ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (18) سوره: سوره مائده
وَقَالَتِ ٱلۡيَهُودُ وَٱلنَّصَٰرَىٰ نَحۡنُ أَبۡنَٰٓؤُاْ ٱللَّهِ وَأَحِبَّٰٓؤُهُۥۚ قُلۡ فَلِمَ يُعَذِّبُكُم بِذُنُوبِكُمۖ بَلۡ أَنتُم بَشَرٞ مِّمَّنۡ خَلَقَۚ يَغۡفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُۚ وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَاۖ وَإِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ
Бардык яхудилер жана христиандар өздөрүн Аллахтын баласыбыз, Аллахтын жакшы көргөн сүйүктүүлөрүбүз дешет. Эй, элчи, алардын айтканын жокко чыгарып аларга айт: Анда эмнеге силерди Аллах Таала кылган күнөөңөр үчүн азаптайт?! Эгер чындап эле өзүңөр айткандай, Аллахтын сүйүктүүлөрү болсоңор, эмнеге силерди бул дүйнөдө өлтүрүү, бузуу менен, а акыретте тозокко салуу менен азаптайт; себеби Аллах Таала жакшы көргөндөрүн азаптабайт. А силер болсо, башка адамдар сыяктуу эле адамсыңар, булардан ким жакшы болсо, бейиш менен сыйлайт, ким жаман болсо, тозок менен жазалайт. Артыкчылыгы менен кимди кааласа кечирет, адилдиги менен кимди кааласа азаптайт. Асман жердеги жана алардын ортосундагы мүлк падышалык Аллахка таандык, кайра кайтуу Жалгыз Аллахка.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• تعذيب الله تعالى لكفرة بني إسرائيل بالمسخ وغيره يوجب إبطال دعواهم في كونهم أبناء الله وأحباءه.
Аллах Таала Исраил урпактарын каапырлыгы себептүү бузуп, кыйратып азаптоосу, алардын Аллахтын баласыбыз, сүйүктүүсүбүз деген чакырыктары жалган экенин айгинелейт

• التوكل على الله تعالى والثقة به سبب لاستنزال النصر.
Аллахка тобокел кылуу, Ага ишенүү, жеңиш, жардамдын түшүүсүнө себеп болот

• جاءت الآيات لتحذر من الأخلاق الرديئة التي كانت عند بني إسرائيل.
Исраил урпактарында болгон жаман ахлактардан сактануу зарылдыгын эскерткен аяттар түшкөн

• الخوف من الله سبب لنزول النعم على العبد، ومن أعظمها نعمة طاعته سبحانه.
Аллахтан коркуу пендеге түрдүү жакшылыктардын берилүүсүнө себеп болот, жакшылыктардын эң үлкөнү - Аллахтын Өзүнө баш ийдирип койгону

 
ترجمهٔ معانی آیه: (18) سوره: سوره مائده
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن