ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی آیه: (95) سوره: سوره مائده
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقۡتُلُواْ ٱلصَّيۡدَ وَأَنتُمۡ حُرُمٞۚ وَمَن قَتَلَهُۥ مِنكُم مُّتَعَمِّدٗا فَجَزَآءٞ مِّثۡلُ مَا قَتَلَ مِنَ ٱلنَّعَمِ يَحۡكُمُ بِهِۦ ذَوَا عَدۡلٖ مِّنكُمۡ هَدۡيَۢا بَٰلِغَ ٱلۡكَعۡبَةِ أَوۡ كَفَّٰرَةٞ طَعَامُ مَسَٰكِينَ أَوۡ عَدۡلُ ذَٰلِكَ صِيَامٗا لِّيَذُوقَ وَبَالَ أَمۡرِهِۦۗ عَفَا ٱللَّهُ عَمَّا سَلَفَۚ وَمَنۡ عَادَ فَيَنتَقِمُ ٱللَّهُ مِنۡهُۚ وَٱللَّهُ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٍ
Оо, ыймандуулар, ажы же умрада ихрамда турганыңарда кургактыктагы жан-жаныбарларды өлтүрбөгүлө. Ким аларды атайлап өлтүрсө, анын жазасы өлтүргөнүнө ылайык төө, уй же кой-эчки төлөйт. Буга мусулмандардан эки адилеттүү киши өкүм чыгарат. Экөө өкүм кылган нерсе, Меккеге жеткирилип, харамда мууздула турган белек жандыктар сыяктуу кылынат. Же болбосо, ошол малдын баасындай акча төлөнүп, кедейлер тамактандырылат, ар бир кедейге жарым сааь өлчөмдө тамак берилет. Же болбосо, ар бир жарым сааь тамак үчүн бир күндөн орозо кармайт. Мунун баары аңды өлтүргөн адам кылган кылыгынын акыбет азабын татып көрүүсү үчүн. Тыюу салынганга чейин харамдын жан-жаныбарын өлтүргөн жана харамда туруп кургактыктагы жан-жаныбарларга аңчылык кылган адамдарды Аллах Таала кечирди. Ал эми тыюу салынгандан кийин дагы бул ишке кол созгон адамды Аллах Таала азаптап өч алат, Аллах Күчтүү, бекем. Анын күчтүүлүгүнүн бир белгиси - кааласа, күнөө кылган адамдан өч алат, Аны эч ким токтото албайт.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• عدم مؤاخذة الشخص بما لم يُحَرَّم أو لم يبلغه تحريمه.
Арам ишти, арам болуп тыюу салына электе аткарган адам же тыюу салынганга чейин өтүп кеткен адам күнөөкөр болбойт.

• تحريم الصيد على المحرم بالحج أو العمرة، وبيان كفارة قتله.
Ажы же умрада харамга кирген кишиге аңчылык кылуу арам экени жана анын жазасы кандай болору баяндалды

• من حكمة الله عز وجل في التحريم: ابتلاء عباده، وتمحيصهم، وفي الكفارة: الردع والزجر.
Аңчылык кылууга тыюу салуудагы Аллахтын сыры - пенделерин сыноо жана аныктоо, ал эми анын жаза төлөмүнүн сыры - жемелөө жана эскертип, токтотуу

 
ترجمهٔ معانی آیه: (95) سوره: سوره مائده
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - لیست ترجمه ها

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بستن