Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: ઈબ્રાહીમ   આયત:
تُؤۡتِيٓ أُكُلَهَا كُلَّ حِينِۭ بِإِذۡنِ رَبِّهَاۗ وَيَضۡرِبُ ٱللَّهُ ٱلۡأَمۡثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ
Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллах адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет.
અરબી તફસીરો:
وَمَثَلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٖ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ ٱجۡتُثَّتۡ مِن فَوۡقِ ٱلۡأَرۡضِ مَا لَهَا مِن قَرَارٖ
Ыпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош.
અરબી તફસીરો:
يُثَبِّتُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱلۡقَوۡلِ ٱلثَّابِتِ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِۖ وَيُضِلُّ ٱللَّهُ ٱلظَّٰلِمِينَۚ وَيَفۡعَلُ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ
Аллах ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт.[1] Залымдарды болсо, Аллах адаштырат. Аллах каалаган нерсесин жасайт.
[1] Бул аяттагы бекем сөз ыйман келмеси. Дүйнөдө бекем ишеними акыйдасы болгондуктан момундун сөзү да бекем болот. Өлүм сааты келип, тил айланбай турганда Аллах момун адамдарга ыйман келмесин айтып жан таслим кылуусуна жардам берет. Мүрзөгө коюлуп, Акыреттин абалкы бөлүгү мүрзө (барзах) жашоосу башталып, Мункар, Накир периштелери суракка тарткан мезгилде дагы, Аллах ыймандуу адамдардын сөзүн бекем жана туура кылат.
અરબી તફસીરો:
۞ أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ بَدَّلُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ كُفۡرٗا وَأَحَلُّواْ قَوۡمَهُمۡ دَارَ ٱلۡبَوَارِ
(О, инсан!) Аллах берген нээматты (Исламды) каапырчылыкка алмаштырып, эл-журтун өлүм үйүнө
અરબી તફસીરો:
جَهَنَّمَ يَصۡلَوۡنَهَاۖ وَبِئۡسَ ٱلۡقَرَارُ
өздөрү ташталчу тозокко ээрчитип баргандарды көрбөйсүңбү? Ал кандай жаман орун!
અરબી તફસીરો:
وَجَعَلُواْ لِلَّهِ أَندَادٗا لِّيُضِلُّواْ عَن سَبِيلِهِۦۗ قُلۡ تَمَتَّعُواْ فَإِنَّ مَصِيرَكُمۡ إِلَى ٱلنَّارِ
Алар адамдарды Аллахтын жолунан тосуу үчүн Аллахка (башка «кудайларды») теңдеш кылышкан. (О, Мухаммад, аларга) Айткын: «(Адашуучулук жашооңордо бир аз) пайдаланып калгыла. Силердин бараар жериңер - тозок!»
અરબી તફસીરો:
قُل لِّعِبَادِيَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يُقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُنفِقُواْ مِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ سِرّٗا وَعَلَانِيَةٗ مِّن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ يَوۡمٞ لَّا بَيۡعٞ فِيهِ وَلَا خِلَٰلٌ
Менин ыймандуу пенделериме айт, намаздарын окуп, тааныш билиштиги жана соода-келишими жок болгон (Акырет) Күн келгенге чейин, Биз ырыскы кылып берген нерселерден жарыя же жашыруун түрдө садака кылып калышсын!
અરબી તફસીરો:
ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجَ بِهِۦ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ رِزۡقٗا لَّكُمۡۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلۡفُلۡكَ لِتَجۡرِيَ فِي ٱلۡبَحۡرِ بِأَمۡرِهِۦۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلۡأَنۡهَٰرَ
Аллах асмандар менен жерди (алты күндө) жаратып, асмандан сууну түшүрдү. Кийин аны менен силерге ырыскы болсун деп, мөмөлөрдү чыгарды. Жана Өз амири менен деңизде жүрүшүңөр үчүн силерге кемени моюн сундурду. Дарыяларды да силер үчүн кызмат кылдырып койду.
અરબી તફસીરો:
وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ دَآئِبَيۡنِۖ وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ
Ал жана силер үчүн токтоосуз аракеттеги Күн менен Айды, түн менен күндүздү моюн сундурду.
અરબી તફસીરો:
 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: ઈબ્રાહીમ
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તેનું અનુવાદ શમસુદ્ દીન હકીમોફ અબ્દુલ્ ખાલિક દ્વારા કરવામાં આવ્યું, ફરી રવ્વાદ ભાષાંતર કેન્દ્રની દેખરેખ હેઠળ તેની ચકાસણી કરવામાં આવી.

બંધ કરો