Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: યૂસુફ   આયત:
قَالَ مَعَاذَ ٱللَّهِ أَن نَّأۡخُذَ إِلَّا مَن وَجَدۡنَا مَتَٰعَنَا عِندَهُۥٓ إِنَّآ إِذٗا لَّظَٰلِمُونَ
Юсуф пайгамбар айтты: «Аллах сактасын! Биз күнөөлүүнүн кылмышы менен күнөөсүзгө зулумдук кылып, падышанын чөйчөгү куржунунан табылгандан башка бирөөнү алып калмак белек?! Эгерде биз күнөөсүздү жазалап, күнөөлүүнү коё берсек, анда анык залым болобуз.
અરબી તફસીરો:
فَلَمَّا ٱسۡتَيۡـَٔسُواْ مِنۡهُ خَلَصُواْ نَجِيّٗاۖ قَالَ كَبِيرُهُمۡ أَلَمۡ تَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ أَبَاكُمۡ قَدۡ أَخَذَ عَلَيۡكُم مَّوۡثِقٗا مِّنَ ٱللَّهِ وَمِن قَبۡلُ مَا فَرَّطتُمۡ فِي يُوسُفَۖ فَلَنۡ أَبۡرَحَ ٱلۡأَرۡضَ حَتَّىٰ يَأۡذَنَ لِيٓ أَبِيٓ أَوۡ يَحۡكُمَ ٱللَّهُ لِيۖ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلۡحَٰكِمِينَ
Юсуф алардын суранычына жооп бергенден кийин үмүттөрү үзүлүп адамдардан четирээк барып кеңешишти. Алардын улуусу айтты: «Атаңарга анын баласын алып келебиз деп Аллахтын алдында анык убада бергениңерди унуттуңарбы? Ал силерге аны коргой албай тургандай абалга кабылсаңар гана кечирем деген. Буга чейин Юсуфка да кайдыгерлик кылгансыңар. Ал тууралуу атаңарга берген убадаңарды да аткарган эмессиңер. Эми атам мага кайтып барууга уруксат бермейинче же Аллах инимди алып кетүүнү насип кылмайынча мен Мисир жеринен кайтпайм. Аллах эң жакшы өкүм кылуучу. Ал акыйкат жана адилеттик менен өкүм кылат».
અરબી તફસીરો:
ٱرۡجِعُوٓاْ إِلَىٰٓ أَبِيكُمۡ فَقُولُواْ يَٰٓأَبَانَآ إِنَّ ٱبۡنَكَ سَرَقَ وَمَا شَهِدۡنَآ إِلَّا بِمَا عَلِمۡنَا وَمَا كُنَّا لِلۡغَيۡبِ حَٰفِظِينَ
Улуу агасы айтты: «Атаңарга баргыла да ага айткыла: «Балаңыз уурулук кылды. Уурулугунун жазасы катары Мисирдин башчысы аны кул кылды. Анын куржунунан падышанын чөйчөгү чыкканын өз көзүбүз менен көрүп билгенибиз үчүн гана айтып жатабыз. Биз анын уурдашын билген эмеспиз. Эгер муну билгенибизде анда сизге кайра алып келебиз деп убада бербейт элек.
અરબી તફસીરો:
وَسۡـَٔلِ ٱلۡقَرۡيَةَ ٱلَّتِي كُنَّا فِيهَا وَٱلۡعِيرَ ٱلَّتِيٓ أَقۡبَلۡنَا فِيهَاۖ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ
Оо, атаке! Биздин сөзүбүз чын экенин билгиңиз келсе, биз барган жердеги мисирликтерден сураңыз жана биз менен бирге келген кербендеги адамдардан да сураңыз. Алар биз сизге айткан сөздү айтышат. Чындыгында анын уурдаганы тууралуу сизге айткан сөзүбүздө чындыкты гана айтып жатабыз».
અરબી તફસીરો:
قَالَ بَلۡ سَوَّلَتۡ لَكُمۡ أَنفُسُكُمۡ أَمۡرٗاۖ فَصَبۡرٞ جَمِيلٌۖ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَأۡتِيَنِي بِهِمۡ جَمِيعًاۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡحَكِيمُ
Аларга атасы айтты: «Аны уурдады деп айткан сөзүңөр акылга сыйбаган иш. Бирок силерге напсиңер ага айла-амал кылууңарды кооз кылып көрсөтүптүр. Буга чейин анын агасы Юсуфка да ушундай айла-амал кылгансыңар. Эми жакшы гана сабыр кылам жана Аллахтын Өзүнө гана арызданам. Балким Аллах алардын баарысын – Юсуфту, анын инисин жана алардын улуу агасын чогу кайтарар. Чындыгында Аллах менин абалымдан Кабардар жана менин ишимди жөнгө салууда Даанышман».
અરબી તફસીરો:
وَتَوَلَّىٰ عَنۡهُمۡ وَقَالَ يَٰٓأَسَفَىٰ عَلَىٰ يُوسُفَ وَٱبۡيَضَّتۡ عَيۡنَاهُ مِنَ ٱلۡحُزۡنِ فَهُوَ كَظِيمٞ
Алардан жүзүн буруп: «Аттиң ай, Юсуф балама болгон кайгым жан кыйнады го!» – деди. Баласы үчүн көп ыйлагандыгынан анын көзүнүн карасы бозоруп, кайгы-капага толуп кеткен эле. Бирок ал кайгысын адамдарга айтчу эмес.
અરબી તફસીરો:
قَالُواْ تَٱللَّهِ تَفۡتَؤُاْ تَذۡكُرُ يُوسُفَ حَتَّىٰ تَكُونَ حَرَضًا أَوۡ تَكُونَ مِنَ ٱلۡهَٰلِكِينَ
Юсуфтун бир туугандары атасына айтышты: «Оо, атаке! Аллахка ант! Юсуфту эстеп кыйнала берип ооруңузду да күчөтүп алдыңыз же ушинте берип акыры өзүңүздү жок кыласыз».
અરબી તફસીરો:
قَالَ إِنَّمَآ أَشۡكُواْ بَثِّي وَحُزۡنِيٓ إِلَى ٱللَّهِ وَأَعۡلَمُ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ
Атасы аларга айтты: «Башыма түшкөн кайгы-капамды жалгыз Аллахка гана айтып арызданам. Мен Аллахтын мээримдүүлүгү, жакшылык кылуусу, зарыккандын дубасына жооп берүүсү жана башына кыйынчылык түшкөн адамга берген сыйлыгы тууралуу силер билбеген нерселерди билемин».
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• لا يجوز أخذ بريء بجريرة غيره، فلا يؤخذ مكان المجرم شخص آخر.
Күнөөсүз адамды башканын күнөөсү үчүн жазалоого уруксат берилбейт. Кылмышкердин ордуна башканы алууга да болбойт.

• الصبر الجميل هو ما كانت فيه الشكوى لله تعالى وحده.
Жакшы сабырдуулук деген – Аллах тааланын Өзүнө гана болгон арызданууну камтыган сабырдуулук.

• على المؤمن أن يكون على تمام يقين بأن الله تعالى يفرج كربه.
Ыймандуу адам Аллах таала аны кыйынчылыктан куткарат деген терең ишенимде болууга тийиш.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: યૂસુફ
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો