Check out the new design

ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقیزی كتاب مختصر در تفسير قرآن كريم * - لیست ترجمه ها


ترجمهٔ معانی سوره: اعراف   آیه:
وَٱلۡبَلَدُ ٱلطَّيِّبُ يَخۡرُجُ نَبَاتُهُۥ بِإِذۡنِ رَبِّهِۦۖ وَٱلَّذِي خَبُثَ لَا يَخۡرُجُ إِلَّا نَكِدٗاۚ كَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَشۡكُرُونَ
Таза топурактуу жерде, Аллахтын уруксаты менен, өсүмдүк кооз,жетиле өсүп чыгат. Ошол сыяктуу эле ыймандуу адам насаатты угуп, андан пайдаланып, жакшы иштерди аткарат. Ал эми шор каптаган таштак жерге өсүмдүк кыйынчылык менен чыгып, көрксүз болот. Ошол сыяктуу каапыр адам насааттан пайда албайт, ага пайдасын тийгизүүчү жакшы иши да жок. Раббисине баш ийип, Ага каапырлык кылбай, Анын жакшылыктарына шүгүр кылган адамдарга чындыкты бекемдөө үчүн ушундай түрдүү далилдерди көрсөтөбүз.
تفسیرهای عربی:
لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ فَقَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓ إِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٍ عَظِيمٖ
Бир Аллахка ибадат кылып, андан башкасын таштоого үндөө үчүн Нухту коомуна элчи кылдык. Нух коомуна: "Эй, коомум, Аллахка жалгыз Өзүнө сыйынгыла, силерге Андан башка ибадат кылууга татыктуу жок.Эй, коомум, каапырлык кылып жүрүп, кыямат күнү азапка кабылып каласыңар го деп корком.
تفسیرهای عربی:
قَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Коомунун аттуу-баштуулары ага: "Эй, Нух, биз сенин тууралыктан өтө алыстап кеткениңди көрүп турабыз" - дешти.
تفسیرهای عربی:
قَالَ يَٰقَوۡمِ لَيۡسَ بِي ضَلَٰلَةٞ وَلَٰكِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Нух пайгамбар коомунун аттуу-баштууларына: "Мен силер ойлогондой адашуучу эмесмин, мен Раббимдин туура жолундамын. Силерге менин, силердин жана бүт ааламдардын Раббиси Аллах тарабынан жиберилген элчимин" - деди.
تفسیرهای عربی:
أُبَلِّغُكُمۡ رِسَٰلَٰتِ رَبِّي وَأَنصَحُ لَكُمۡ وَأَعۡلَمُ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ
Берилген аян кабар аркылуу Аллах мени жиберген динди силерге жеткиремин. Аллахтын буйруктарын аткаруу аркылуу сооп-сыйга жетүүгө кызыктырып силерге жакшылык каалаймын. Тыюу салынган иштерге берилүү аркылуу азапка дуушар болуп калууңардан эскертемин. Аллахтан Анын аян кабары аркылуу силер билбеген нерсени билип турам.
تفسیرهای عربی:
أَوَعَجِبۡتُمۡ أَن جَآءَكُمۡ ذِكۡرٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَلَىٰ رَجُلٖ مِّنكُمۡ لِيُنذِرَكُمۡ وَلِتَتَّقُواْ وَلَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Раббиңердин аян кабары жана насаат эскертүүсү силердин араңардагы өзүңөргө тааныш адамдын тили аркылуу келгенине таң калууңар күчөдүбү?! Ал силердин араңарда өсүп чоңойгон, өзүңөрдүн жынсыңардан, жалган сүйлөбөгөн, адашкан да эмес. Ал, силер жалган айтып, күнөөкөр болгонуңарда Аллахтын азабын эскертип силерди коркутуу жана Аллахтын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылып такыба болууңар үчүн ошондой эле Ага ыйман келтирип Анын ырайымына ээ болууңарды үмүт кылып келген.
تفسیرهای عربی:
فَكَذَّبُوهُ فَأَنجَيۡنَٰهُ وَٱلَّذِينَ مَعَهُۥ فِي ٱلۡفُلۡكِ وَأَغۡرَقۡنَا ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمًا عَمِينَ
Коому аны жалганга чыгарып, ыйман келтиришпеди, каапырлыктарын уланта беришти. Ошондо аларды кыйратууну суранып Аллахка дуба кылды. Аны жана аны менен бирге ыйман келтирген адамдарды кемеге чыгарып топон суудан сактап калдык. Биздин аяттарыбызды жалган деп, ошол оюнан кайтпаган каапырларды топон сууга чөктүрүп азаптадык. Акыйкатта алардын жүрөгү чындыкты көрбөгөн сокур эле.
تفسیرهای عربی:
۞ وَإِلَىٰ عَادٍ أَخَاهُمۡ هُودٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Аад элине өздөрүнүн арасынан Худду (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбар кылып жибердик. Ал: "Эй, коомум, Аллахтын Өзүнө гана ибадат кылгыла, силерге Андан башка ибадатка татыктуу жок. Анын азабынан аман калууңар үчүн буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып, такыба болбойсуңарбы?!" - деди.
تفسیرهای عربی:
قَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦٓ إِنَّا لَنَرَىٰكَ فِي سَفَاهَةٖ وَإِنَّا لَنَظُنُّكَ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Коомундагы Аллахка каапыр болуп, Анын элчисин жалганга чыгарган аттуу-баштуулары: "Эй, Худ, бизди бут-айкелдерге ибадат кылууну таштап, жалгыз Аллахка ибадат кылууга үндөгөнүңдөн сенин кем акыл, келесоолугуңду билип жатабыз. Өзүңдү пайгамбар деп эсептегениң анык жалганчылык экенине бекем ишенебиз" - дешти.
تفسیرهای عربی:
قَالَ يَٰقَوۡمِ لَيۡسَ بِي سَفَاهَةٞ وَلَٰكِنِّي رَسُولٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Худ коомунун айтканына жооп кылып: "Эй, коомум, мен кем акыл, келесоо эмесмин, мен ааламдардын Раббиси жиберген элчимин" - деди.
تفسیرهای عربی:
از فواید آیات این صفحه:
• الأرض الطيبة مثال للقلوب الطيبة حين ينزل عليها الوحي الذي هو مادة الحياة، وكما أن الغيث مادة الحياة، فإن القلوب الطيبة حين يجيئها الوحي، تقبله وتعلمه وتنبت بحسب طيب أصلها، وحسن عنصرها، والعكس.
Жашоонун негизи болгон аян кабар түшкөндө аны кабыл кылган таза жүрөк, тирүүлүктүн негизи болгон жамгыр жааганда аны кабыл кылган жумшак топурактуу жакшы жерге окшош. Таза жүрөк ага аян кабар айтылганда кабыл кылып, аны үйрөнөт жана анын таза негизи менен тарбияланып өсөт. Ал эми таза эмес жүрөк, мунун тескерисинче болот.

• الأنبياء والمرسلون يشفقون على الخلق أعظم من شفقة آبائهم وأمهاتهم.
Пайгамбарлар жана элчилер адамдарга алардын ата-энелерине караганда көбүрөөк боорукер болушат.

• من سُنَّة الله إرسال كل رسول من قومه وبلسانهم؛ تأليفًا لقلوب الذين لم تفسد فطرتهم، وتيسيرًا على البشر.
Ар бир элге алардын өздөрүнөн, ошолордун тилинде сүйлөгөн адамды элчи кылып жиберүү Аллахтын сүннөт жолу. Адам баласына жеңил болуусу жана таза ишеними бузулбаган жүрөктөргө ыңгайлуу болуусу үчүн ушундай кылат.

• من أعظم السفهاء من قابل الحق بالرد والإنكار، وتكبر عن الانقياد للعلماء والنصحاء، وانقاد قلبه وقالبه لكل شيطان مريد.
Чындыкты кайтарып, четке кагуу, аалымдарга жана насаат айтуучуларга текеберленүү, шайтандын жолун ээрчип, жүрөгу менен ага берилүү кем акылдыктын жеткен чеги.

 
ترجمهٔ معانی سوره: اعراف
فهرست سوره ها شماره صفحه
 
ترجمهٔ معانی قرآن کریم - ترجمه‌ى قرقیزی كتاب مختصر در تفسير قرآن كريم - لیست ترجمه ها

مرکز تفسیر و پژوهش‌های قرآنی آن را منتشر كرده است.

بستن