ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (101) سوره: سوره مائده
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَسۡـَٔلُواْ عَنۡ أَشۡيَآءَ إِن تُبۡدَ لَكُمۡ تَسُؤۡكُمۡ وَإِن تَسۡـَٔلُواْ عَنۡهَا حِينَ يُنَزَّلُ ٱلۡقُرۡءَانُ تُبۡدَ لَكُمۡ عَفَا ٱللَّهُ عَنۡهَاۗ وَٱللَّهُ غَفُورٌ حَلِيمٞ
Оо, ыймандуулар, элчиңерден силерге керексиз, дин иштериңерде зарыл болбогон суроолорду сурай бербегиле, эгер сурооңорго жооп берилсе, андан өзүңөргө кыйынчылык жаратып аласыңар. Суроого тыюу салынган мындай суроолорду пайгамбарга Куран аян-кабар болуп түшүп жатканда сурасаңар, силерге анын жообун маалым кылат, бул Аллах Таалага жеңил. Бирок, Куранда айтылбаган нерселерди Аллах кечирет, аны кайра сурай бербегиле, эгер сурай берсеңер анын өкүмүн аткаруу моюнуңарга жүктөлөт. Аллах тобо кылган пенделеринин күнөөсүн Кечирүүчү, аларды азаптоого пейили Жумшак.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الأصل في شعائر الله تعالى أنها جاءت لتحقيق مصالح العباد الدنيوية والأخروية، ودفع المضار عنهم.
Аллахтын шарияты негизи пенделердин дүйнөлүк жана акыреттик пайдаларын көздөп, аларды зыяндуу нерседен сактоо үчүн келген

• عدم الإعجاب بالكثرة، فإنّ كثرة الشيء ليست دليلًا على حِلِّه أو طِيبه، وإنما الدليل يكمن في الحكم الشرعي.
Көптүккө маани берүүгө болбойт, кайсы бир нерсенин көптүгү анын адалдыгына же тазалыгына далил эмес, далил шарият өкүмүндө болот

• من أدب المُسْتفتي: تقييد السؤال بحدود معينة، فلا يسوغ السؤال عما لا حاجة للمرء ولا غرض له فيه.
Суроочунун адеби: суроо белгилүү чектен ашпоого тийиш, адамга эч зарылдыгы жок, максатсыз суроолор сиңимдүү болбойт

• ذم مسالك المشركين فيما اخترعوه وزعموه من محرمات الأنعام ك: البَحِيرة، والسائبة، والوصِيلة، والحامي.
Бахийра, сааиба, васийла жана хаамий сыяктуу малдарды арам деп эсептешкен бутпарастардын жолу туура эмес, жаман жол

 
ترجمهٔ معانی آیه: (101) سوره: سوره مائده
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن