ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (46) سوره: سوره نساء
مِّنَ ٱلَّذِينَ هَادُواْ يُحَرِّفُونَ ٱلۡكَلِمَ عَن مَّوَاضِعِهِۦ وَيَقُولُونَ سَمِعۡنَا وَعَصَيۡنَا وَٱسۡمَعۡ غَيۡرَ مُسۡمَعٖ وَرَٰعِنَا لَيَّۢا بِأَلۡسِنَتِهِمۡ وَطَعۡنٗا فِي ٱلدِّينِۚ وَلَوۡ أَنَّهُمۡ قَالُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَا وَٱسۡمَعۡ وَٱنظُرۡنَا لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۡ وَأَقۡوَمَ وَلَٰكِن لَّعَنَهُمُ ٱللَّهُ بِكُفۡرِهِمۡ فَلَا يُؤۡمِنُونَ إِلَّا قَلِيلٗا
Яхудилердин арасында Аллах Таала түшүргөн сөздөрдү өзгөрткөн жамандары бар. Сөздү Аллах Таала түшүргөн маани-маңызынан бурмалап, туура эмес, башка мааниде колдонушат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аларга бир ишти буйруган кезде, алар: сенин сөзүңдү уктук, бирок сенин буйругуңа баш ийбедик дешет. Анан шылдыңдап: биздин айтканыбызды укпасаң да угасың; деп, анан "рааина" (бизге күтө тур) деген сөздү бурмалап, пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сөз тийгизип, диндин баркын түшүрүүнү максат кылып (ушул сөзгө уңгулаш болгон) "наадан" деген сөздү колдонушту. Эгер алар сенин айтканыңды уктук, бирок сенин буйругуңа баш ийбедик дегендин ордуна, сенин айтканыңды уктук, сенин буйругуңа баш ийдик дешкенде, ошондой эле, бизди укпасаң да угасың дебей, бизди ук дешкенде жана "рааина" дебей "унзурнаа" сенин айтканыңды биз түшүнүшүбүз үчүн бизди күтө тур дешкенде алардын өздөрүнө жакшы жана туура болмок; анткени мында пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ылайыктуу жакшы адеп бар эле. Бирок алар минтишкен жок, Аллах Таала аларды каапырлыгы себептүү ырайымынан кууп каргыштады. Алар пайдалуу ыйманга келишпейт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• كفاية الله للمؤمنين ونصره لهم تغنيهم عما سواه.
Момундарга, аларга жардам берүүдө, муктажсыз кылууда Аллах Өзү жетиштүү

• بيان جرائم اليهود، كتحريفهم كلام الله، وسوء أدبهم مع رسوله صلى الله عليه وسلم، وتحاكمهم إلى غير شرعه سبحانه.
Аллахтын сөзүн бурмалаганы, Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) адепсиздик кылганы, Аллахтын шариятынан башкача өкүм чыгарганы, булар яхудилердин бузук-күнөө иштеринен.

• بيان خطر الشرك والكفر، وأنه لا يُغْفر لصاحبه إذا مات عليه، وأما ما دون ذلك فهو تحت مشيئة الله تعالى.
Ширк жана каапырлык өтө коркунучтуу, эгер адам ушунтип жүрүп өтүп кетсе, мунусу кечирилбейт. Ал эми бул экөөнөн башка күнөөлөрү Аллахтын каалоосунда, (кааласа, кечирет, кааласа, күнөөсүнө жараша азаптайт)

 
ترجمهٔ معانی آیه: (46) سوره: سوره نساء
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن