ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: سوره غافر   آیه:

Гафир

از اهداف این سوره:
بيان حال المجادلين في آيات الله، والرد عليهم.
Аллахтын аят-белгилери тууралуу талашып-тартышуучуларыдн абалы жана аларга берилген жооп тууралуу (баяндалган)

حمٓ
Хаа-миим. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
تفسیرهای عربی:
تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ
Курандын баарын үстөм келүүчү Кудуреттүү, пенделеринин пайдасын Билүүчү Аллах тарабынан элчиси Мухаммадка түшүүсү.
تفسیرهای عربی:
غَافِرِ ٱلذَّنۢبِ وَقَابِلِ ٱلتَّوۡبِ شَدِيدِ ٱلۡعِقَابِ ذِي ٱلطَّوۡلِۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ إِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ
Ал күнөөкөрлөрдүн күнөөлөрүн Кечирүүчү, тообо кылган пенделеринин тооболорун кабыл кылуучу, күнөөлөрүнө тообо кылбагандарды катуу жазалоочу, жакшылык жана айкөлдүк Ээси. Жалгыз Өзү гана сыйынууга татыктуу жана кыяматта пенделердин баарысы жалгыз Ага гана кайтып барышат. Ошондо аларга татыктуу болгон жазасын же сыйлыгын берет.
تفسیرهای عربی:
مَا يُجَٰدِلُ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ إِلَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَلَا يَغۡرُرۡكَ تَقَلُّبُهُمۡ فِي ٱلۡبِلَٰدِ
Аллахтын жалгыздыгына жана пайгамбарлардын чынчылдыгына далил болгон аят-белгилерге акылы бузук каапырлар гана каршы чыгып талашышат. Алар үчүн кайгырба жана аларга берилген кенен ырыскыга, жыргалчылыктарга азгырылба! Аларга мөөнөттүн берилиши – бул аларды акырындык менен жазалоо жана аларга карата колдонулган айлакерлик.
تفسیرهای عربی:
كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ وَٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۖ وَهَمَّتۡ كُلُّ أُمَّةِۭ بِرَسُولِهِمۡ لِيَأۡخُذُوهُۖ وَجَٰدَلُواْ بِٱلۡبَٰطِلِ لِيُدۡحِضُواْ بِهِ ٱلۡحَقَّ فَأَخَذۡتُهُمۡۖ فَكَيۡفَ كَانَ عِقَابِ
Алардан мурун Нухтун эли жалганга чыгарышты, Нухтун коомунан кийин жамааттар жалганга чыгарышкан, Аад жана Самуд коомдору, Луттун коому, Мадиян ээлери жалганга чыгарышты, ошондой эле Фараон да жалганга чыгарды. Ар бир коом аларга келген пайгамбарды кармап өлтүрүүнү көздөштү. Акыйкатты жок кылуу үчүн жалганды айтып талашып-тартышты. Ошондо Мен ошол коомдордун баарысын кармадым. Менин аларды жазалоом кандай болду деп ойлойсуң. Өтө катаал жаза болду.
تفسیرهای عربی:
وَكَذَٰلِكَ حَقَّتۡ كَلِمَتُ رَبِّكَ عَلَى ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّهُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ
Оо, пайгамбар! Аллах ал жалганчы коомдордун жок болушун өкүм кылган сыяктуу, аларга Раббиңдин каапырлык кылгандар тозок адамдары деген сөзү милдет болду.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ يَحۡمِلُونَ ٱلۡعَرۡشَ وَمَنۡ حَوۡلَهُۥ يُسَبِّحُونَ بِحَمۡدِ رَبِّهِمۡ وَيُؤۡمِنُونَ بِهِۦ وَيَسۡتَغۡفِرُونَ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْۖ رَبَّنَا وَسِعۡتَ كُلَّ شَيۡءٖ رَّحۡمَةٗ وَعِلۡمٗا فَٱغۡفِرۡ لِلَّذِينَ تَابُواْ وَٱتَّبَعُواْ سَبِيلَكَ وَقِهِمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ
Оо, пайгамбар! Раббиңдин Аршын көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин Ага ылайык келбеген нерселерден аруулашат, ага ыйман келтиришет жана Аллахка ыйман келтиргендерге кечирим тилеп дуба кылышат: «Раббибиз! Сенин илимиң жана ырайымың бүткүл нерсени камтып турат. Күнөөлөрүнө тообо кылгандарды, диниңди ээрчигендерди кечир жана аларды тозокко тийгизбей сакта!».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الجمع بين الترغيب في رحمة الله، والترهيب من شدة عقابه: مسلك حسن.
Аллахтын ырайымы менен шыктандыруу жана Анын жазасы менен коркутуу – эң жакшы ыкма.

• الثناء على الله بتوحيده والتسبيح بحمده أدب من آداب الدعاء.
Аллахты жалгыздоо менен жана шүгүр келтирип аруулоо менен Ага мактоолорду айтуу – дуба кылуунун адептеринен.

• كرامة المؤمن عند الله؛ حيث سخر له الملائكة يستغفرون له.
Ыймандуу адамдын Аллахтын алдындагы кадыр-барктуулугу. Анткени Аллах ал үчүн кечирим сураган периштелерди кылып койду.

رَبَّنَا وَأَدۡخِلۡهُمۡ جَنَّٰتِ عَدۡنٍ ٱلَّتِي وَعَدتَّهُمۡ وَمَن صَلَحَ مِنۡ ءَابَآئِهِمۡ وَأَزۡوَٰجِهِمۡ وَذُرِّيَّٰتِهِمۡۚ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Периштелер айтышат: «Раббибиз! Ыймандууларды Өзүң киргизем деп убада кылган бейишке киргиз жана алар менен бирге жакшы иштерди кылган ата-бабаларын, жубайларын жана бала-чакаларын киргиз. Чындыгында Сен эч кимге жеңилбеген Кудуреттүүсүң, тагдыр кылууда жана башкарууда Даанышмансың.
تفسیرهای عربی:
وَقِهِمُ ٱلسَّيِّـَٔاتِۚ وَمَن تَقِ ٱلسَّيِّـَٔاتِ يَوۡمَئِذٖ فَقَدۡ رَحِمۡتَهُۥۚ وَذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Аларды кылган иштеринин жамандыгынан сакта, амалдары үчүн аларды азаптаба. Кыяматта кимди кылган жаман иштеринин жазасынан сактасаң, демек ага ырайым кылган болосуң. Бул азаптан сактоо жана бейишке кирүү аркылуу ырайымга жетүү мына ушул теңдешсиз улуу жеңиш.
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُنَادَوۡنَ لَمَقۡتُ ٱللَّهِ أَكۡبَرُ مِن مَّقۡتِكُمۡ أَنفُسَكُمۡ إِذۡ تُدۡعَوۡنَ إِلَى ٱلۡإِيمَٰنِ فَتَكۡفُرُونَ
Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандар кыяматта тозокко киргенде өздөрүн жек көрүп, каргыш айтып мындай деп чакырык салышат: «Аллахтын силерге болгон жек көрүүсү – өзүңөрдү жек көргөндөн да күчтүү. Анткени дүйнөдө силерди Аллахка ыйман келтирүүгө чакырганда Ага каапырлык кылдыңар, Аны менен катар башкаларды кудай туттуңар».
تفسیرهای عربی:
قَالُواْ رَبَّنَآ أَمَتَّنَا ٱثۡنَتَيۡنِ وَأَحۡيَيۡتَنَا ٱثۡنَتَيۡنِ فَٱعۡتَرَفۡنَا بِذُنُوبِنَا فَهَلۡ إِلَىٰ خُرُوجٖ مِّن سَبِيلٖ
Каапырларга тообо кылуу жана моюнга алуу пайда бербеген кезде алар күнөөлөрүн моюндарына алып мындай деп айтышты: «Раббибиз! Сен бизди жок кезибизде эки жолу өлтүрүп, кайра жараттың. Кийин ошол жаратуудан кийин бизди кайра өлтүрдүң. Жана бизди кайра тирилтүү менен жоктон бар кылып эки жолу тирилттиң. Биз кылган күнөөлөрүбүздү мойнубузга алабыз. Биз үчүн тозоктон чыгуунун жолу барбы, биз жашоого кайра кайтып, жакшы иштерди кылалы, ошондо Сен бизден ыраазы болосуң?!».
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكُم بِأَنَّهُۥٓ إِذَا دُعِيَ ٱللَّهُ وَحۡدَهُۥ كَفَرۡتُمۡ وَإِن يُشۡرَكۡ بِهِۦ تُؤۡمِنُواْۚ فَٱلۡحُكۡمُ لِلَّهِ ٱلۡعَلِيِّ ٱلۡكَبِيرِ
Силерге берилген азаптын себеби – силерди Аллахка эч кимди шерик кылбастан, Ага гана сыйынууга чакырганда, Ага каапырлык кылдыңар, Ага шериктерди коштуңар. Эгерде Аллах менен катар кайсы бир шерикке сыйынган болсо, ага ишендиңер. Өкүм кылуу жалгыз Аллахтын Өзүнө гана таандык. Ал Өз Заты, кудурети, үстөмдүгү менен Бийик, бүткүл нерседен жогору болгон Улук.
تفسیرهای عربی:
هُوَ ٱلَّذِي يُرِيكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ وَيُنَزِّلُ لَكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ رِزۡقٗاۚ وَمَا يَتَذَكَّرُ إِلَّا مَن يُنِيبُ
Аллах силерге Өзүнүн кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдириш үчүн мейкиндикте жана өзүңөрдө аят-белгилерди көргөзөт. Ошондой эле өсүмдүктөр жана эгинзарлар сыяктуу ырыскыңарга себеп болуш үчүн асмандан жамгыр суусун түшүрдү. Аллахтын аят-белгилеринен Ага чын ыкластан тообо кылып кайткан адамдар гана сабак алышат.
تفسیرهای عربی:
فَٱدۡعُواْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Оо, ыймандуулар! Каапырлар жаман көрүп, кыжырланса да Аллахка ширк кылбастан, Ага чын ыкластан баш ийип жана дуба кылып жалбаргыла.
تفسیرهای عربی:
رَفِيعُ ٱلدَّرَجَٰتِ ذُو ٱلۡعَرۡشِ يُلۡقِي ٱلرُّوحَ مِنۡ أَمۡرِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦ لِيُنذِرَ يَوۡمَ ٱلتَّلَاقِ
Ал – адамдардын Ага чын ыкластан дуба кылып кайрылуусуна жана баш ийүүсүнө татыктуу. Ал бүткүл макулуктардан даражасы Бийик жана улуу Арштын Ээси. Ал пенделерин жандантуу үчүн жана алар башкаларды жандандыруулары үчүн, ошондой эле абалкылар менен акыркылар чогулган кыямат күнүнөн адамдарды коркутуш үчүн пенделеринен Өзү каалаганына вахий түшүрөт.
تفسیرهای عربی:
يَوۡمَ هُم بَٰرِزُونَۖ لَا يَخۡفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِنۡهُمۡ شَيۡءٞۚ لِّمَنِ ٱلۡمُلۡكُ ٱلۡيَوۡمَۖ لِلَّهِ ٱلۡوَٰحِدِ ٱلۡقَهَّارِ
Ал күнү алар ачык түрдө бир жерге чогулушат. Аллахка алардын эч бир нерсеси жашыруун болбойт, өздөрү да, иштери да, сыйлык-жазалары да жашыруун болбойт. Ал: «Бүгүн бийлик кимге таандык?» – деп сурайт. Ошондо анын бир гана жообу болот: «Бийлик Өз Затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Жалгыз болгон жана бүткүл нерсеге үстөмдүк кылган, бүткүл нерселер Ага гана баш ийген Каардуу Аллахка гана таандык».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• مَحَلُّ قبول التوبة الحياة الدنيا.
Тообо кабыл боло турган жай – бул дүйнө жашоосу.

• نفع الموعظة خاص بالمنيبين إلى ربهم.
Насыйкат Раббисине кайткан адамдарга гана пайда берет.

• استقامة المؤمن لا تؤثر فيها مواقف الكفار الرافضة لدينه.
Ыймандуунун түз жолдо болуусуна Аллахтын динин четке каккан каапырлардын абалдары таасир этпейт.

• خضوع الجبابرة والظلمة من الملوك لله يوم القيامة.
Кыяматта залым жана канкор падышалардын Аллахка гана баш ийишет.

ٱلۡيَوۡمَ تُجۡزَىٰ كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡۚ لَا ظُلۡمَ ٱلۡيَوۡمَۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ
Ал күнү ар бир жан кылган ишине жараша жазасын алат, жакшылык болсо жакшылык, жамандык болсо жамандык. Ал күнү эч кандай зулумдук болбойт. Анткени өкүм кылуу адилеттүү Аллах. Чындыгында Аллах пенделерин толук билгени себептүү аларды тездик менен суракка алуучу.
تفسیرهای عربی:
وَأَنذِرۡهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡأٓزِفَةِ إِذِ ٱلۡقُلُوبُ لَدَى ٱلۡحَنَاجِرِ كَٰظِمِينَۚ مَا لِلظَّٰلِمِينَ مِنۡ حَمِيمٖ وَلَا شَفِيعٖ يُطَاعُ
Оо, пайгамбар! Аларды кыямат күнү менен коркут. Ал жакындап калган кыямат келет, ал эми келери күтүлгөн ар бир нерсе жакын. Ал күндө жүрөктөр катуу коркунучтан улам адамдардын алкымына тыгылып, Ырайымдуу алардын арасынан уруксат бергендери гана сүйлөй алышат. Ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зыян берген залымдар үчүн эч кандай дос, жакын жана ага өз эрки менен шапаат кылуучу болбойт.
تفسیرهای عربی:
يَعۡلَمُ خَآئِنَةَ ٱلۡأَعۡيُنِ وَمَا تُخۡفِي ٱلصُّدُورُ
Аллах адамдардын байкатпай тиктеген кыянат көз карашын да билет. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
تفسیرهای عربی:
وَٱللَّهُ يَقۡضِي بِٱلۡحَقِّۖ وَٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ لَا يَقۡضُونَ بِشَيۡءٍۗ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ
Аллах адилеттик менен өкүм кылат. Эч кимге кылган жакшылыктары кемитилип же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт. Ал эми мушриктер сыйынган Аллахтан башка кудайлары эч нерсени өкүм кыла алышпайт. Анткени алар эч бир нерсеге ээ эмес. Чындыгында Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын ниеттерин жана иштерин Көрүүчү. Жакында ал үчүн аларга сыйлыгын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
۞ أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ كَانُواْ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَانُواْ هُمۡ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗ وَءَاثَارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ بِذُنُوبِهِمۡ وَمَا كَانَ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن وَاقٖ
Мушриктер жер бетин кезип, алардан мурунку жалганчы коомдордун акыбети кандай болгонун ойлонуп көрүшпөйбү? Алардын акыбети жамандык менен бүткөн. Ал коомдор булардан кыйла күчтүү болушкан жана булар калтырбагандай имараттарды калтырышкан. Аллах аларды күнөөлөрү себептүү жок кылды. Аларды Аллахтын жазасынан эч бир нерсе коргоп кала алган жок.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ كَانَت تَّأۡتِيهِمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَكَفَرُواْ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ قَوِيّٞ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Алардын башына түшкөн ал азаптын себеби – аларга Аллах тараптан ачык-айкын далилдер менен пайгамбарлар келишкен, бирок алар Аллахка каапырлык кылышты жана пайгамбарларын жалганга чыгарышты. Алардын ошончолук күчтүүлүгүнө карабастан, Аллах аларды кармап туруп жок кылды. Чындыгында Ал каапырлык кылгандарга жана пайгамбарларын жалганга чыгаргандарга Кубаттуу жана жазасы катаал.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَا وَسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ
Биз Мусаны ачык аят-белгилерибиз менен, кескин далилдерибиз менен жибердик.
تفسیرهای عربی:
إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَهَٰمَٰنَ وَقَٰرُونَ فَقَالُواْ سَٰحِرٞ كَذَّابٞ
Аны Фараонго, анын вазири Хаманга жана Карунга жибердик. Алар: «Муса сыйкырчы жана пайгамбармын деп айтып жаткан сөзүндө жалганчы» – дешти.
تفسیرهای عربی:
فَلَمَّا جَآءَهُم بِٱلۡحَقِّ مِنۡ عِندِنَا قَالُواْ ٱقۡتُلُوٓاْ أَبۡنَآءَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ وَٱسۡتَحۡيُواْ نِسَآءَهُمۡۚ وَمَا كَيۡدُ ٱلۡكَٰفِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ
Качан Муса аларга өзүнүн чынчылдыгын билдирген далил менен келгенде Фараон: «Муну менен бирге ыйман келтиргендин балдарын өлтүргүлө, алар үчүн кордук катары аялдарын тирүү калтыргыла» – деди. Каапырлардын ыймандуулардын санын азайткыла деп буйруп айла-амал кылышканы эч нерсеге жарабайт, таасири да болбойт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• التذكير بيوم القيامة من أعظم الروادع عن المعاصي.
Кыямат күндү эскертүү – күнөөлөрдөн алыстатуучу эң негизи себеп.

• إحاطة علم الله بأعمال عباده؛ خَفِيَّة كانت أم ظاهرة.
Аллах таала пенделердин иш-аракеттерин, ал ачык болобу, жашыруун болобу, баарысын толук билет.

• الأمر بالسير في الأرض للاتعاظ بحال المشركين الذين أهلكوا.
Кыйрап жок болгон мушриктердин абалынан сабак алыш үчүн жер бетин кезүүгө болгон буйрук.

وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ ذَرُونِيٓ أَقۡتُلۡ مُوسَىٰ وَلۡيَدۡعُ رَبَّهُۥٓۖ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُبَدِّلَ دِينَكُمۡ أَوۡ أَن يُظۡهِرَ فِي ٱلۡأَرۡضِ ٱلۡفَسَادَ
Фараон айтты: «Мени тоспогула, мен Мусаны өзүм жазалап өлтүрөм. Эми ал Раббисине сакта деп жалбарсын. Бирок мен анын жалбарганына карабайм. Менин коркконум – ал силердин тутунган диниңерди өзгөртүп жиберет же жер бетинде өлтүрүү, талкалоо сыяктуу бузукулуктар жайылат».
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ مُوسَىٰٓ إِنِّي عُذۡتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُم مِّن كُلِّ مُتَكَبِّرٖ لَّا يُؤۡمِنُ بِيَوۡمِ ٱلۡحِسَابِ
Качан Муса Фараондун аны коркутканын билгенде мындай деди: «Мен өзүмдүн Раббимден жана силердин Раббиңерден акыйкатка жана ага ишенүүгө текеберлик кылган, кыямат күнүндөгү сурак жана жазага ыйман келтирбеген адамдардан коргоосун сураймын».
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ رَجُلٞ مُّؤۡمِنٞ مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَكۡتُمُ إِيمَٰنَهُۥٓ أَتَقۡتُلُونَ رَجُلًا أَن يَقُولَ رَبِّيَ ٱللَّهُ وَقَدۡ جَآءَكُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ مِن رَّبِّكُمۡۖ وَإِن يَكُ كَٰذِبٗا فَعَلَيۡهِ كَذِبُهُۥۖ وَإِن يَكُ صَادِقٗا يُصِبۡكُم بَعۡضُ ٱلَّذِي يَعِدُكُمۡۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ مُسۡرِفٞ كَذَّابٞ
Ошондо Фараондун туугандарынан болгон, адамдардан ыйманын жашырып жүргөн бир киши алардын Мусаны өлтүрөбүз деген ойлорун четке кагып мындай деди: «Силер эч кандай күнөөсү болбогон, Раббим – Аллах дегени үчүн эле адамды өлтүрө бересиңерби?! Ал силерге Аллах тараптан келген элчимин деген сөзүнүн чындык экендигин тастыктаган далилдерди алып келди го?! Эгерде ал жалган айткан болсо, анда жалганынын зыяны өзүнө тиет. А эгер айткан сөзү чын болсо, анда ал силерге убада кылып жаткан кээ бир азаптар көп өтпөй өз башыңарга түшүп жүрбөсүн. Чындыгында Аллах Анын чектеринен чыккандарды, Ага жана пайгамбарларына жалаа жапкандарды акыйкат жолго салбайт.
تفسیرهای عربی:
يَٰقَوۡمِ لَكُمُ ٱلۡمُلۡكُ ٱلۡيَوۡمَ ظَٰهِرِينَ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَمَن يَنصُرُنَا مِنۢ بَأۡسِ ٱللَّهِ إِن جَآءَنَاۚ قَالَ فِرۡعَوۡنُ مَآ أُرِيكُمۡ إِلَّا مَآ أَرَىٰ وَمَآ أَهۡدِيكُمۡ إِلَّا سَبِيلَ ٱلرَّشَادِ
Оо, элим! Мисир жериндеги үстөм бийлик силердин гана колуңарда. Эгер Мусаны өлтүргөн үчүн бизге Аллахтын азабы келсе, бизди андан ким куткарат?». Фараон айтты: «Менин оюм – чечүүчү ой, менин өкүмүм – чечүүчү өкүм. Менин оюм – жамандыкты жана бузукулукту тосуш үчүн Мусаны өлтүрүш керек. Мен силерди туура нерсеге гана багыттайм».
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ ٱلَّذِيٓ ءَامَنَ يَٰقَوۡمِ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُم مِّثۡلَ يَوۡمِ ٱلۡأَحۡزَابِ
Ыйман келтирген адам элине наасат кылып айтты: «Эгерде силер зулумдук, канкордук кылып Мусаны өлтүрчү болсоңор, анда мен силердин башыңарга мурункулар сыяктуу жамаат-жамаат болуп пайгамбарларына каршы биригишип, кийин Аллах аларды жок кылгандай азап келүүсүнөн коркомун.
تفسیرهای عربی:
مِثۡلَ دَأۡبِ قَوۡمِ نُوحٖ وَعَادٖ وَثَمُودَ وَٱلَّذِينَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡۚ وَمَا ٱللَّهُ يُرِيدُ ظُلۡمٗا لِّلۡعِبَادِ
Нух коому, Аад жана Самуд, ошондой эле алардан кийинки келгендер сыяктуу каапырлык кылгандарды жана пайгамбарларды жалганга чыгаргандарды – каапырлыктары жана пайгамбарларды жалганга чыгарышканы үчүн Аллах аларды жок кылды. Аллах пенделерине зулумдукту каалабайт. Ал аларга өздөрүнө ылайык жаза берип, күнөөлөрү үчүн гана азаптайт.
تفسیرهای عربی:
وَيَٰقَوۡمِ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ يَوۡمَ ٱلتَّنَادِ
Оо, элим! Чындыгында мен силер үчүн кыямат күнүнөн коркомун. Ал күнү адамдар туугандыгы же кадыр-барктуулугу ошондой коркунучтуу абалда аларга жардам берет деген ойдо бири-бирин атап чакырышат.
تفسیرهای عربی:
يَوۡمَ تُوَلُّونَ مُدۡبِرِينَ مَا لَكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِنۡ عَاصِمٖۗ وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِنۡ هَادٖ
Силер ал күнү тозоктон артыңарды карабай жандалбастап качасыңар. Силерди Аллахтын азабынан коргоп кала тургандай эч бир нерсе болбойт. Аллах кимди жардамсыз таштап, ыйман келтирүүгө ийгилик бербесе, анда аны эч ким туура жолго сала албайт. Анткени туура жолго ийгилик берүү Аллахтын гана колунда.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• لجوء المؤمن إلى ربه ليحميه من كيد أعدائه.
Ыймандуу адам душмандардын айла-амалынан коргонуш үчүн Аллахка гана кайрылат.

• جواز كتم الإيمان للمصلحة الراجحة أو لدرء المفسدة.
Пайдалуу жагын көздөп же зыяндан сактаныш максатта ыйманды жашыруу уруксат.

• تقديم النصح للناس من صفات أهل الإيمان.
Адамдарга насаат кылуу – ыймандуу адамдардын сыпаттарынан.

وَلَقَدۡ جَآءَكُمۡ يُوسُفُ مِن قَبۡلُ بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا زِلۡتُمۡ فِي شَكّٖ مِّمَّا جَآءَكُم بِهِۦۖ حَتَّىٰٓ إِذَا هَلَكَ قُلۡتُمۡ لَن يَبۡعَثَ ٱللَّهُ مِنۢ بَعۡدِهِۦ رَسُولٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَنۡ هُوَ مُسۡرِفٞ مُّرۡتَابٌ
Мусага чейин Юсуф да силерге Аллахтын жалгыздыгына ачык далилдерди алып келген. Силер болсо ал алып келген нерсеге шектенип, жалганга чыгардыңар. Качан ал өлгөндө шек-күмөн кылууңар күч алып: «Аллах андан кийин пайгамбар жибербейт» – дедиңер. Силердин акыйкаттан адашканыңар сыяктуу Аллах бардык чектен чыккандарды, Анын жалгыздыгына шектенгендерди адаштырат.
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ سُلۡطَٰنٍ أَتَىٰهُمۡۖ كَبُرَ مَقۡتًا عِندَ ٱللَّهِ وَعِندَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۚ كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ قَلۡبِ مُتَكَبِّرٖ جَبَّارٖ
Аллахтын аят-белгилерин жокко чыгаруу үчүн далилсиз талашып-тартышкандардын бул кылганы – Аллахтын алдында, Ага жана пайгамбарларга ыйман келтиргендердин алдында ушунчалык жек көрүндү иш. Биздин аят-белгилерибизди жокко чыгаруу максатта талашып-тартышкандын жүрөктөрүнө Аллах мөөр баскан сыяктуу акыйкатка текеберлик кылгандардын да жүрөктөрүнө мөөр басты. Ал аларды тууралыкка багыттабайт жана жакшылыкка жол көргөзбөйт.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ يَٰهَٰمَٰنُ ٱبۡنِ لِي صَرۡحٗا لَّعَلِّيٓ أَبۡلُغُ ٱلۡأَسۡبَٰبَ
Фараон вазири Хаманга айтты: «Эй, Хаман! Мага бийик имарат курчу, мен жолдорго жетсем дейм.
تفسیرهای عربی:
أَسۡبَٰبَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ فَأَطَّلِعَ إِلَىٰٓ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُۥ كَٰذِبٗاۚ وَكَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِفِرۡعَوۡنَ سُوٓءُ عَمَلِهِۦ وَصُدَّ عَنِ ٱلسَّبِيلِۚ وَمَا كَيۡدُ فِرۡعَوۡنَ إِلَّا فِي تَبَابٖ
Балким асмандарга жеткирген жолдорго жетсем, Мусанын чыныгы сыйынууга татыктуу деген кудайын көрөт элем. Бирок мен Мусанын айтып жаткан сөздөрүн жалган деп ойлойм». Качан Фараон Хамандан ошону талап кылганда анын кылган ишинин жамандыгы ага кооз көргөзүлдү жана акыйкат жолдон чыгып, адашуу жолуна түштү. Фараондун жалганды үстөм кылам, Муса алып келген акыйкатты жокко чыгарам деген айла-амалы жокко учурады. Анткени анын акыбети – ишинин оңунан чыкпашына, аракетинин жокко учурашына жана эч качан бүтпөгөн бактысыздыкка алып барат.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ ٱلَّذِيٓ ءَامَنَ يَٰقَوۡمِ ٱتَّبِعُونِ أَهۡدِكُمۡ سَبِيلَ ٱلرَّشَادِ
Фараондун туугандарынан болгон ыймандуу адам өз коомуна насаат кылып, аларды акыйкат жолго багыттап мындай деп айтты: «Оо, элим! Мени ээрчигиле, мен силерге туура жолду жана акыйкатка карай багытты көргөзөм.
تفسیرهای عربی:
يَٰقَوۡمِ إِنَّمَا هَٰذِهِ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا مَتَٰعٞ وَإِنَّ ٱلۡأٓخِرَةَ هِيَ دَارُ ٱلۡقَرَارِ
Оо, элим! Чындыгында бул дүйнө жашоосу убактылуу гана ырахат. Андыктан ал силерди убактылуу ырахаттар менен алдап койбосун. Ал эми акырет жайы – эч качан түгөнбөгөн жыргалчылыктарга толгон, түбөлүк кала турган жай. Аллахка моюн сунуу менен ага жетүүгө аракет кылгыла жана акырет иштерин таштап, дүйнө жашоосу менен гана алек болуудан сак болгула.
تفسیرهای عربی:
مَنۡ عَمِلَ سَيِّئَةٗ فَلَا يُجۡزَىٰٓ إِلَّا مِثۡلَهَاۖ وَمَنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا مِّن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ يُرۡزَقُونَ فِيهَا بِغَيۡرِ حِسَابٖ
Кимде-ким күнөө иш кылса, анда ал ошол ишине жараша гана жазасын алат, ага ашыкча жаза берилбейт. Ал эми эркек болобу же аял болобу, Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтирип, Анын жүзүн каалап жакшылык иш кылса, анда ушундай асыл сыпаттарга ээ болгон адамдар кыямат күнү бейишке киришет. Ал жайда Аллах аларга Өзү даярдап койгон мөмө-жемиштерден жана түгөнбөгөн түбөлүк жыргалчылыктардан эсепсиз ырыскы кылып берет.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الجدال لإبطال الحق وإحقاق الباطل خصلة ذميمة، وهي من صفات أهل الضلال.
Акыйкатты жокко чыгарып, жалганды чын көрсөтүш үчүн талашып-тартышуу жаман сыпат. Бул адашкандардын сыпаттарынан.

• التكبر مانع من الهداية إلى الحق.
Текеберчилик акыйкатка карай жолдон тосот.

• إخفاق حيل الكفار ومكرهم لإبطال الحق.
Каапырлардын айлакерлигинин жана акыйкатты жок кылууга болгон айла-амалдарынын ишке ашпоосу.

• وجوب الاستعداد للآخرة، وعدم الانشغال عنها بالدنيا.
Акыретке даярдык көрүүнүн жана аны аны таштап, дүйнөгө алагды болбоонун милдеттүүлүгү.

۞ وَيَٰقَوۡمِ مَا لِيٓ أَدۡعُوكُمۡ إِلَى ٱلنَّجَوٰةِ وَتَدۡعُونَنِيٓ إِلَى ٱلنَّارِ
Оо, элим! Мен силерди бул дүйнөдө жана акыретте Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып кыйроодон аман калууга чыкырып жатсам, анда эмнеге силер мени Аллахка каапырлык кылууга, Ага баш ийбестикке үндөп тозокко кирүүгө чакырып жатасыңар?!
تفسیرهای عربی:
تَدۡعُونَنِي لِأَكۡفُرَ بِٱللَّهِ وَأُشۡرِكَ بِهِۦ مَا لَيۡسَ لِي بِهِۦ عِلۡمٞ وَأَنَا۠ أَدۡعُوكُمۡ إِلَى ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡغَفَّٰرِ
Силер мени Аллахка каапыр болуп, Аны менен катар сыйынууга туура келер-келбестигин билбестен туруп Андан башкага сыйынат деген үмүттө мени жалганыңарга чакырып жатасыңар. А мен болсо силерди жеңилбес Кудуреттүү, пенделерине чексиз Кечиримдүү Аллахка ыйман келтирүүгө чакырып жатам.
تفسیرهای عربی:
لَا جَرَمَ أَنَّمَا تَدۡعُونَنِيٓ إِلَيۡهِ لَيۡسَ لَهُۥ دَعۡوَةٞ فِي ٱلدُّنۡيَا وَلَا فِي ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَنَّ مَرَدَّنَآ إِلَى ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱلۡمُسۡرِفِينَ هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ
Акыйкатта силер мени ыйман келтирүүгө жана моюн сунууга чакырып жаткан кудайыңар бул дүйнөдө жана акыретте бир да жолу дуба кылынууга татыктуу эмес, ал дуба кылгандарга жооп да бере албайт. Жана баарыбыз Аллахтын Өзүнө кайтып барабыз, ал эми каапырлыкта, жана күнөө кылууда чектен чыккандар – мына ошолор кыямат күнү тозокко түшө турган адамдар».
تفسیرهای عربی:
فَسَتَذۡكُرُونَ مَآ أَقُولُ لَكُمۡۚ وَأُفَوِّضُ أَمۡرِيٓ إِلَى ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ بَصِيرُۢ بِٱلۡعِبَادِ
Алар анын насаатын кабылдашкан жок. Ошондо ал айтты: «Менин силерге айткан насаатымды кийин эстейсиңер, кабыл албай койгонуңарга катуу өкүнөсүңөр. Мен бүткүл ишимди Аллахка гана тапшырам. Чындыгында пенделердин кылган иштеринин эч бири Аллахка жашыруун эмес».
تفسیرهای عربی:
فَوَقَىٰهُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِ مَا مَكَرُواْۖ وَحَاقَ بِـَٔالِ فِرۡعَوۡنَ سُوٓءُ ٱلۡعَذَابِ
Алар аны өлтүрөбүз дешкенде Аллах аны алардын айла-амалдарынан сактап калды. Ал эми Фараондун үй-бүлөсүн сууга чөктүрүү азабы ороп алды. Аллах аны жана бардык аскерин бул дүйнөдө сууга чөктүрдү.
تفسیرهای عربی:
ٱلنَّارُ يُعۡرَضُونَ عَلَيۡهَا غُدُوّٗا وَعَشِيّٗاۚ وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ أَدۡخِلُوٓاْ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ أَشَدَّ ٱلۡعَذَابِ
Алар өлгөндөн кийин эртең менен жана кечинде алардын кабырларында тозок оту көргөзүлүп турат. Ал эми кыямат күнү айтылат: «Фараонду ээрчигендерди катуу жана катаал азапка киргизгиле! Анткени алар каапырлык кылышты, жалганга чыгарышты жана Аллахтын жолунан тосушту».
تفسیرهای عربی:
وَإِذۡ يَتَحَآجُّونَ فِي ٱلنَّارِ فَيَقُولُ ٱلضُّعَفَٰٓؤُاْ لِلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا كُنَّا لَكُمۡ تَبَعٗا فَهَلۡ أَنتُم مُّغۡنُونَ عَنَّا نَصِيبٗا مِّنَ ٱلنَّارِ
Оо, пайгамбар! Эстечи, тозокко түшкөндөрдөн болгон ээрчигендер жана ээрчиткендер өз ара талашып-тартышышат. Ошондо ээрчиген алсыздар аларды ээрчиткен текебер жол башчыларына айтышат: «Чындыгында биз дүйнөдө адашууда силерди ээрчигенбиз. Эми силер бизди Аллахтын азабынан бир аз болсо да арылта аласыңарбы?».
تفسیرهای عربی:
قَالَ ٱلَّذِينَ ٱسۡتَكۡبَرُوٓاْ إِنَّا كُلّٞ فِيهَآ إِنَّ ٱللَّهَ قَدۡ حَكَمَ بَيۡنَ ٱلۡعِبَادِ
Ээрчиткен тебекер жол башчылары айтышты: «Чындыгында ээрчиткендерибиз да, ээрчигендерибиз да тозоктобуз. Арабыздан эч ким башканын азабын көтөрбөйт. Чындыгында Аллах пенделеринин ортосунда өкүм кылып, алардын ар бирине тытыктуу болгон азапты берди».
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ ٱلَّذِينَ فِي ٱلنَّارِ لِخَزَنَةِ جَهَنَّمَ ٱدۡعُواْ رَبَّكُمۡ يُخَفِّفۡ عَنَّا يَوۡمٗا مِّنَ ٱلۡعَذَابِ
Тозокто азапталып жаткандардын арасынан ээрчигендери да, ээрчиткендери да тозоктон чыгуудан жана дүйнө жашоосуна кайтып тообо кылуудан үмүт үзүшкөндө тозоктун сакчы периштелерине айтышты: «Раббиңерден биздеги түбөлүк азапты бир күнгө болсо да жеңилдетсин деп жалбарып сурагылачы».
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• أهمية التوكل على الله.
Аллахка тобокел кылуунун маанилүүлүгү.

• نجاة الداعي إلى الحق من مكر أعدائه.
Акыйкатка даават кылуучунун душмандардын айла-амалдарынан куткарылуусу.

• ثبوت عذاب البرزخ.
Кабыр азабынын аныктыгы.

• تعلّق الكافرين بأي سبب يريحهم من النار ولو لمدة محدودة، وهذا لن يحصل أبدًا.
Каапырлардын тозоктон бир аз убакыт болсо да эс алдыруучу себептерди издөөсү, бирок мындай эч качан болбойт.

قَالُوٓاْ أَوَلَمۡ تَكُ تَأۡتِيكُمۡ رُسُلُكُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ قَالُواْ بَلَىٰۚ قَالُواْ فَٱدۡعُواْۗ وَمَا دُعَٰٓؤُاْ ٱلۡكَٰفِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَٰلٍ
Тозок сакчылары каапырларга: «Силерге пайгамбарларыңар ачык-айкын далилдер менен келген жок беле?» – деп сурашканда каапырлар айтышты: «Ооба, алар бизге ачык-айкын далилдер менен келишкен». Сакчылар аларды шылдыңдап: «Анда өзүңөр жалбаргыла! Биз каапырларга ортомчу боло албайбыз. Каапырлардын жалынып-жалбаргандары алардын каапырлыгы себептүү кабыл кылынбастан текке кетет» – деп айтышты.
تفسیرهای عربی:
إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَيَوۡمَ يَقُومُ ٱلۡأَشۡهَٰدُ
Чындыгында Биз пайгамбарларды жана бул дүйнөдө Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтиргендерди далилдерин үстөм кылып, аларды душмандарына каршы колдоп жардам беребиз. Ошондой эле аларга колдоо көргөзүп, аларды бейишке киргизебиз, душмандарын бул дүйнөдө жазалайбыз жана акыретте аларга пайгамбарларды, периштелерди жана ыймандууларды дааваттын жеткенине жана алардын жалганга чыгаргандарына күбө кылып тозокко киргизебиз.
تفسیرهای عربی:
يَوۡمَ لَا يَنفَعُ ٱلظَّٰلِمِينَ مَعۡذِرَتُهُمۡۖ وَلَهُمُ ٱللَّعۡنَةُ وَلَهُمۡ سُوٓءُ ٱلدَّارِ
Ал күндө каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарга ал тууралуу шылтоолору пайда бербейт. Алар ал күнү Аллахтын ырайымынан кууп салынат жана акыретте алар үчүн жан кыйнаган азапка туш кылуучу эң жаман жай бар.
تفسیرهای عربی:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡهُدَىٰ وَأَوۡرَثۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ ٱلۡكِتَٰبَ
Биз Мусага Исраил урпактарын акыйкатка багыттаган илимди бердик жана Тооратты муундан-муунга мурас болуп өткөн китеп кылып койдук.
تفسیرهای عربی:
هُدٗى وَذِكۡرَىٰ لِأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Ал акыйкат жолго карай багыт жана туура акыл жүгүрткөндөр үчүн эскертме.
تفسیرهای عربی:
فَٱصۡبِرۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۢبِكَ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ بِٱلۡعَشِيِّ وَٱلۡإِبۡكَٰرِ
Оо, пайгамбар! Элиңдин сени жалганга чыгарганына жана алардын зыяндарына сабыр кыл! Чындыгында Аллахтын сени колдойм жана жеңишке жеткирем деген убадасы шек-күмөнсүз чындык. Ошондой эле күнөөң үчүн кечирим сура жана эртең менен жана кечинде Раббиңе мактоолорду айтып аруула!
تفسیرهای عربی:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ سُلۡطَٰنٍ أَتَىٰهُمۡ إِن فِي صُدُورِهِمۡ إِلَّا كِبۡرٞ مَّا هُم بِبَٰلِغِيهِۚ فَٱسۡتَعِذۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ
Аллахтын аят-белгилерин эч дайын-далилсиз эле жокко чыгарууга аракет кылып талашып-тартышкандардын мындай ишке баруусуна, алардын бой көтөрүүсү жана акыйкатты моюндабаган текеберлиги түртүп жатат. Алар бой көтөрүү менен көздөгөнүнө жете албайт. О, пайгамбар! Аллахтан коргоо сурагын! Чынында, Ал пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Көрүүчү. Амалдардын эч бири Ага билинбей калбайт, жана ошол амалына жараша аларга сыйын же жазасын берет.
تفسیرهای عربی:
لَخَلۡقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ أَكۡبَرُ مِنۡ خَلۡقِ ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Акыйкатта эбегейсиз чоң жана кең болгон асмандар менен жерди жаратуу – адамдарды жараткандан да улуу нерсе. Ал экөөсүнүн улуулугуна карабастан аларды жараткан Аллах – өлүктөрдү да кабырларынан сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү. Бирок адамдардын көпчүлүгү билишпейт, сабак алышпайт жана муну айкындыгына карабастан кайра тирилүүгө далил кылышпайт.
تفسیرهای عربی:
وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡأَعۡمَىٰ وَٱلۡبَصِيرُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَلَا ٱلۡمُسِيٓءُۚ قَلِيلٗا مَّا تَتَذَكَّرُونَ
Көзү көргөн адам менен көрбөгөн адам тең эмес. Ошондой эле Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарлардын чынчылдыгын тастыктап, жакшылык иштерди кылгандар менен бузуку ишеним жана күнөөлөр себептүү жамандык иштерди кылгандар тең эмес. Силер өтө аз гана үлгү аласыңар. Эгер силер үлгү алганыңарда, анда бул эки топтун айырмасын билмексиңер, Аллахтын ыраазылыгын көздөп ыйман келтиргендерден жана жакшылык иштерди кылгандардан болууга жанталашмаксыңар.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• نصر الله لرسله وللمؤمنين سُنَّة إلهية ثابتة.
Аллахтын пайгамбарларына жана ыймандууларга жардам берүүсү – Аллахтын түзүп койгон анык жолу.

• اعتذار الظالم يوم القيامة لا ينفعه.
Кыяматта залымдын шылтоосу ага пайда бербейт.

• أهمية الصبر في مواجهة الباطل.
Жалганга туруштук берүүдө сабырдуулуктун маанилүүлүгү.

• دلالة خلق السماوات والأرض على البعث؛ لأن من خلق ما هو عظيم قادر على إعادة الحياة إلى ما دونه.
Асмандар менен жердин жаралуусу кайра тирилүүгө далил болот. Анткени ушундай улуу нерселерди жараткан Аллах – алардан төмөн нерсени кайра жашоого алып келүүгө кудурети жетет.

إِنَّ ٱلسَّاعَةَ لَأٓتِيَةٞ لَّا رَيۡبَ فِيهَا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يُؤۡمِنُونَ
Чындыгында Аллах сурак жана жаза-сыйлык үчүн өлүктөрдү кайра тирилткен Саат сөзсүз келет. Бирок көпчүлүк адамдар анын келишине ишенишпейт. Ошондуктан ага даярдык көрүшпөйт.
تفسیرهای عربی:
وَقَالَ رَبُّكُمُ ٱدۡعُونِيٓ أَسۡتَجِبۡ لَكُمۡۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَسۡتَكۡبِرُونَ عَنۡ عِبَادَتِي سَيَدۡخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ
Эй, адамдар! Раббиңер айтты: «Жалгыз Мага сыйынгыла жана Менден сурагыла, Мен силердин дубаңарга жооп берем, силерди кечирем жана ырайым кылам. Чындыгында Мага гана сыйынбастан текеберлик кылгандар кыяматта кор болгон абалда тозокко киришет».
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِتَسۡكُنُواْ فِيهِ وَٱلنَّهَارَ مُبۡصِرًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلنَّاسِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَشۡكُرُونَ
Аллах силер эс алууңар үчүн түндү караңгы кылып койду жана тиричилик кылууңар үчүн күндүздү жарык кылып койду. Чындыгында Аллах адамдарга жалпы жана жеке жакшылыктарды берген улуу артыкчылык Ээси. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллахтын аларга берген жакшылыктарына шүгүр кылышпайт.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖ لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ
Силерге жакшылыктарды берген ушул Аллах – Ал бүткүл нерселердин Жаратуучусу, Андан башка Жаратуучу жок, Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. Анан кандайча силер Аллахка сыйынбастан туруп, кайдагы бир пайда да, зыян да бере албаган башка нерселерге сыйынып жатасыңар?!
تفسیرهای عربی:
كَذَٰلِكَ يُؤۡفَكُ ٱلَّذِينَ كَانُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ يَجۡحَدُونَ
Ал аларды Аллахка ыйман келтирип, жалгыз Ага сыйынуудан бурганы сымал, Аллахтын жалгыздыгын билдирген аят-белгилерди четке каккандарды да бардык жерде, бардык учурда андан буруп коёт, аларды акыйкатка багыттабайт жана тууралыкка ийгилик бербейт.
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ قَرَارٗا وَٱلسَّمَآءَ بِنَآءٗ وَصَوَّرَكُمۡ فَأَحۡسَنَ صُوَرَكُمۡ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡۖ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Оо, адамдар! Аллах силерге жерди жайланышууга ыңгайлуу жай кылып койду жана үстүңөрдөгү асманды урап кетпей тургандай бекем кылып куруп койду. Ошондой эле силерди энеңердин курсагында эң сонун келбетте жаратты. Силерге тамак-аштын адалын жана тазасын ырыскы кылды. Силерге ушундай жакшылыктарды берген – Раббиңер Аллах. Бүткүл макулуктардын Раббиси Аллах ыйык болду. Алардын Андан башка Раббиси жок.
تفسیرهای عربی:
هُوَ ٱلۡحَيُّ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ فَٱدۡعُوهُ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَۗ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Ал түбөлүк Тирүү, эч качан өлбөйт. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Андыктан Анын гана Жүзүн каалап, Ага сыйынып жана сурап дуба кылгыла! Ага макулуктарды теңеп ширк кылбагыла! Макулуктардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!
تفسیرهای عربی:
۞ قُلۡ إِنِّي نُهِيتُ أَنۡ أَعۡبُدَ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَمَّا جَآءَنِيَ ٱلۡبَيِّنَٰتُ مِن رَّبِّي وَأُمِرۡتُ أَنۡ أُسۡلِمَ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Мага кудайларыңарга сыйынуунун жалган экендигине ачык-айкын далилдер келген кезде Аллах мени силер Аны менен катар сыйынган, пайда да зыян да бере албаган айкелдериңерге сыйынуумду тыйды жана жалгыз Ага гана сыйынып моюн сунуумду буйруду. Ал бүткүл макулуктардын Раббиси, алардын Андан башка Раббиси жок.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• دخول الدعاء في مفهوم العبادة التي لا تصرف إلا إلى الله؛ لأن الدعاء هو عين العبادة.
Дуба кылуу Аллахка гана арналган ибадат түшүнүгүнө кирет. Анткени дуба кылуу – ибадат кылуунун эле өзү болуп эсептелет.

• نعم الله تقتضي من العباد الشكر.
Аллахтын пенделерге берген жакшылыктары үчүн шүгүр кылуунун милдеттиги.

• ثبوت صفة الحياة لله.
Аллахтын тирүүлүк сыпатына ээ экендигин тастыктоо.

• أهمية الإخلاص في العمل.
Ар бир ишти чын ыкластан кылуунун маанилүүлүгү.

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَةٖ ثُمَّ يُخۡرِجُكُمۡ طِفۡلٗا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوٓاْ أَشُدَّكُمۡ ثُمَّ لِتَكُونُواْ شُيُوخٗاۚ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ مِن قَبۡلُۖ وَلِتَبۡلُغُوٓاْ أَجَلٗا مُّسَمّٗى وَلَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ
Ал силердин түпкү атаңар Адамды топурактан жаратты. Андан кийин силерди бел суудан, андан соң уюган кандан жаратып, кийин силерди кичинекей ымыркай кылып энеңердин курсагынан чыгарды. Андан соң денеңер күчкө толгон куракка жеттиңер, кийин чоңоюп отуруп карылык куракка келдиңер, араңардан кээ бирлер ага жетпей өлгөндөр болот. Ошондой эле Аллахтын илиминде белгилүү мөөнөткө чейин жеттиңер, андан кемиген да жок, ага кошулган да жок. Балким силер Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген ушул далилдерден пайда аларсыңар.
تفسیرهای عربی:
هُوَ ٱلَّذِي يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ فَإِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ
Тирилтүү да, өлтүрүү да Анын гана колунда. Эгерде Ал бир ишке өкүм кылса, анда ал ишке «бол!» деп гана айтат, ал ошол замат ишке ашат.
تفسیرهای عربی:
أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ أَنَّىٰ يُصۡرَفُونَ
Оо, пайгамбар! Аллахтын аят-белгилеринин ачык-айкындыгына карабастан аларды жалган деп талашып-тартышкандарды карабайсыңбы?! Алардын ачык келген акыйкаттан жүз бурган абалдарына таң каласың!
تفسیرهای عربی:
ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِٱلۡكِتَٰبِ وَبِمَآ أَرۡسَلۡنَا بِهِۦ رُسُلَنَاۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ
Алар Куранды жана пайгамбарларыбызга жиберген акыйкатты жалганга чыгарышты. Жакында ал жалганчылар жалгандын акыбети кандай болорун билишет, анын арты жаман экенин көрүшөт.
تفسیرهای عربی:
إِذِ ٱلۡأَغۡلَٰلُ فِيٓ أَعۡنَٰقِهِمۡ وَٱلسَّلَٰسِلُ يُسۡحَبُونَ
Алар анын акыбетин моюндары кишенделгенде, буттары чынжырланганда жана азап периштелери сүйрөгөндө билишет.
تفسیرهای عربی:
فِي ٱلۡحَمِيمِ ثُمَّ فِي ٱلنَّارِ يُسۡجَرُونَ
Аларды буркулдап кайнаган ысык сууга сүйрөшөт. Кийин тозокто күйүшөт.
تفسیرهای عربی:
ثُمَّ قِيلَ لَهُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡ تُشۡرِكُونَ
Кийин аларга жеме катары мындай деп айтылат: «Силер шерик кылып сыйынган жалган кудайларыңар кайда?
تفسیرهای عربی:
مِن دُونِ ٱللَّهِۖ قَالُواْ ضَلُّواْ عَنَّا بَل لَّمۡ نَكُن نَّدۡعُواْ مِن قَبۡلُ شَيۡـٔٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Пайда да, зыян да бере албаган Аллахтан башка айкелдериңер?». Каапырлар айтышты: «Алар бизге көрүнбөй жок болуп кетишти. Биз дүйнөдө сыйынууга татыктуу деп эч кимге сыйынган эмеспиз». Аллах ошолорду адаштырганы сыяктуу каапырларды да бардык жерде жана заманда акыйкаттан адаштырат.
تفسیرهای عربی:
ذَٰلِكُم بِمَا كُنتُمۡ تَفۡرَحُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَبِمَا كُنتُمۡ تَمۡرَحُونَ
Аларга айтылат: «Силер тарткан бул азап – ширк кылганыңар жана ашыкча кутуруп сүйүнүчкө батканыңар себептүү берилди.
تفسیرهای عربی:
ٱدۡخُلُوٓاْ أَبۡوَٰبَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ فَبِئۡسَ مَثۡوَى ٱلۡمُتَكَبِّرِينَ
Силер түбөлүк кала турган тозоктун эшиктеринен киргиле! Акыйкатка текеберлик кылгандардын жайы кандай жаман!».
تفسیرهای عربی:
فَٱصۡبِرۡ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۚ فَإِمَّا نُرِيَنَّكَ بَعۡضَ ٱلَّذِي نَعِدُهُمۡ أَوۡ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِلَيۡنَا يُرۡجَعُونَ
Оо, пайгамбар! Элиңдин сага көргөзгөн запкысына жана жалгандарына сабыр кыл! Чындыгында Аллахтын сага убада кылган жеңиши шексиз чындык. Биз сага Бадр күнүндөгүдөй аларга убадаланган азаптын кээ бирлерин тирүүңдө көргөзөбүз же ага чейин эле жаныңды алабыз. Силер кыяматта Бизге гана кайтып келесиңер, ошондо Биз алардын иш-аракеттеринин жазасын берип, аларды түбөлүк тозокко киргизебиз.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• التدرج في الخلق سُنَّة إلهية يتعلم منها الناس التدرج في حياتهم.
Жаратуунун баскыч-баскыч аркылуу болуусу – Аллахтын белгилеген жолу. Адамдар мындан жашоодогу нерселер да акырындык менен болорун үйрөнүшөт.

• قبح الفرح بالباطل.
Жалганга кубануунун жийиркеничтүүлүгү.

• أهمية الصبر في حياة الناس، وبخاصة الدعاة منهم.
Адамдардын жашоосунда сабырдуулуктун маанилүүлүгү, айрыкча даават кылгандар үчүн.

وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلٗا مِّن قَبۡلِكَ مِنۡهُم مَّن قَصَصۡنَا عَلَيۡكَ وَمِنۡهُم مَّن لَّمۡ نَقۡصُصۡ عَلَيۡكَۗ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَن يَأۡتِيَ بِـَٔايَةٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ فَإِذَا جَآءَ أَمۡرُ ٱللَّهِ قُضِيَ بِٱلۡحَقِّ وَخَسِرَ هُنَالِكَ ٱلۡمُبۡطِلُونَ
О, пайгамбар! Биз сага чейин көптөгөн пайгамбарларды өзүнүн үммөттөрүнө жибергенбиз. Алар пайгамбарларды жалганга чыгарып, ыза беришти, бирок алардын кылыгына, запкыларына пайгамбарлар сабыр кылышты. Ошол пайгамбарлардын кээ бирлери тууралуу сага айтып бердик, кээ бирлерин айткан жокпуз. Эч бир пайгамбар Раббиси кааламайынча өз элине керемет-мөөжүза көрсөтө албайт. Каапырлардын өз коомдоруна керемет-мөжиза алып келсин деген талабы - зулумдук. Эгерде Аллах тараптан пайгамбарлар менен коомдорунун ортосун ажыратуу же жеңиш берүү тууралуу буйрук келсе, анда Ал алардын ортосун адилеттик менен ажыратып, каапырларды жок кылат жана пайгамбарларды сактап калат. Пенделердин ортосу ажыратылган ошол убакта жалганчылар каапырлыгынын айынан өздөрүн кыйроого туш кылышат.
تفسیرهای عربی:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَنۡعَٰمَ لِتَرۡكَبُواْ مِنۡهَا وَمِنۡهَا تَأۡكُلُونَ
Аллах силер үчүн төөлөрдү, уйларды жана койлорду жаратты, алардын кээ бирлерин минесиңер, кээ бирлеринин этин жейсиңер.
تفسیرهای عربی:
وَلَكُمۡ فِيهَا مَنَٰفِعُ وَلِتَبۡلُغُواْ عَلَيۡهَا حَاجَةٗ فِي صُدُورِكُمۡ وَعَلَيۡهَا وَعَلَى ٱلۡفُلۡكِ تُحۡمَلُونَ
Бул жандыктарда силер үчүн ар бир заманда жаңырып турган түрдүү пайдалар бар. Силер алар аркылуу өзүңөрдөгү каалаган муктаждыктарга жетесиңер. Алардын эң белгилүүсү — деңизде жана кургактыкта минип жүрөсүңөр.
تفسیرهای عربی:
وَيُرِيكُمۡ ءَايَٰتِهِۦ فَأَيَّ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ تُنكِرُونَ
Аллах силерге Анын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерди көргөзөт. Силер Аллахтын аят-белгиси экенине ынангандан кийин алардын кайсы бирин мойнуңарга албай коёсуңар?
تفسیرهای عربی:
أَفَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَانُوٓاْ أَكۡثَرَ مِنۡهُمۡ وَأَشَدَّ قُوَّةٗ وَءَاثَارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ فَمَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Ал жалганчылар жер бетин кезишпейби, алардан мурунку жалганчы коомдордун арты кандай бүткөнүнө ой жүгүртүп, алардан сабак алышпайбы?! Ал коомдор булардан да бай, күч-кубаттуу болушкан, жер бетинде алардан көп тарыхый эстеликтерди калган. Аларга Аллахтын кыйратуучу азабы келгенде күч-кубаттуулугу аларга эч пайда берген жок.
تفسیرهای عربی:
فَلَمَّا جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَرِحُواْ بِمَا عِندَهُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Качан аларга пайгамбарлары ачык-айкын далилдер менен келишкенде аларды жалганга чыгарышты жана пайгамбарлар алып келгенге каршы келген өздөрүндөгү илимди гана карманууга ыраазы болушту. Аларды пайгамбарлары коркутканда маскаралап күлүшкөн азап алардын башына түштү.
تفسیرهای عربی:
فَلَمَّا رَأَوۡاْ بَأۡسَنَا قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَحۡدَهُۥ وَكَفَرۡنَا بِمَا كُنَّا بِهِۦ مُشۡرِكِينَ
Качан алар азабыбызды көргөндө эч кандай ишеним пайда бербеген учурда моюндарына алып: «Биз жалгыз Аллахка ыйман келтирдик жана Андан башка сыйынган шериктертерге жана айкелдерге каапырлык кылдык» – деп айтышат.
تفسیرهای عربی:
فَلَمۡ يَكُ يَنفَعُهُمۡ إِيمَٰنُهُمۡ لَمَّا رَأَوۡاْ بَأۡسَنَاۖ سُنَّتَ ٱللَّهِ ٱلَّتِي قَدۡ خَلَتۡ فِي عِبَادِهِۦۖ وَخَسِرَ هُنَالِكَ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Бирок алар Биздин азабыбызды өз көзү менен көргөндө ыйман келтиргендери эч пайда бербейт. Алар азапты көргөн кезде ыймандары пайда бербейт деген – Аллахтын пенделерине жүргөн өкүм жолу. Каапырлар Аллахка каапырлык кылышканы себептүү жана азапты көргөнгө чейин тообо кылышпаганы себептүү азап түшкөн кезде өздөрүн кыйроого учуратышты.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• لله رسل غير الذين ذكرهم الله في القرآن الكريم نؤمن بهم إجمالًا.
Аллахтын Куранда айтылгандан башка дагы пайгамбарлары бар, биз жалпы жолунан аларга да ыйман келтиребиз.

• من نعم الله تبيينه الآيات الدالة على توحيده.
Аллахтын жалгыздыгына далил болгон аят-белгилерин баяндоосу – Анын жакшылыктарынан болуп эсептелет.

• خطر الفرح بالباطل وسوء عاقبته على صاحبه.
Жалганга кубануунун коркунучу жана аны кылган адамдын акыбетин жаман болушу.

• بطلان الإيمان عند معاينة العذاب المهلك.
Кыйратуучу азапты көргөндө ыйман келтирүү пайда бербейт.

 
ترجمهٔ معانی سوره: سوره غافر
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن