ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (110) سوره: سوره مائده
إِذۡ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَى ٱبۡنَ مَرۡيَمَ ٱذۡكُرۡ نِعۡمَتِي عَلَيۡكَ وَعَلَىٰ وَٰلِدَتِكَ إِذۡ أَيَّدتُّكَ بِرُوحِ ٱلۡقُدُسِ تُكَلِّمُ ٱلنَّاسَ فِي ٱلۡمَهۡدِ وَكَهۡلٗاۖ وَإِذۡ عَلَّمۡتُكَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَۖ وَإِذۡ تَخۡلُقُ مِنَ ٱلطِّينِ كَهَيۡـَٔةِ ٱلطَّيۡرِ بِإِذۡنِي فَتَنفُخُ فِيهَا فَتَكُونُ طَيۡرَۢا بِإِذۡنِيۖ وَتُبۡرِئُ ٱلۡأَكۡمَهَ وَٱلۡأَبۡرَصَ بِإِذۡنِيۖ وَإِذۡ تُخۡرِجُ ٱلۡمَوۡتَىٰ بِإِذۡنِيۖ وَإِذۡ كَفَفۡتُ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ عَنكَ إِذۡ جِئۡتَهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡهُمۡ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
Эстегин, Аллах Таала Иса пайгамбарга кайрылып: Эй, Марямдын уулу Иса, мен сени атасыз жараткан жакшылыгымды эстегин, энеңди заманындагы аялдардын арасынан тандап чыгарган жакшылыгымды эстегин, сени Жебирейил периштенин жардамы менен кубаттандырганымда бешиктеги убагыңда адамдарды даават кылганыңды, чоң киши болгонуңда аларга менин динимди жеткиргениңди, сага жазууну, Мусага түшүрүлгөн Тооротту, өзүңө түшүрүлгөн Инжилди үйрөткөнүмдү жана шарияттын жашыруун жактарын, пайдаларын, сырларын үйрөткөн жакшылыгымды эстегин. Сен ылайдан куштун келбетин жасап, анан үйлөгөнүңдө ал тирүү кушка айланган, көзү сокур туулган адамдын көрүү касиетин кайтаргансың, ала оорусун айыктырганыңда анын териси таптаза болгон, тирилтүүсүн Аллахка дуба кылып өлүктөрдү тирилткенсиң, ушунун баары Менин уруксатым менен болгон. Сен аларга ачык-айкын мужиза-кереметтерди көрсөткөнүңдө сени өлтүрмөкчү болгон Исраил урпактарынан сактаган жакшылыгымды эстегин. Алардын баары каапыр болуп сага ишенбей, Исанын көрсөткөндөрү анык сыйкыр дешкен болчу.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• إثبات جمع الله للخلق يوم القيامة جليلهم وحقيرهم.
Кыямат күнү Аллах Таала бардык пенделерин, кадырлуусун да кадыры жогун да чогултат

• إثبات بشرية المسيح عليه السلام وإثبات آياته الحسية من إحياء الموتى وإبراء الأكمه والأبرص التي أجراها الله على يديه.
Иса пайгамбардын инсан экендиги, ошону менен катар өлүктү тирилтүү, сокурду, ала оорулууну айыктыруу сыяктуу Аллах Таала берген мөжиза-белгилери бар экени чындык.

• بيان أن آيات الأنبياء تهدف لتثبيت الأتباع وإفحام المخالفين، وأنها ليست من تلقاء أنفسهم، بل تأتي بإذن الله تعالى.
Пайгамбарлардын (таң калыштуу) аят-белгилери ишенгендердин ишенимин бекемдөө жана каршы болгондорду аргасыз калтыруу үчүн берилген, мындай иштерди өздөрү кыла албайт, Аллах Тааланын уруксаты менен кылышат

 
ترجمهٔ معانی آیه: (110) سوره: سوره مائده
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن