«(Оо, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Куранды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга туура жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн».
«(Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Куранды) түшүрдү.[1] Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!»
[1] Байыркы пайгамбарларга түшкөн китептер деле Аллах таала тарабынан болгондуктан, Куран алардын кабарын тастыктайт. Бирок, мурунку китептерге адамдардын жалган сөздөрү да аралашып кеткен. Ал китептердеги кайсы сөз чындык (Аллахтан) жана кайсынысы жалган (адамдар кошкон) экенин Куран китеби ажыратып берет. Ошондуктан Курандын бир ысымы «Фуркан» (“Ажыратуучу”) Демек, адамдардын кол астында бир гана акыйкат китеп - Куран калган. Анын ичиндегинин бардыгы - Аллахтын аяттары.
Ал силерди (энеңердин) жатындар(ын)да Өзү каалаган кейипке киргизет. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар. (Ал) Кудуреттүү, Даанышман.
(О, Мухаммад!) Ал сага (теңдешсиз) Китеп (Куран) түшүргөн Зат. Анын (Курандын) ичинен Китептин энеси (маңызы сыяктуу) болгон мухкам - анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми, жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал (муташабих) аяттын (толук) түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким (анык) билбейт. (Ошондуктан) терең илимдүү адамдар: "Биз ага (Куранга) ыйман келтиргенбиз. Анын (аяттарынын) бардыгы (мухкамы дагы, муташабихи дагы) Раббибибиздин алдынан (келген акыйкат)" дешет. Акылдуу адамдар гана (мындан) зикир (эскерме) алат.
О, Рабби! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың.
(Алардын абалы) Фараондун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллах аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Аллах – азабы катуу Зат.
(Оо, яхудилер!) (Согуш майданында) жолугушкан эки жамаатта (Биздин кудуретибизге) силер үчүн белги бар болчу. Бир жамаат Аллахтын жолунда согушуп жатышты жана экинчиси каапыр эле. (Аллахтын жолунда согушка чыккандар) алардын (душмандардын) өздөрүнөн эки эсе көп экенин анык көрүп турушту. Аллах каалаган адамдарды Өзүнүн жардамы менен колдойт. Мында акыл ээлери үчүн үлгү - сабак бар.
Адамдар үчүн (бул дүйнөдө) аялдардан, перзенттерден, кинтар-кинтар[1] алтын-күмүштөрдөн, даңктуу-шоораттуу тулпар аттардан, (короо-короо) малдардан жана эгиндерден турган жыргалдарды сүйүү кооз көргөзүлдү.[2] Булар (опосуз) дүйнө жашоосунун пайдалары. Аллахтын алдында (булардан) жакшыраак кайтуучу жай-бейиш бар.
[1] Кинтар - өлчөм бирдиги. Бир кинтар 45 кг. га жакын салмакка барабар. [2] Ушул аят мусулмандар үчүн аталган жашоо жыргалдары адал экенине далил. Ислам инсан табияты каалаган, сүйгөн нерселерге тыюу салбайт. Болгону, алардын адалдан болуусун талап кылат.
Айт (О, Мухаммад): "Силерге мунуңардан (дүйнө жыргалынан) да жакшы нерсе жөнүндө кабар берейинби? Такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында, астынан дарыялар аккан жана анда түбөлүк жашай турган бейиштер, таза-пакиза жубайлар жана Аллахтын ыраазычылыгы бар. Аллах пенделерин Көрүүчү.
«Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман».
«Албетте, Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарлыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Аллахтын аяттарына каапыр болсо, (билип алсын:) Аллах - тез эсептешүүчү».
(О, Мухаммад!) Эгер (адамдар) сени менен талашып калышса, аларга: "Мен өзүмдү ээрчигендер менен бирге жүзүмдү (өзүмдү) Аллахга моюн сундурдум" деп айткын. Жана китеп берилген адамдар менен сабатсыздарга: "Силер (дагы) моюн сундуңарбы?" дегин. Эгер (Исламды кабыл алып) моюн сунушса, анда туура жолду табышты. Эгер жүз бурушса, сенин мойнуңда (чындыкты) жеткирүү гана бар. Аллах пенделерди Көрүүчү.
Аллахтын аяттарына каапыр болуп (ушуну менен жөн калбай) пайгамбарларды жана адамдар арасындагы адилетке (Исламга) буюруп жүргөндөрдү акыйкатсыздык менен өлтүргөндөргө жан ооруткан азаптан кабар бер.
(Оо, Мухаммад! Аллахтан келген) китептен насип-үлүш берилген адамдарга (яхудийлерге) карабайсыңбы, өз араларында(гы талаш маселеге) өкүм кылып бериш үчүн Аллахтын китебине (Куранга) чакырылганда, (сен Аллахтын китеби боюнча өкүм чыгарып бергениңден) кийин алардан бир бөлүгү (чындыкты билип турса да) жүз бурган бойдон кетип калышты.
Мунун себеби алар: "Биз тозокко түшпөйбүз, түшсөк да саналуу күндөр гана түшөбүз" деп айтышчу. Өздөрү ойдон чыгарып алган (ушул сыяктуу) сөздөр аларды диндеринде адаштырып койду.[1]
[1] Бул аяттан дагы бир сабак: Эч качан динде ойдон чыгарылган сөздөргө таянылбайт. Жалаң Аллахтын жана пайгамбардын сөздөрүнө таянылат. Ким динде бирөөлөр ойлоп чыгарган нерсеге ээрчисе – адашат.
Эми, биз аларды, анда шек-күмөн болбогон жана ар бир жанга өзү жасаган иштери(нин натыйжасы) эч зулум кылынбай, толук кайтарыла турган Күн (Кыямат) үчүн чогултканда эмне кылышат?!
Айткын: "Оо, Аллахым! Бардык мүлктүн Падышасы! Сен мүлктү каалаган пендеңе бересиң жана каалаган пендеңден мүлктү тартып аласың. Жана кимди кааласаң ардактуу кыласың, кимди кааласаң кор кыласың. Жакшылык Сенин гана колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң.[1]
[1] Бул аяттагы «Сен мүлктү Өзүң каалаган адамыңа бересиң жана каалаганыңдан тартып аласың» деген сөз менен Аллах таала тез арада мүлк-бийликти Перс, Рум (Византия) падышаларынан тартып алып, Мухаммад үммөтүнө өткөрүп беришине ишаарат кылууда.
Сен (О, Аллахым!) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң. Өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарасың жана Өзүң каалаган адамга эсепсиз ырыскы бересиң!"
Ыймандуулар (өздөрү сыяктуу) ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпасын! Ким ушундай иш жасаса - анын Аллах менен арасы ачык! Ал эми, алардан (каапырлардан) сак болуу үчүн (тилиңерде достук мамиле кылсаңар) уруксат. Аллах силерди Өзүнөн эскертет. Кайтуу - Аллахтын Өзүнө.
(О, Мухаммад, адамдарга) айт: "Эгер көкүрөгүңөрдөгү нерселерди жашырсаңар да, жарыяласаңар да Аллах билип турат. Ал асмандар менен жерде болгон бардык нерсени да билет. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү".
(Кыямат) күндө ар бир жан өзү жасаган (бардык) жакшы-жаман иштерин алып келинген абалда табат. (Ошондо, жамандык жасаган жан) өзү менен кылмышынын арасы өтө алыс болушун самайт. (Билип койгула), Аллах Өзүнөн силерди эскертет. Аллах - пенделерге Мээримдүү.
Албетте, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө (пайгамбарлык үчүн) тандап алды.[1]
[1] Куранда эскерилген бардык пайгамбарлар аталган улуктардын урук-урпактарынан чыккан. Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дагы Ибрахим алейхи саламдын уулу Исмаил алейхи саламдын урпактарынан.
Ал ичиндегисин төрөгөн соң (эркек болбогонуна өкүнүп) “Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм” деди. Чынында, Аллах анын эмне төрөгөнүн жана (көпчүлүк) эркек(тер) (ушул төрөлгөн) ургаачыдай эмес экенин андан жакшыраак билген. (Ал дагы сөзүн улады): “Мен ага “Марям” деп ысым койдум. Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, Сага жалбарамын”.
Раббиси аны (назирди) жакшынакай кабыл алып, жакшынакай өстүрдү жана ага Закарияны кепил (камкор) кылды. Ар качан Закария анын үстүнө - михрапка кирсе, анын алдында (ширин-шербет жемиштерден) ырыскы турганын көрдү. Ал: “Оо, Марям, булар сага кайдан?” деди. Ал: “Аллахтын алдынан. Албетте, Аллах Өзү каалаган адамына эсепсиз ырыскы берет” деди.
Анан (күндөрдүн бир күнүндө) ал михрапта намаз окуп турганда периштелер ага: “(О, Закария!) Аллах сени Яхья (деген перзент) менен сүйүнтөт. (Ал бала) Аллахтын Сөзүн (Исаны) тастыктоочу, улукзаада, дене кумарларынан өзүн кармай билген жана (жогорку даражалуу) салих пайгамбарлардан бири болот!” деп добуш беришти.
(Закария) айтты: “О, Раббим! (жүрөгүм тынчтанып, санаасыз болушум үчүн) мага (кемпиримдин боюнда болгонун билдирген) бир сыр - белги бере көр!” (Аллах) Айтты: “Сенин белгиң: (тилден калып) үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласың.[1] Эми, Раббиңди көп зикир кыл жана эртели-кеч Аны даңктап, тасбих айт!”
(Кийинки аятта Аллах таала Имрандын кызы Марямдын окуясын улантат. Ошентип, Марям кыз чоңойгондо ибадатта, тазалык-такыбаада эң бир жогорку даражага жетет).
[1] Ошол аяндан соң Закария үч күн тилден калып, ишаарат менен гана сүйлөшө баштады. Бирок, адамдарга сүйлөгөнгө айланбаган тили Аллахты зикир кылганда, тасбих (даңктоо сөздөрү) айтканда кадимкидей эле сөзгө келе берди. Демек, Аллах ошондо Закарияга эки сыр-белги берген экен: биринчиси - үч күн тилден калуусу, экинчиси - сакоо (дудук) тилинин Аллахты эскергенде сүйлөп калышы.
Бул окуялар[1] (о, Мухаммад, сен үчүн) кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага (Жебирейил периште аркылуу) кабарлап жатабыз. Анткени, (Марям төрөлүп, апасы аны назир кылуу үчүн ибадатканага алып келгенде, ибадаткана кызматчылары) “Эми кимибиз Марямга кепил (камкор) болот”- деп, калемдерин (чүчүкулак катары) таштап жатышканда жана (Марямды талашып) жаңжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуң.
[1] Бул тарыхый окуяларды пайгамбарыбыз тарабынан окулуп берилүүсү, анын Аллахтан кабар (вахий) алган элчи экенине эң чоң далилдердин бири. Болбосо, эч кимден эч кандай илим-таалим албаган, жазууну билбеген Мухаммад (ага Аллахтын саламы болсун) өз заманынан 570 жыл мурун болуп өткөн бул окуяларды кайдан билмек эле?
Бир кезде периштелер айтты: “Оо, Марям! Аллах сени, ысымы Иса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. (Ал) Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллахка эң жакын адамдардан болот.
Дагы, ал адамдарга бешикте жана чоңойгондо сүйлөйт[1] жана салих-таза адамдардан болот”.
[1] Марям төрөгөндө кара мүртөз яхудийлер аны жаман атты кылып, жалаа жабышат. Ошондо, бешиктеги Исаны Аллах сүйлөткөндө апасынын тазалыгын айтат. Ал эми, чоңойгондо болсо, өзүнүн пайгамбар болгонун жана Аллахтан Дин-Шарият алып келгенин сүйлөйт.
Марям айтты: “О, Раббим! Мени эч бир (эркек) адам «кармабаган» болсо, кайдан бала болсун?!” (Аллах) айтты: “Ушундай. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Ал бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болуп калат”.[1]
[1] Иса пайгамбардын “Калимуллах”, башкача айтканда “Аллахтын Сөзү” экендигинин төркүнү ушул жерден маалым болот. Анткени, ал Аллахтын “Бол!” деген сөзүнөн улам, атасыз эле жаралып калган.
Исраил урпактарына элчи - пайгамбар кылат. (Анан Иса аларга айтат:) “Мен силерге Раббиңерден (менин чын пайгамбар экенимди далилдей турган төмөндөгүчө) белгилер (моожизалар) алып келдим: силерге ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөсөм, Аллахтын уруксаты менен (тирүү) куш болуп калат, Аллахтын уруксаты менен сокурларды, пес (ала) оорулууларды айыктырам, өлүктөрдү тирилтем. Жана мен силерге үйүңөрдө эмнени жеп, эмнени сактап койгонуңарды да айтып бере алам. Албетте, ушул нерселерде силер үчүн (менин пайгамбар экениме далил болгон) белгилер бар, эгер ишенсеңер.
(Мен) силерге өзүмдөн мурунку Тооратты тастыкташ үчүн, жана силерге (Тооратта) арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылыш үчүн (пайгамбар кылып жиберилдим) жана мен силерге Раббиңерден аят-далилдерди алып келдим. Эми, Аллахтан корккула жана Мага моюн сунгула.
Ал (Иса) алардан каапырчылыкты сезип калганда (шакирттерине) “Аллахтын жолунда ким мага жардамчы болот” деди эле, шакирттери: “Биз Аллахтын жардамчылары болобуз? Аллахка ыйман келтирдик. Жана күбө болгун (О, Иса) биз – мусулмандарбыз.
Оо, Рабби! Биз Сен түшүргөн нерсеге ыйман келтирдик жана (Сен жиберген) пайгамбарга ээрчидик. Эми бизди (Өзүңдүн жалгыздыгыңа, диниңдин акыйкаттыгына) күбө болуучулардын катарына жазып кой!” дешти.[1]
[1] Кийин яхудилер “Исаны кармап, айкашкан жыгачка асып өлтүрөбүз” дешип, айлакерлик менен бул пландарын аткарууга киришишти. Бирок, алардан көрө көбүрөөк амалкер болгон Аллах таала башка бир адамды Исага түспөлдөштүрүп, Исаны тирүү бойдон асманга көтөрүп кетти. Яхудилер Исага түспөлдөштүрүлгөн кишини кармап, айкашкан жыгачка асып өлтүрүшүп, “Исаны өлтүрдүк” деп ишенип калышты.
Бир кезде Аллах айтты: “О, Иса, мен сени Өзүмө Алуучу, Өзүмө Көтөрүүчү жана сени каапырлардан тазартуучумун. Жана сага ээрчиген адамдарды кыямат күнүнө чейин каапырлардан жогору кылуучумун. Кийин (бардыгыңар) Мага кайтасыңар. Анан Мен силер талашкан нерсеңер боюнча араңарда өкүм кыламын.
Албетте, Аллахтын назарында Исанын мисалы Адам (Ата) сыяктуу. Аллах аны топурактан жаратып: “бол!” дегенде, дароо болуп (жаралып) калган.[1]
[1] Бул аят “Иса эгер кудай болбосо, башкалардан өзгөчө (энесиз) туулбайт эле” деп Исаны кудай кылып алгандарга жооп. Эгер Иса Аллахтын Сөзү болсо, Адам-Ата деле Аллахтын Сөзү. Эгер Иса атасыз жаратылган болсо, Адам-Ата атасыз гана эмес, керек болсо энесиз да жаратылган. Бирок, эч ким Адам-Атаны кудай кылып алган жок го!
Ким бул маселеде, сага (анык) илим келгенден кийин деле (көшөрүп) далил талаша берсе, аларга айт: “Келгиле, балдарыбызды жана балдарыңарды, аялдарыбызды жана аялдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакырып, “Жалганчыларга Аллахтын наалаты болсун!” - деп каргыш айтышалы!”.
Албетте, бул (Исанын Кудай эмес экени) акыйкат баян. Чынында, бир Аллахтан башка эч бир сыйынууга татыктуу Кудай жок. Жана Аллахтын бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман.
Айткын: “О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле.[1] (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз”.
[1] “Окшош болгон сөз” дегендин мааниси, яхудилердин пайгамбары Муса менен христиандардын пайгамбары Иса экөө тең элдерди “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү, Аллахты коюп Рабби-Кудай кылып албасын!” деген сөздөргө даават кылган. Бул аятты пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам яхуди жана христиандардын падышаларына жазган катында да эскерткен.
О, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахим жөнүндө (бириңер “Ал - яхуди дининде болгон” десеңер, экинчиңер: “Жок, христиан болгон” деп) талашасыңар?! Тоорат менен Инжил андан кийин түшкөн го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
О, силер! Билген нерсеңер жөнүндө талашып бүттүңөр. Дагы эмне үчүн билбеген нерсеңер жөнүндө талашып жатасыңар?! (Ибрахимдин дини кандай болгонун) Аллах гана билет, силер билбейсиңер.
Ибрахим яхуди да, христиан да болгон эмес. А бирок, ханиф (жеке Аллах таалага сыйынуучу жана) муслим (жалгыз Аллахка моюн сунуучу) болгон. Жана ал эч качан мушриктерден (Аллахка шерик кошуучулардан) болбогон.
Ибрахимге эң жакын адамдар – ага ээрчигендер, мына бул пайгамбар (Мухаммад) жана (жалгыз Аллахка) ыйман келтиргендер. Аллах ыймандуу адамдардын башчысы.
Китеп ээлеринен бир тайпасы (башкаларына) айтышат: “Момундарга түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) күндүн башында ыйман келтиргиле дагы, күндүн акырында ыйманыңардан кайткыла. Балким (ошондо, “ушуларда Тоорат илими бар, бир нерсени билет го” деп ойлоп) алар дагы (ыймандарынан) кайтышса ажеп эмес.
Өзүңөрдүн (яхудилик) диниңерге ээрчигендерден башкаларга ишенбегиле. (Мунун себеби) алардан (момундардан) бирөө-жарымы силер билген нерсени билип алышы же болбосо, (сырыңарды билип) Раббиңердин алдында силер менен далил талашышы (мүмкүн)”. (О, Мухаммад, сен аларга) айткын: «Туура жол - бул Аллахтын туура жолу. Пазилет-абзелдик Аллахтын колунда. Аны Өзү каалаган адамдарга берет. Аллах(тын пазилети) Кенен, Билүүчү!
Китеп ээлеринин арасында көп байлыкты ишенип тапшырсаң аны (кыянат кылбай) өзүңө кайтара тургандары да бар. Ошондой эле, алардын арасында бир динарды ишенип тапшырсаң кайтарбай, качан үстүндө (доолашып) туруп алганыңдан кийин гана тапшыра тургандары да бар. Мунун себеби алар: “Сабатсыз (Тоорат окубаган) адамдарда бизге каршы (Тооратта) тыюу жок” дешет. Жана билип туруп Аллахка жалаа жабышат.
Жок, андай эмес! Ким убадасын аткарса (Аллахтын жана пенделердин укуктарын урматтаса) жана (Аллахтан) корксо (мына ушул адам - такыба). Аллах такыбаа кишилерди сүйөт.
Ал эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер үчүн Акыретте насип жок. Кыямат күндө Аллах аларга сүйлөбөйт, (ырайым назары менен) карабайт жана (күнөөлөрүнөн) тазартпайт. Аларга жан ооруткан азап бар.
Алардан (яхудилерден) дагы бир жамаат бар: китепти (Тооратты) тилдери менен бурмалап (өзгөртүп) окушат, силер аны китептен деп ойлошуңар үчүн. Чынында, ал китептен эмес. Жана алар “Бул - Аллахтын алдынан” дешет. Чынында, ал Аллахтан эмес. Алар билип туруп Аллахка жалган айтышат.
Аллах Китеп, өкүм жана пайгамбарлык бергенден кийин ал адам элдерге карап: “Аллахты таштап, мага пенде болгула” деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок, ал: “Силер китептен таалим бергениңер жана дарс кылып окуганыңар боюнча, жалгыз Рабби - Аллахка ибадат кылуучу болгула!” деп буюрат.
Жана ал (пайгамбар) силерди, периштелер менен пайгамбарларды өзүңөргө Рабби-Кудай кылып алууга да буюрбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырчылыкка буюрмак беле?!
Бир кезде Аллах бардык пайгамбарлардан, “Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге, пайгамбарлыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (Мухаммад) келсе, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер» – деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?” деди. Алар (бир добуштан): “Макул болдук” – дешти. (Анда Аллах): “Күбө болгула, Мен дагы силер менен бирге күбө болуучуларданмын” – деди.[1]
[1] Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам алып келген дин бардык пайгамбарлардын дининин мүдөө-максаттарын өзүнө сиңиргени себептүү, Аллах бардык пайгамбарларды анын динин колдоого буюрду. Мунун мааниси, ошол пайгамбарларды ээрчиген адамдар эми, алардын максаттарын (б.а: жалгыз Аллахка сыйынуу ибадатын) толук аягына чыгаруу үчүн келген акыркы пайгамбар Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга эргешүү парыз болот. Ошондо, алар өз пайгамбарларын да ээрчиген болушат.
Алар Аллахтын дининен (Исламдан) башка динди каалашабы?! Асмандар жана жердегинин баары кааласа да, каалабаса да Ага (Аллахка) моюн сунушту го! Алар(дын өздөрү дагы) Аллахка кайтарылат.
Айткыла (Оо, ыймандуулар): “Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз”.
Аларга ачык-айкын далилдер келген соң, “Пайгамбар - акыйкат” деп күбөлүк берип, ыйман келтиргендеринен кийин, дагы каапыр болуп кеткен коомду Аллах кантип туура жолго баштасын?! Аллах заалым адамдарды туура жолго баштабайт.
Ал эми, ыйманга келгенден соң каапыр болуп, (тообонун ордуна) каапырчылыгын күчөткөн адамдардын тооболору эч качан кабыл алынбайт. Дал ошолор гана адашуучулар!
Каапыр болуп, каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын бири эгер күнөөлөрүнө төлөм катары жер жүзү толо алтын берсе да эч качан кабыл кылынбайт. Алар үчүн жан оорутуучу азап бар жана аларга эч жардамчы болбойт!
Исраил (пайгамбар ооруп калганы себептүү) өзүнө кээ бир тамактарды арам кылып алганын эсепке албаганда, Тоорот түшкөнгө чейин Исраил урпактарына бардык тамак-аштар адал болгон. (Оо, Мухаммад, буга ишенбеген яхудийлерге): “Тооротту алып келип, окуп көргүлө, эгер чынчыл болсоңор” - деп айткын.[1]
[1] Исраил (Яькуб) пайгамбар ооруп калганда, Аллах арам кылбаса деле, өзүнө төөнүн эти менен сүтүн арам кылып алганын эсепке албаганда, яхудийлерге Муса пайгамбардын заманына чейин бардык тамак аштар адал кылынган эле. Анан, Мусанын доорундагы кыянат иштеринин жазасына Аллах Тоорат китебиндеги мурдагы өкүмдү өзгөртүп, яхудийлерге кээ бир тамак-аштарды арам кылган. Яхудилер Исламдагы “насих-мансух” (жоюучу - жоюлган) өкүмдөрдү айыптап: “Бул болбогон нерсе”, “пайгамбарлар эч качан өзү жана өзүнөн илгерки пайгамбар адал же арам кылган нерсени өзгөрткөн өкүмдөрдү алып келишпейт” деп ишенишчү жана ушул ишенимге таянып, яхудийлерге арам болгон тамактарды адал кылган өкүмдөрдү алып келген Иса менен Мухаммадга каапыр болушту. Аллах жогорудагы аят менен алардын жалганчылыгын ашкере кылды.
«Анда (бир нече) анык белгилер бар. (Атап айтканда:) Ибрахимдин орду[1] жана ага (Кааба мечитине) кирген адамдын (ар кандай коркунуч-зыяндан) аман болушу. Адамдардын мойнунда Аллах үчүн ошол (Ыйык) Үйгө ажылык кылуу милдети бар. (Бирок, ар кимге эмес) жолго (материалдык жана денелик) кудурети жеткендерге гана. Ал эми, ким каапыр болсо, Аллах ааламдардан Беймуктаж».
[1] Ибрахим Каабаны куруп жатканда дубалы көкүрөк тушка келгенде, бутунун астына бир таш коюп, ошого чыгып ишин улантат. Ошол ташка таманынын изи түшүп калат.
Айт: “О, китеп ээлери! Эмне үчүн ыйман келтирген адамдарды Аллахтын жолунан тососуңар, аны бурмалоого аракет кыласыңар?! (Ал Жол чындык экенине) өзүңөр күбө элеңер го?! Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес!”
Силерге Аллахтын аяттары окулуп, араңарда Анын элчиси туруп, кантип эле каапыр болуп кетесиңер. Жана ким Аллахты(н динин) бекем кармаса, сөзсүз туура жолго багытталат.
Бардыгыңар Аллахтын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө! Аллахтын берген нээматын эстегиле: Бир кезде силер өз ара душман болуп (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү үлпөт кылды жана Анын (бул) нээматы себептүү (бир туугандай) дос-бурадар болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, Андан силерди куткарды. Аллах силерге Өзүнүн аяттарын – туура жолго түшөөрсүңөр деп – ушинтип баяндайт.
Силердин араңардан (адамдарды) жакшылыкка (динге) чакырган жана (акыл, шарият боюнча) жакшы адат саналган нерселерге буюруп, жаман адаттардан кайтарган бир жамаат болсун. Ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр.[1]
[1] Ар дайым жеңиш үстүндө болуучу Аллах тарабынан белгиленген бул тайпага илим-таалим адамдары, акыл-насаат айткан ак таңдай аксакалдар, шарият иштерин көзөмөлдөп, алга жүргүзүп турган илимдүүлөр жана башка ушул сыяктуу азаматтар кирет.
(О, мусулмандар!) Силер (ааламдагы бардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшы адаттарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Эгер китеп ээлери ыйман келтиришсе, өздөрүнө жакшы болмок. Алардын арасында (силерге окшоп) ыйман келтиргендери да бар. Бирок, көпчүлүгү бузукулар.[1]
[1] Бул аят Ислам үммөтүнүн абзелдигин, эң жакшы үммөт экенин баяндайт. Бирок, бул абзелдик алардын мойнуна жоопкерчилик жүктөйт: алар өздөрүнүн жыргалдарын ойлошпойт, “адамдар үчүн чыгарылган”. Дүйнө элдерин туура жолго (Исламга) багыттоо үчүн насаат, даават, таалим-тарбия иштерин жүргүзөт. Китеп ээлери да ушул дааватты угуп, ыйман келтиришсе жакшы болмок. Бирок, бир аз бөлүгү гана ыйманга келип, калгандары бузукулук менен Исламга каршы майданга өтүштү.
(О, ыймандуулар!) Алар силерге зыян жеткире албайт. Эгер жеткирсе (заар тилдери менен гана) зыян жеткиришет. Эгер силер менен согушуп калса, артына карап качышат. Анан аларга жардам берилбейт.
Кайда барышса да аларга кордук жазып коюлду. Бир гана Аллахтын жана адамдардын убада-келишиминин астында болгон учурларда гана (кор болбой жашашат). Алар Аллахтын каарына калышты жана аларга бечаралык(та жашоо) жазып коюлду. Бул (жазалар) Аллахтын аяттарына каапыр болгондору, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрү жана күнөөкөр болуп, чектен чыккандары себептүү.
Алардын баары бирдей (жаман) эмес. Китеп ээлеринин арасында динде туура жүргөн тайпалар да бар. Алар түнү менен сажда кылган абалда Аллахтын аяттарын окушат.
Алар ушул дүйнө жашоосунда (сооп ниетинде, кайрымдуулук үчүн) жумшаган байлыктарынын мисалы, өздөрүнө зулум кылган коомдун эгиндерине тийип, жок кылган суук шамалга окшойт.[1] Аларга Аллах зулумдук кылган жок. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.
[1] Б.а. шамал сого баштаганда алар ырахаттана башташат. Бирок, бул, аларга ырахат бере турган шамал эмес, эгиндерин тоңдура турган шамал болчу...
О, ыйман келтирген адамдар! Бири-бириңерди колдоп, аларды (каапырларды) сырдаш-дос кылбагыла! (Момундардын сырларын аларга ташыбагыла). Алар силерге зыян жеткирүүдөн күчтөрүн аяшпайт жана силерге бир жамандык болушун эңсешет. Алардын жек көрүүлөрү сөздөрүнөн байкалат. Бирок, жүрөктөрүнө жашырган (жек көрүүлөрү) чоңураак. Эгер акылыңарды жакшы иштетсеңер, Биз силерге (душманыңар жөнүндөгү) белгилерди баян кылып бердик.
О, силер (момундар!) Аларды сүйөсүңөр, алар силерди сүйбөйт. Силер бардык (илахий) китептерге (жана бардык пайгамбарларга) ишенесиңер. (Алар болсо, силердин китебиңерге да, пайгамбарыңарга да ишенбейт). Жана силерге жолукса: “Ыйман келтирдик” дешет, а (өздөрү) жалгыз калышканда силерди жек көргөнү себептүү манжаларын чайнашат. Айт (оо, Мухаммад): “Жек көрүүңөр менен өлгүлө!” Аллах жүрөктөрдү ээлеген сырларды Билүүчү.
Эгер силерге бир жакшылык жетсе, бул аларды капа кылат. А эгер силерге бир жамандык жетсе муну менен сүйүнүшөт. Жана эгер силер такыба болсоңор жана (каапырлардын айла-амалдарына) сабыр кылсаңар, алардын айлакерлиги силерге эч кандай зыян жеткирбейт. (Анткени,) Аллах алардын иштерин Камтуучу.
Ошондо, силерден эки тайпа адамдар үмүтсүздүккө түшүп калышты. Чынында, Аллахтын Өзү алардын жетекчиси эле. Жана момундар Аллахка гана өздөрүн тапшырышсын!
Аллах силерге Бадрда (сан жана даярдык жагынан) төмөн болгонуңарга карабай жеңиш берген.[1] Аллахтан корккула. (Балким) шүгүр кылуучу болуп калаарсыңар.
[1] “Бадр” согушунда мусулмандардын саны үч жүз ондон бир аз ашыгыраак, курал-жарактары жана даярдыгы начар эле. Ал эми мушриктерде мыкты куралдуу, жакшы машыккан миң чакты аскер бар эле.
Жок (жетиштүү болот). Эгер силер, такыба болуп, сабыр кылсаңар, (каапырлар) кол салаары менен, силерге периштелер жетип келет. (Анан) Раббиңер силерди беш миң (кайраттуулук) белгиси бар периште менен кубаттандырат.
Аллах бул ишти силерге куш кабар үчүн жана аны менен жүрөгүңөр тынчтансын үчүн гана жасады. Жеңиш-жардам Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан гана келет.
(Бадрдагы бул жеңиш) каапырлардын бир ныптасын кесип, (бир сыйра) эзип, (канчалык ачуулары келсе да) үмүтсүз абалда кайтып кетүүлөрү үчүн (берилди).[1]
[1] Бир жолу талкаланып кеткен мушриктер кайрадан күч жыйнап “Ухуд” согушу үчүн келишет. Пайгамбарыбыз кайрадан (121-аятта айтылгандай) Мединадан чыгып, өз аскерлерин майдандарга эң жакшы орноштурат. Бирок, ал көргөзгөн согуш орундарында бекем турбагандыктан жана айтылган сөзгө кулак салбагандыктан улам бул ирет мусулмандар жеңилип, улук пайгамбардын тиштери сынып, чыкыйы жарылат. Бул согушта мушриктердин жеңилбей, аман кеткендеринин дагы бир сыры, кийин ал мушриктердин көпчүлүгү Исламга кирет. Аллах алардын тообаларын кабыл алат жана күнөөлөрүн кечирет. Ошентип, ошол согуштан кийин пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам каапырлардын жеңип кеткенине өкүнүп, “Өз пайгамбарынын бетин жардырып, тишин сындыртып отурган коом кантип жеңишке жетмек!” - деп, коомунан наалып, Абу Суфян, Сафван бин Умайя, Хаарис бин Хаашим сыяктуу мушриктердин жетекчилерин каргап, каңырыгы түтөп отурганда ушул аят түшөт.
(О, Мухаммад!) эч бир иш сенин колуңда эмес.[1] (Бардыгы Аллахтын колунда) Ал кааласа (каапырларды Исламга киргизип) тооболорун кабыл алат, кааласа заалым болгондору себептүү азаптайт.
[1] Бул аяттан алчу дагы бир сабак - пенде канчалык улук даражалуу болсо да, анын колунан эч бир пайда-зыян келбейт. Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдан улук даражалуу адам жок. Аллах таала ушул затка да «эч бир иш сенин колуңда эмес», Аллахтын гана каалаганы болот деп жатат. Пайгамбарыбыз өз алдынча эч кандай пайда-зыян жеткире албагандан кийин бер жактагы олуя-эшендердин арбактарына жалбарып, алардан колдоо, жардам сураш - накта ширктин өзү эмеспи!
(Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-ихсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт.[1]
[1] Ихсандын эки түрү бар: 1) Аллахка ибадат кылуудагы эхсан. 2) Макулуктарга мамиле кылуудагы эхсан. Ибадаттагы эхсанды пайгамбарыбыз: “Ихсан - бул Аллахка Аны көрүп тургандай ибадат кылууң. Эгер сен Аны көрбөсөң да, Ал сени көрүп турат” деп түшүндүргөн.
(Такыба кишилер) бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллахты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат – күнөөлөрдү Аллахтан башка ким кечирмек эле – жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт.
Ошол адамдардын сыйлыгы: Раббисинен болгон кечирим жана анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып турган бейиш бактары. (Жакшы) амал кылуучулардын сообу кандай сонун!
Эгер (бул согушта) силерге жараат (жеңилүү) жеткен болсо, ушундай эле жараат (Бадр согушунда, каапыр) коомго да жеткен. Биз бул (жеңген жана жеңилген) күндөрдү адамдар арасында (кезектештире) айлантып турабыз. Жана (мунун себеби): Аллах (араңардагы чыныгы) момундарды билиши үчүн жана силердин араңардан шейиттерди алыш үчүн. Аллах заалымдарды сүйбөйт.
Ошондой эле, Аллах (чындап) ыйман келтиргендерди (күнөөлүүлөрдөн жана эки жүздүүлөрдөн) тазалап, каапырларды өлтүрүү үчүн (жеңген-жеңилген күндөрдү адамдар арасында кезеги менен алмаштырып турат).
Же болбосо, силер, Аллах араңардагы (жан үрөп) жихад кылгандар менен (жихад машакаттарына) сабыр кылгандарды билип (ажыратып) албай туруп эле, бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?
Мухаммад болгону бир пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Эми, эгер ал өлсө, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? Ким артына кайтып кетсе, Аллахка эч бир зыян жеткире албайт! Аллах жакында (динде бекем болгон) шүгүр кылуучуларга сыйлык берет.[1]
[1] Бул аятта дагы улук сахаба Абу Бакр Сыддыктын жана аны менен бирге муртаддарга (динден кайткандарга) каршы күрөшкөн сахабалардын пазилет-абзелдигине ишаараттар бар. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам каза болгондо кээ бир мусулмандар «пайгамбар дагы өлчү беле?!» дешип, динден кайтып (муртад болуп) кетишкен. Анан, Абу Бакр разияллоху анху «Сен дагы өлүксүң, сенден илгерки пайгамбарлар дагы өлүк» деген маанидеги аятты окуп, пайгамбарлардын өлүшү Аллахтын сүннөтү – жолу экенин далилдеп, «ким Мухаммадка ибадат кылган болсо, ал өлдү, ким Аллахка ибадат кылса, билип алгыла, Ал эч качан өлбөйт» деп, мусулмандардын көзүн ачкан. Кийин мусулмандар аны көпчүлүк добуш менен халифалыкка шайлашканда, кээ бир мусулмандар беш парздын бири зекетти төлөштөн баш тартып, муртад болушат. Абу Бакр аларга каршы согушка аттанып, жеңишке жетишет жана Исламдын беш түркүгүнүн бирин өз калыбына келтирет.
Эч бир жан Аллахтын уруксаты менен (Лавхул-Махфузда) жазылган жана белгиленген мөөнөтү (ажалы) келмейинче өлбөйт. Ким дүйнө сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз жана ким Акырет сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз. Жана Биз шүгүр кылуучуларга жакында сыйлык беребиз.
(Тарыхта) нечендеген пайгамбарлардын жанында көптөгөн cахабалары согушушкан. Алар Аллахтын жолунда өздөрүнө жеткен машакаттар себептүү тунжурап, алсырап, коркуп калышпаган. Аллах (ушундай) сабырдууларды сүйөт.
(Ошол оор мезгилдерде) Алардын айткан сөздөрү: “Оо, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү, ысыраптарыбызды кечир! Жана кадамдарыбызды бекем кыл! Каапыр коомго каршы бизге жардам бер” деген (дубалар) болгон.
Силердин дос-жетекчиңер - Аллах! Ал эң жакшы жардамчы.[1]
[1] Аллахтын жардамынан бири - мушриктер “Ухуд” согушунан жеңүүчү болуп кайтаарда “Ушул бойдон кайтып кете беребизби? Ыңгайы келип турганда Мухаммадды Мадинага чейин кууп барып, акырына чейин талкалап келбейлиби?” деп масилет курушат. Бирок, Аллах дароо алардын жүрөктөрүнө коркуу салып, пикирлеринен кандай кайтканын өздөрү дагы билбей калышат. Кийинки аят ошол окуя жөнүндө.
Биз жакында, Аллах эч кандай далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алгандары себептүү, каапырлардын жүрөгүнө коркуу салып койобуз. Алардын жайлары - тозок! Залымдардын жайлары кандай жаман!
Силер (Ухуд согушу башталганда) Анын уруксаты менен каапырларды талкалап киргениңерде, Аллах (жеңиш беремин) деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Анан качан, Аллах силер сүйгөн нерсени (жеңишти) көзүңөргө көргөзүп койгондон кийин гана өзүңөр алсыз болуп, (пайгамбар берген) буйрук тууралуу (өз ара) талашып, анын буйругун аткарбай койгонуңарда - силерден кээ бирөөлөр дүйнөнү (олжону), кээ бирөөлөр Акыретти каалайт экен - ошондон кийин гана Аллах, силерди сынаш үчүн силерди(н жүзүңөрдү) алард(ын аркаларын)ан буруп койду. (Кийин алардын жүзү силердин аркаңарды карап, силерди кубалап калды). Жана (андан кийин) Ал силерди кечирди. (Анткени,) Аллах – ыймандууларга пазилеттүү![1]
[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам “Ухуд” тоосунун үстүнө тандалган жаачы-мергенчилерди коюп “ушул жерден жылбайсыңар” деп буйрук берген болчу. Согуш башталып, адегенде эле мусулмандар душман тобун бузуп, аларды чачырата кууп жөнөгөндө, тоонун үстүндөгү жаачылардын бир тобу “душман качты, жүргүлө биз дагы олжолуу болуп калалы” дешет. Башка бирөөлөрү “пайгамбар жылбагыла деген” - деп, талашып, акыры олжого кызыккандар басымдуулук кылып түшүп кетишет. Ал эми, ушуну гана күтүп турган буктурмадагы мушрик атчандары, тоону айланып өтүп, мусулмандарга артынан кол салышат. Ошентип, мусулмандардын алга караган жүздөрү артка бурулуп, жеңилип калышат.
Ошондо, силер эч кимге карабай (тоо) таянып (качып) жөнөдүңөр. Пайгамбар болсо, (“Оо, Аллахтын пенделери бери келгиле!” - деп) эң акыркыңардын арасында силерди чакырып жатты. Кийин Аллах, силер жетпей калган жеңишке жана силерге жеткен жеңилүүгө капа болбошуңар үчүн кайгы үстүнө (андан да чоңураак) кайгы берди.[1] Аллах силердин ишиңерден Кабардар.
[1] Бул аятта айтылган “(чоңураак) кайгы” мусулмандар арасында “пайгамбар өлтүрүлүптүр” деген суук кабардын тарап кетиши. Мусулмандар үчүн, жеңилүү, олжодон куржалак калуу сыяктуу кайгылар бул суук кабардын алдында эч капа болбой турган нерсеге айланып калды.
Кийин, (ошол чоң) кайгынын артынан, Аллах силерге (көз ирмемдик, эс алдыруучу) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан (динге жан күйдүргөн) бир тайпаны өз кучагына алды.[1] (Силердин араңардагы) дагы бир тайпаны (мунафыктарды) өз жандары кайгыга салып, Аллахка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн санап: “Эми, бизге иш жок” (жеңилип бүттүк) дешти. Айт: “Иш Аллахтын колунда”. Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: “Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эсепке алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек” дешет. Айт: “Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы, (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши, өлтүрүлө турган жайына келет.” (Аллах бул иштерди) силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени (ал ыйманбы, мунафыктыкпы) сынаш жана жүрөгүңөрдөгү (шайтандын азгырыгынан турган) нерсени тазалаш үчүн кылды. Аллах – жүрөктөрдөгү cырларды да Билүүчү.
[1] Бул көз ирмемдик керемет уйку Аллахтын ырайымы болчу. Аллах таала “Пайгамбар өлтүрүлүптүр” деген кабардан катуу коркуп кеткен мусулмандардын жүрөгүнөн оболу коркууну сууруп алып, кийин уйку берди. Анткени, катуу корккон адам уктай албайт эмеспи.
(Оо, ыймандуулар, Ухудда) эки (согушкер) жамаат жолуккан күндө артына качкан адамдарыңарды, кээ бир күнөөлөрү себептүү, шайтан гана жолдон азгырган.[1] Аллах алардын күнөөсүн кечирди. Аллах Кечиримдүү, (пейили) Жумшак.
[1] Демек, күнөөнүн жаралышына шайтан себепчи деп, шайтанга шылтоологон туура эмес экен. Шайтандын келишине да адамдын «кээ бир күнөөлөрү» жана ыйманынын алсыздыгы себеп болот экен. Анткени, Аллах таала башка бир аятта: { إن عبادي ليس لك عليهم سلطان }«(Эй, Иблис!) Менин (чыныгы) пенделеримдин үстүнөн сенин бийлигиң жок!» деген.
Оо, ыйман келтиргендер! (Алыс) жерге сапарга же болбосо казатка чыккан бурадарлары жөнүндө “Эгер биздин алдыбызда болсо өлбөйт жана өлтүрүлбөйт эле” деген каапырларга окшобогула. Аллах алардын бул (жалган) сөздөрүн өздөрүнүн жүрөктөрүнө кайгы кылып койот. Чынында, Аллах өлтүрөт жана тирилтет. Аллах силер жасап жаткан иштерди Көрүүчү.
(Оо, Мухаммад!) Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (сахабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек.[1] Аларды кечир жана Алар үчүн (Аллахдан) кечирим сура. Жана (өзүң ылайык көргөн) иште алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт.
[1] Бул аятта айтылган сонун адеп-ахлак үлгүлөрү диний жетекчи үчүн айрыкча зарыл нерсе. Анткени, адамдар анда ушундай сонун мүнөздөрдү көрсө гана динге жабалактап келишет. Ал эми, ал орой, адепсиз болсо, адамдар анын өзүнөн гана эмес, динден да түңүлүшөт.
Эгер Аллах жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт. Эгерде жардамсыз (өзүңөрдү-өзүңөргө) таштап койсо, Аллахтан кийин силерге ким жардам берет?! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!
Эч бир пайгамбарга “гулул” кылуу[1] мүмкүн эмес! Жана кимде-ким “гулул” кылса, Кыяматта “гулул” кылган ишин (желкесине) көтөрүп келет. Кийин ар бир жан адилет менен өз иштеринин толук тиешесин алат.
[1] Гулул – согуштан түшкөн олжону жашырып алуу жана башка иштерде кыянат кылуу.
Өздөрүнүн арасынан, аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, аларды (күнөөлөрдөн) тазалай турган жана мындан мурун анык адашууда болушса да, Китеп (Куран) менен Хикматты (Сүннөттү) үйрөтө турган бир пайгамбарды жиберүү менен Аллах ыймандууларга (теңдешсиз) жакшылык кылган.
Силерге (Ухуд согушунда мушриктерден) кырсык жеткенде – аларга (Бадр согушунда) эки эсе көп кырсык жеткизген болсоңор да – “Бул кайгы кайдан келди” - деген элеңер. Айт: “Бул – өзүңөрдөн”. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.[1]
[1] Ухуд согушунда мусулмандардан жетимиш киши шейит болуп, кайгы чегишип “Бул кайдан?!” деп турганда Аллах, өзүңөрдүн күнөөңөр, пайгамбардын тилин албаганыңар себептүү деп, бир жактан аларга таалим-сабак берсе, экинчи жактан “Бадр согушунда аларга эки эсе көп сокку жеткиргенсиңер” (жетимишин өлтүрүп, жетимишин туткунга түшүргөнсүңөр) деп көңүлүн көтөрүп жатат.
Жана, мунафык-чыккынчыларды билиш үчүн. Аларга “Жүргүлө, Аллахтын жолунда же болбосо (мекениңерди, абийир-намысыңарды) коргоп согушкула” деп айтылганда, алар: “Биз эгер согуш болоорун билгенде силерге кошулмакпыз” дешкен. Алар ошол убакта ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак эле. (Ошондуктан,) жүрөктөрүндө жок нерсени ооздору менен айтышты. Аллах алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет.
Аллахтын жолунда (динди өркүндөтөм деп жүрүп) өлтүрүлгөн адамдарды өлүктөр деп ойлобогула! Алар Раббисинин алдында (ар кандай нээматтар менен сыйланып) ырыскы тартууланган абалда тирүү.
Аллах өз пазилетинен (аларга) берген нерселер (сыйлыктар) менен шат-курсант. Алар артында калган, өздөрүнө жетип келбеген бурадарларына (бул жакта) аларга коркунуч жок экени жана кайгырышпасы жөнүндө сүйүнүчтүү кабар беришет.[1]
[1] Ушул (169-170-) жана мындан кийинки аяттар өлгөндөн кийин мүрзө (Барзах) жашоосу бар экенине, жана жакшы адамдардын рухтары өз ара алака-байланышка кирише алаарына далил болот. Дагы бул аяттардан маалым болушунча, өлгөндөн соңку ырахат-нээматтар денеге да, рухка да бирдей болот экен.
Аларга катуу сокку жеткенден кийин деле, Аллах менен пайгамбардын (“согушка!” деген) чакырыгына жооп берген момундар (жана) алардын арасынан сонун ибадат кылган, такыба кишилер үчүн улуу сыйлыктар бар.[1]
[1] “Аллах менен пайгамбардын (“согушка!” деген) чакырыгы, Ухуддан катуу сокку жеп, арып, чарчап Мединага келгенден кийин, мушриктердин “Мединага чейин барып Мухаммаддын динин биротоло жок кылсак кантет” деп кеңеш жасагандары пайгамбарыбызга жеткенде жаңырган. Пайгамбарыбыз күтүп турбай алардын артынан баруу үчүн сахабаларына кайрылып “дагы согушка киребиз!” дейт жана бул чакырыкка жооп бергендерди ээрчитип алып “Хумра-аль-Асад” деген жерге барганда, бирөөлөр келип: “Курайштар силерге каршы чоң күч чогултушкан” - деп коркутат. (Алар адам келбетинде көрүнгөн шайтан эле) Ошондо мусулмандар коркпой: “Бизге Аллах жетишет, Аллах эң жакшы жөлөк” деп жооп берип, алга басышат. Бирок, Аллах мушриктердин жүрөгүнө коркуу салат жана алар Меккеге кайтып кетишет. Момундар Аллахтын нээмат-пазилети себептүү эсен-аман Мединага кайтып келишет. Ушул жүрүшкө чыккандарга, согуш болбосо да мужаахид (Аллах жолунда согушуучунун) сообу жазылат.
Ошолорго (мусулмандарга) кишилер (келип): “Адамдар (мушриктер) силерге каршы (чоң күч) чогултушкан, алардан корккула!”- дегенде, (бул кабар) алардын ыйманын көбөйттү жана: “Бизге Аллах жетишет жана Ал эң жакшы Колдоочу” дешти.
Анан, Аллахтын нээматы, пазилети себептүү, аларга эч бир жамандык жетпей кайтып келишти жана Аллахтын ыразычылыгына ээрчишти. Аллах - улук пазилет ээси.
Албетте, ошол (силерге жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал (силерди) өзүнүн досторунан (мушриктерден) коркутууда. Алардан коркпогула. Эгер ыймандуу болсоңор, Менден гана корккула!
(О, Мухаммад!) каапырчылыкка шашып бараткандар сени капа кылбасын. Алар (муну менен) Аллахка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аллах Акыретте аларга эч насип болтурбоону каалайт. Аларга улук азап бар.
Каапыр адамдар, биз алардын (жашоо) мөөнөттөрүн узартып койгонубузду өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун! Биз (болгону) өздөрүнүн күнөөлөрүн көбөйтүш үчүн гана аларга мөөнөт бердик. Аларга кордук азабы бар!
Аллах ыйман келтиргендерди ушул (кимдин ким экени белгисиз) абалыңарда таштап койбойт. Ыпыластан тазаны ажыратат. Жана Аллах силерди кайыпты билүүчү кылбады. Бирок, Аллах өз пайгамбарларынан каалагандарын тандап алат (жана аларга кээ бир учурларда кайыпты билдирип турат). Эми, Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтиргиле. Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, силерге улуу сооп-сыйлыктар бар.
Аллах Өзүнүн пазилети себептүү берген (байлык, мансап, илим, ж.б.у.с.) нерселерден кызганган адамдар, бул жоругу өздөрүнө жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык: жакында, Кыямат күндө кызганган нерселери алардын мойнуна оролуп муунтат.[1] Асмандар менен жердин мурасы Аллахка таандык. Аллах силердин ишиңерден кабардар.
[1] Пайгамбарыбыздан риваят кылынган бир сахих хадисте айтылат: “Кыямат күндө бакылдын кызганган мал-дүйнөсү бир кайраттуу киши сүрөтүндө келип, аны капшыра кармап: “Мен сенин дүйнөң боломун! Мен сенин казнаң боломун!” дейт.
“Аллах кембагал, биз байбыз” деген адамдардын сөздөрүн Аллах укту.[1] Биз алар айткан сөздөрдү жана пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрүн жазып койобуз. Жана (аларга) күйдүрүүчү азаптын даамын таткыла” дейбиз.
[1] Тафсир аалымдарынын айтымында бул аят, Мединадагы яхудийлерден бир коом, айрыкча алардын Пинхас бин Азуре деген чоң аалымы Курандагы “Ким Аллахка жакшы карыз берет” деген аятын угуп, текеберленип, «Аллах кембагал, биз байбыз» дегенден кийин наазыл болгон (түшкөн) экен.
Ошол адамдар (яхудийлер): «Пайгамбар (Мухаммад) бизге бир курмандык союп, аны (асмандан түшкөн) от күйдүрмөйүнчө ага ыйман келтирбешибизди Аллах бизге осуят кылган» дешет. (Оо, Мухаммад!) Сен аларга: “Менден мурун деле силерге пайгамбарлар далилдерди жана силер айткан нерсени да келтиришкен. Анда, эмне үчүн аларды өлтүрүп салдыңар, эгер чынчыл болсоңор?!” деп айткын.[1]
[1] Бул залымдардын (каапырлардын) адаты. Яхудилер моожизаны өздөрү каалагандай болушун каалашууда. Тим эле, Мухаммад аларга бир курмандык союп, ал курмандыкты асмандан түшкөн от жалмап кетмейинче ыйман келтиришпейт экен. Дагы муну аларга Аллах таала айткан имиш. Бул сөздөр накта жалгандын өзү. Себеби, аларга илгерки пайгамбарлар ушул сыяктуу моожизаларды, жадагалса, өздөрү сураган ушул моожизанын дал өзүн көргөзүп беришкенде да, ыйман келтирүүнүн ордуна, аларды өлтүрүп салышкан.
(О, Мухаммад!) эгер алар сени жалганчыга чыгарышкан болсо, сага чейин деле далилдер, ыйык жазуулар жана (Шарият өкүмдөрүнөн турган) нурлуу китептерди алып келген пайгамбарлар (ушулар тарабынан) жалганчыга чыгарылган.
Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. Албетте, силер Кыямат Күнү өзүңөрдүн сооп-сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар.[1] Ал эми, ким тозоктон четтетилип, бейишке киргизилсе – жеңишке чындап жетиптир. Дүйнө жашоосу азгыруучу пайдалардан башка эч нерсе эмес.
[1] Аяттагы “Кыямат күндө сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар” деген сөз Барзах (мүрзө) жашоосунун жана ал жердеги ырахат-сыйлыктын (же азаптын) бар экенине далил болот. Анткени, кабырда адамга анын сооп-үлүшүнүн кээ бир бөлүктөрү гана берилет. Ал эми, Кыяматтан соң “толук-түгөл” алышат.
(О, момундар!) Албетте, силер малыңарда жана жаныңарда сыналасыңар. Жана, сөзсүз түрдө, силерден мурда китеп берилген (яхудий, христиан ж.б.) адамдардан жана мушриктерден көп заар сөздөрдү угасыңар. Эгер (ошондо) сабыр кылсаңар жана такыба болсоңор, албетте, бул өтө улук иштерден.
Эстегин: Аллах (ыйык) китеп берилген коомдордон, ал китепти(н чындыктарын) элдерге сөзсүз баян кылып бересиңер жана аны(н чындыктарын) жашырбайсыңар деп катуу убада алган эле. Кийин алар анттарын артына таштап коюшту жана аны (Тоорот менен Инжилдеги чындыктарды) арзыбаган баага сатып жиберишти. (Чындыктын ордуна) сатып алган нерселери кандай жаман!
(О, Мухаммад!) Жасаган (кыянат) иштери менен сүйүнүп, али жасай элек (жакшы) иштери менен даңазаланууну сүйгөн адамдарды азаптан оолак болот деп эч ойлобогун! Аларга жан ооруткан азап бар!
Албетте, асмандар менен жердин жаратылышында жана түн менен күндүн (токтоосуз) алмашып турушунда акылдуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине далил болуучу көптөгөн) белгилер бар.
Турган, отурган жана жамбаштап жаткан абалында да Аллахты эстеп, асмандардын жана жердин жаратылышын пикир кыла турган адамдар (Аллахтын улуулугуна кулдук кылып) “О, биздин Рабби! Сен буларды жөн эле жаратканың жок. Сен (бир нерсени эрмек үчүн жаратуудан жана бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруусуң! Бизди тозок азабынан сактай көр!” - дешет.
О, Раббибиз! Биз бир чакыруучунун (Мухаммаддын) “Раббиңерге ыйман келтиргиле!” деп, ыйманга чакырып жатканын уктук жана дароо ыйман келтирдик. О, биздин Рабби! Күнөөлөрүбүздү кечир жана каталарыбызды өчүр! Биздин жаныбызды жакшы кишилердин катарында ала көр!
Алардын Раббиси дубаларын кабыл алды (жана мындай деди:) “Албетте, Мен, эркек же аял болобу, силерден эч бир амал кылуучунун амалын текке кетирбейм. Бирөөңөр бирөөңөрдөн жаралгансыңар. Менин жолумда журттарынан чыгарылган, хижрат кылган (көчкөн), кордук-зомбулук көргөн, согушкан жана өлтүрүлгөн адамдардын (бардык) күнөө-кемчилдиктерин өчүрөмүн жана Аллах тарабынан берилген сооп иретинде, астынан дарыялар агып турган бейиш бактарына киргиземин. Аллахтын алдында эң жакшы сооп-сыйлыктар бар”
Раббисинен корккондор үчүн Аллах тарабынан сый-зыяпат түрүндө, астынан дарыялар агып турган бейиш бактары бар. Алар анда түбөлүк калышат. (Ою, сөзү жана иши) жакшы адамдар үчүн Аллахтын алдындагы нерселер жакшы.
Албетте, китеп ээлеринин арасында Аллахка ишенген, силерге, түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) да, өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге да ыйман келтирген, Аллахтан корккон, Аллахтын аяттарын арзыбаган баага сатып жибербеген адамдар бар экени анык. Аларга да Раббисинин алдында сооп-сыйлыктары бар. Аллах тез эсептешүүчү.
О, ыйман келтиргендер! сабырдуу болгула, ар дайым сабырдуу болгула жана (чек араларды коргоп, дайыма) даяр тургула. Аллахтан корккула, ошондо жеңишке жетерсиңер.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
સંશોધનના પરિણામો:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".