Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: યાસિન   આયત:

Ya Sin

يسٓ
Йаа, Сиин.[1]
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
અરબી તફસીરો:
وَٱلۡقُرۡءَانِ ٱلۡحَكِيمِ
Даанышман Куранга ант:
અરબી તફસીરો:
إِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Сен чынында, пайгамбарлардансың.
અરબી તફસીરો:
عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Туура жол үстүндөгү.
અરબી તફસીરો:
تَنزِيلَ ٱلۡعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ
(Куран) Ырайымдуу, Кудуреттүүнүн түшүргөнү,
અરબી તફસીરો:
لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أُنذِرَ ءَابَآؤُهُمۡ فَهُمۡ غَٰفِلُونَ
Коом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар эле.[1]
[1] Аларга (Курайш мушриктерине) көп жылдардан бери пайгамбар келбегендиктен, ата-бабалары да, өздөрү да наадандыктын эң төмөн даражасында болчу. Дин-ибадаттары эч бир Ыйык Китепке негизделбей, ойдон чыккан жоромолдорго негизделген. Пикирлери да ошондой. Ошондуктан алардын көпчүлүгү өздөрүнө пайгамбар жана Ыйык Китеп келгенде «Ата-бабалардын жол-жоругуна, үрп-адатына каршы экен» деп, дароо душмандык позициясына өтүштү.
અરબી તફસીરો:
لَقَدۡ حَقَّ ٱلۡقَوۡلُ عَلَىٰٓ أَكۡثَرِهِمۡ فَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Алардын көпчүлүгүнө сөз (азап келиши) акыйкат болуп калды. Эми алар ыйман келтиришпейт.
અરબી તફસીરો:
إِنَّا جَعَلۡنَا فِيٓ أَعۡنَٰقِهِمۡ أَغۡلَٰلٗا فَهِيَ إِلَى ٱلۡأَذۡقَانِ فَهُم مُّقۡمَحُونَ
Биз алардын моюндарына ээктерине чейин кишен ороп койгонбуз. Анан алар какайып (ийиле албай) калышкан.
અરબી તફસીરો:
وَجَعَلۡنَا مِنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ سَدّٗا وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ سَدّٗا فَأَغۡشَيۡنَٰهُمۡ فَهُمۡ لَا يُبۡصِرُونَ
Биз алардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдык!
અરબી તફસીરો:
وَسَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ ءَأَنذَرۡتَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تُنذِرۡهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Эми аларды эскертесиңби же эскертпейсиңби – айырмасы жок: ыйман келтиришпейт.
અરબી તફસીરો:
إِنَّمَا تُنذِرُ مَنِ ٱتَّبَعَ ٱلذِّكۡرَ وَخَشِيَ ٱلرَّحۡمَٰنَ بِٱلۡغَيۡبِۖ فَبَشِّرۡهُ بِمَغۡفِرَةٖ وَأَجۡرٖ كَرِيمٍ
(Оо, Мухаммад!) Сен Зикирге (Куран акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Чексиз Ырайымдуудан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллах тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын бер!
અરબી તફસીરો:
إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَنَكۡتُبُ مَا قَدَّمُواْ وَءَاثَٰرَهُمۡۚ وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ فِيٓ إِمَامٖ مُّبِينٖ
Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте[1] (алдын ала) эсептеп койгонбуз.
[1] «Анык Китеп» - Лавхул Махфуз. Анда кыяматка чейинки боло турган нерселер, окуялар эң майда-чүйдөсүнө чейин жазып коюлган.
અરબી તફસીરો:
 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: યાસિન
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તેનું અનુવાદ શમસુદ્ દીન હકીમોફ અબ્દુલ્ ખાલિક દ્વારા કરવામાં આવ્યું, ફરી રવ્વાદ ભાષાંતર કેન્દ્રની દેખરેખ હેઠળ તેની ચકાસણી કરવામાં આવી.

બંધ કરો