Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: ઈબ્રાહીમ   આયત:
وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ أَنجَىٰكُم مِّنۡ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ يَسُومُونَكُمۡ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ وَيُذَبِّحُونَ أَبۡنَآءَكُمۡ وَيَسۡتَحۡيُونَ نِسَآءَكُمۡۚ وَفِي ذَٰلِكُم بَلَآءٞ مِّن رَّبِّكُمۡ عَظِيمٞ
Оо, пайгамбар! Муса Раббисинин буйругун аткарып өз коомунан болгон Исраил урпактарына Аллахтын жакшылыктарын эскертип мындай деп айтты: “Эй, коомум! Аллах силерди Фараондун жан-жөкөрлөрүнөн куткарып, силерди алардын азабынан сактады. Алар силерди катуу азапка салды, анткени силерден Фараондун тактысын ээлеп ала турган урпактар төрөлбөш үчүн эркек уулдарыңарды сойду. Силердин аялдарыңарды дүйнө жашоосунда кор кылыш үчүн тирүү калтырды. Алардын бул кылган иштеринде сабырдуулукка болгон чоң сыноо бар. Бул сыноого сабыр кылганыңар үчүн Аллах силерди Фараондун жан-жөкөрлөрүнөн куткаруу менен сыйлыгын берди”.
અરબી તફસીરો:
وَإِذۡ تَأَذَّنَ رَبُّكُمۡ لَئِن شَكَرۡتُمۡ لَأَزِيدَنَّكُمۡۖ وَلَئِن كَفَرۡتُمۡ إِنَّ عَذَابِي لَشَدِيدٞ
Аларга Муса мындай деп айтты: “Раббиңер силерге кылган ачык билдирүүсүн эстегиле. Эгер силерге берген жогорудагы эскертилген жакшылыктары үчүн Аллахка шүгүр кылсаңар, анда силерге Өз жакшылыгы менен андан да ашырып берет. Эгер Аллах силерге берген жакшылыктарын жокко чыгарып шүгүр кылбасаңар, анда Аллахтын жакшылыктарын жокко чыгарып шүгүр кылбагандар үчүн Аллахтын азабы катуу”.
અરબી તફસીરો:
وَقَالَ مُوسَىٰٓ إِن تَكۡفُرُوٓاْ أَنتُمۡ وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا فَإِنَّ ٱللَّهَ لَغَنِيٌّ حَمِيدٌ
Муса өз коомуна мындай деп айтты: “Эй, коомум! Эгер силер каапырлык кылсаңар, анда силер менен бирге жер жүзүндөгү адамдардын баары каапырлык кылышат. Анын зыяны өзүңөргө кайтып келет. Анткени Аллах эч нерсеге муктаж эмес. Ал Өзү мактоого татыктуу. Ага момундун ыйман келтирүүсү эч пайда бербейт. Ошондой эле каапырлардын каапырлыгы эч зыянын тийгизбейт”.
અરબી તફસીરો:
أَلَمۡ يَأۡتِكُمۡ نَبَؤُاْ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ قَوۡمِ نُوحٖ وَعَادٖ وَثَمُودَ وَٱلَّذِينَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡ لَا يَعۡلَمُهُمۡ إِلَّا ٱللَّهُۚ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَرَدُّوٓاْ أَيۡدِيَهُمۡ فِيٓ أَفۡوَٰهِهِمۡ وَقَالُوٓاْ إِنَّا كَفَرۡنَا بِمَآ أُرۡسِلۡتُم بِهِۦ وَإِنَّا لَفِي شَكّٖ مِّمَّا تَدۡعُونَنَآ إِلَيۡهِ مُرِيبٖ
Оо, каапырлар! Силерге өзүңөрдөн мурун өткөн жалганчы коомдор, Нух пайгамбардын коому, Худ пайгамбардын Аад коому, Салих пайгамбардын Самуд коому жана алардан кийин келген коомдордун саны көп болуп, алардын санын Аллахтан башка эч ким санай албагандарды жок кылган кабары келген жок беле? Аларга пайгамбарлары ачык далилдерди алып келишти. Алар пайгамбарларына ачуулангандары себептүү бармактарын тиштеп калышты. Ошондо алар пайгамбарларына мындай деп айтышты: “Биз силер жиберилген нерсеге каапыр болдук. Албетте бизди шекке алып бара турган силер чакырып жаткан нерсеге күмөн санап жатабыз”.
અરબી તફસીરો:
۞ قَالَتۡ رُسُلُهُمۡ أَفِي ٱللَّهِ شَكّٞ فَاطِرِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ يَدۡعُوكُمۡ لِيَغۡفِرَ لَكُم مِّن ذُنُوبِكُمۡ وَيُؤَخِّرَكُمۡ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ قَالُوٓاْ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا تُرِيدُونَ أَن تَصُدُّونَا عَمَّا كَانَ يَعۡبُدُ ءَابَآؤُنَا فَأۡتُونَا بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ
Аларга пайгамбарлары жооп кайтарып мындай деп айтышты: “Аллахты жалгыздоодо жана жалгыз Өзүнө сыйынууда шек барбы? Ал асмандар менен жердин жаратуучусу, ал экөөсүн мурун болбогондой көрүнүштө жаратты. Ал силердин өткөн күнөөңөрдү кечириш үчүн силерди Өзүнө ыйман келтирүүгө чакырып жатат. Силерди дүйнө жашоосундагы белгиленген ажалыңар келгиче кечиктирет”. Ошондо элдери пайгамбарларына мындай дейт: “Силер бизге окшогон адам эмессиңерби? Силерде бизден өзгөчө боло турган нерсе жок го. Силер мурун ата-бабаларыбыз сыйынган нерседен бизди алыстатууну каалап жатасыңарбы? Анда силер бизге Аллахтан келген пайгамбарларбыз деген сөзүңөргө чынчыл болсоңор ачык далил алып келгилечи?”
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• من وسائل الدعوة تذكير المدعوين بنعم الله تعالى عليهم، خاصة إن كان ذلك مرتبطًا بنعمة كبيرة، مثل نصر على عدوه أو نجاة منه.
Даават кылуу жолдорунун бири даават кылынып жаткандарга Аллахтын аларга кылган жакшылыктарын эскертүү. Айрыкча ал чоң жакшылыктарга байланыштуу болсо. Мисалы, Аллах сага душманыңдын үстүнөн жеңиш бериши же сени душманыңдан куткарышы.

• من فضل الله تعالى أنه وعد عباده مقابلة شكرهم بمزيد الإنعام، وفي المقابل فإن وعيده شديد لمن يكفر به.
Аллахтын бизге берген жакшылыктарынын бири Ал Өзүнө шүгүр кылган пенделерине жакшылыгын ашырып берет. Ал эми ким Аллахка каапырлык кылса, анда ага Анын жазасы өтө катаал.

• كفر العباد لا يضر اللهَ البتة، كما أن إيمانهم لا يضيف له شيئًا، فهو غني حميد بذاته.
Пенделердин каапырлык кылганы Аллахка эч зыян бербейт. Ошондой эле пенделердин ыйман келтирүүсү Аллахтын мүлкүнө эч бир нерсени кошпойт. Анткени Ал эч нерсеге муктаж эмес мактоого татыктуу Зат.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: ઈબ્રાહીમ
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો