ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (176) سوره: سوره نساء
يَسۡتَفۡتُونَكَ قُلِ ٱللَّهُ يُفۡتِيكُمۡ فِي ٱلۡكَلَٰلَةِۚ إِنِ ٱمۡرُؤٌاْ هَلَكَ لَيۡسَ لَهُۥ وَلَدٞ وَلَهُۥٓ أُخۡتٞ فَلَهَا نِصۡفُ مَا تَرَكَۚ وَهُوَ يَرِثُهَآ إِن لَّمۡ يَكُن لَّهَا وَلَدٞۚ فَإِن كَانَتَا ٱثۡنَتَيۡنِ فَلَهُمَا ٱلثُّلُثَانِ مِمَّا تَرَكَۚ وَإِن كَانُوٓاْ إِخۡوَةٗ رِّجَالٗا وَنِسَآءٗ فَلِلذَّكَرِ مِثۡلُ حَظِّ ٱلۡأُنثَيَيۡنِۗ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمۡ أَن تَضِلُّواْۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمُۢ
Оо, элчи,сенден "калала"кишиден калган мурас жөнүндө өкүм сурашат. Калала дегени - баласы жок, атасы да жок кайтыш болгон киши. Аларга мындай кишинин мурасы тууралуу Аллах Таала минтип баян кылды деп айт: каза болгон кишинин баласы да, атасы да жок болсо, бирок анын бир тууган эжеси же карындашы болсо, же атасынын бир тууган эжеси же карындашы болсо, анда маркумдан калган мүлктүн тең жарымы милдеттүү түрдө ошол аялга тиет. А эгер аял киши каза болсо эркек бир тууганы, же атасынын эркек бир тууганы болуп, андан башка милдеттүү түрдө мурас ала турган эч ким болбосо, анда ал калган мүлктү толук алат. Эгер милдеттүү түрдө мурас бөлүнө турган адамы болсо, анда башкалар андан кийин гана алат. Эгер бир тууган эже-карындаштары, же атасы менен бир тууган эже-карындаштары экөө же андан көп болсо, аларга үчтөн бири милдеттүү тиет. А эгер маркумдун аял-эркек бир туугандары, же атасынын аял-эркек бир туугандары болсо, анда тууганчылыктагы эреже боюнча алышат (бир эркекке эки аялдын үлүшү) аялдын үлүшүнөн эркектин үлүшү эки эсе көп болот. Силер мурас ишинде адашпооңор үчүн Аллах Таала ушинтип калаланын жана башкалардын мурас өкүмүн баяндап берди. Аллах Таала бардык нерсени билүүчү, Ага эч нерсе билинбей калбайт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• عناية الله بجميع أحوال الورثة في تقسيم الميراث عليهم.
Аллах Таала муар бөлүштүрүүдө бардык мураскерлерга кам көргөн

• الأصل هو حِلُّ الأكل من كل بهيمة الأنعام، سوى ما خصه الدليل بالتحريم، أو ما كان صيدًا يعرض للمحرم في حجه أو عمرته.
Арамдыгы далилдерде ачык айтылган жана ажы, умра учурунда ихрамдагы адамга уулоого болбой турган жан-жаныбардан башка жандыктын баары адал

• النهي عن استحلال المحرَّمات، ومنها: محظورات الإحرام، والصيد في الحرم، والقتال في الأشهر الحُرُم، واستحلال الهدي بغصب ونحوه، أو مَنْع وصوله إلى محله.
Арам кылынган нерселерди адал кылып алууга тыюу салынган, булар: Ихрамдын тыюулары, харамда аң уулоо, арам айларында согушуу, ажы же умрага арналган белек малды тартып алуу же болжогон жерине жеткирбей тосуп алуу ж.б.у.с.

 
ترجمهٔ معانی آیه: (176) سوره: سوره نساء
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن