Яхудилерден кээ бирөөлөрү (Тоораттагы Мухаммад пайгамбар жөнүндөгү) сөздөрдү маанисинен башка мааниге бурмалайт жана (сени менен сүйлөшкөндө) динге сокку урушуп, тилин бурмалап: “Уктук жана күнөө кылдык”, “Бизди укпасаң да угасың” жана “Раина”[1] дешет. Эгер алар (сөздү бурмалабай!) “Уктук жана моюн сундук”, “Бизди укчу?”, жана “Унзурна” (бизге карачы?) деп айтканда өздөрүнө жакшы жана туура болмок. Бирок, Аллах аларга каапырлыгы себептүү каргыш жаадырган. Эми, бир аз гана бөлүгүнөн башкасы ыйман келтирбейт.
[1] Бул жерде айтылган «Раина» сөзүн жакшыраак түшүнүү үчүн “Бакара” сүрөсүнүн 104-аятынын тафсирине караңыз.
О, китеп берилген адамдар! Бетиңерден бузуп, артына кайрып таштай электе, же болбосо, аларды (силердин араңардагы бузукуларды) “алтынчы күн ээлерин” каргаганыбыз сыяктуу каргап сала электе, өзүңөрдөгү (Тоорат, Инжил кабарларын) тастыктоочу кылып Биз жиберген нерсеге (Куранга) ыйман келтиргиле! Аллахтын буйругу дароо аткарылуучу!
Албетте, Аллах Өзүнө бир нерсени шерик кылышканын кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр!
(О, Мухаммад!) өздөрүн актаган адамдарга карабайсыңбы?! Тескерисинче, Аллах, Өзү каалаган пендесин актап алат жана аларга (данекти орогон) чел кабыкчалык да зулум кылынбайт.[1]
[1] Яхудилер менен христиандар: “Биз Аллахтын перзенттерибиз”, “Бейишке яхуди же христиан болгондор гана кирет” деп өздөрүн эч бир далилсиз актап-макташа беришчү. Бул алардын Аллахка чоң жалгандарды ойлоп тапканы эле.
Китептен үлүш берилген адамдарга карабайсыңбы: Алар “жибт” жана “тагут(тар)га”[1] сыйынып жатышат жана каапырлар тууралуу (аларга жагынып, ыйманды жек көрүп): “Ошолор ыйман келтиргендерге караганда туура жолдо” деп жатышат.[2]
[1] Жибт жана тагут - Аллахтан башка, жасалма кудайлардын аталыштары. [2] Бул сөздөрдү айткандар, пайгамбарыбызга жана момун-мусулмандарга ичи тарлык кылган эң адепсиз, табияты бузук, акыл-эси өтө төмөн яхудийлер жамааты. Алар ушунчалык “эсин жеп” койгондуктан Аллахтан башка таш - кудай, жыгач - кудайларга, шайтандарга.., деги эле сыйынбагандын бардыгына сыйынышат. Аятта айтылган “жибт” менен “тагут” ошол, Аллахтан башка кудайлардын жалпы аты. Ошондой эле, сыйкырчылык менен палчылык (көзү ачыктык) дагы “жибт”, “тагутка” кошулат. Алардын, пайда-зыян келтире албаган, дубаларды укпаган таш кудайларга сыйынган каапырларды момун-мусулмандардан туура жолдо деп айткандары ичи тарлыктан, көралбастыктан, кем акылдыктан башка нерсе эмес!
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
સંશોધનના પરિણામો:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".