجمهٔ معانی آیه: (141) سوره: سوره نساء
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن