Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અસ્ સોફ્ફાત   આયત:
مَا لَكُمۡ لَا تَنَاصَرُونَ
Аларга жеме иретинде айтылат: «Силерге эмне болду, дүйнөдө бири-бириңерди колдогондой колдобой жатасыңар, кудайларыңар силерди колдойт деп ойлочуңар эле го?».
અરબી તફસીરો:
بَلۡ هُمُ ٱلۡيَوۡمَ مُسۡتَسۡلِمُونَ
Жок! Алар бүгүн кордолуп Аллахтын буйругуна баш ийишет. Алар алсыздыктары жана айла-амалдары түгөнгөндүгү себептүү бири-бирин колдой алышпайт.
અરબી તફસીરો:
وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ
Алар бири-бирин жемелешип, талашып-тартышат. Ал кезде жеме да, талашуу да пайда бербейт.
અરબી તફસીરો:
قَالُوٓاْ إِنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَأۡتُونَنَا عَنِ ٱلۡيَمِينِ
Ээрчигендер башчыларына айтышат: «Эй, биздин башчылар! Силер дин жана акыйкат тараптан келип, бизге каапырлыкты, ширкти жана күнөөлөрдү кооз кылып көргөзгөнсүңөр жана Аллах тараптан пайгамбарлар алып келген акыйкаттан бизди алыстаткансыңар».
અરબી તફસીરો:
قَالُواْ بَل لَّمۡ تَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ
Башчылар ээрчигендерге айтышат: «Бул иш силер ойлогондой эмес. Силер өзүңөр каапыр болгонсуңар, ыймандуу болгон эмессиңер. Өзүңөр четке каккансыңар».
અરબી તફસીરો:
وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيۡكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭۖ بَلۡ كُنتُمۡ قَوۡمٗا طَٰغِينَ
Эй, ээрчигендер! Биз силерди мажбурлап же үстөмдүк кылып каапырлыкка, ширкке жана күнөөгө түртө тургандай бизге бийлик берилген эмес. Силер өзүңөр каапырлыкта жана ширкте чектен ашкан коом болдуңар.
અરબી તફસીરો:
فَحَقَّ عَلَيۡنَا قَوۡلُ رَبِّنَآۖ إِنَّا لَذَآئِقُونَ
Эми бизге да, силерге да Аллахтын «Мен тозокту сени жана сени ээрчигендердин баарысы менен толтурам (85-бет)» деген убадасы анык болду. Андыктан биз Раббибиз убада кылган нерсени сөзсүз тартабыз.
અરબી તફસીરો:
فَأَغۡوَيۡنَٰكُمۡ إِنَّا كُنَّا غَٰوِينَ
Биз силерди адашууга жана каапырлыкка үндөдүк. Чындыгында биз акыйкат жолдон адашкандар элек.
અરબી તફસીરો:
فَإِنَّهُمۡ يَوۡمَئِذٖ فِي ٱلۡعَذَابِ مُشۡتَرِكُونَ
Чындыгында ээрчигендер да, ээрчиткендер да кыямат күнү биргеликте азапта болушат.
અરબી તફસીરો:
إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ
Чындыгында Биз аларга азапты тарттырганыбыз сыяктуу алардан башка күнөөлөрдү да ошондой кылабыз.
અરબી તફસીરો:
إِنَّهُمۡ كَانُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسۡتَكۡبِرُونَ
Эгерде ал мушриктерге дүйнөдө: «Аллахтан башка кудай жок» деп анын талабына ылайык иш-аракет кылгыла жана ага каршы келгенди таштагыла» – деп айтылса, алар акыйкатка текеберлик кылып, бой көтөрүп ага жооп берүүдөн жана моюн сунуудан баш тартышты.
અરબી તફસીરો:
وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓاْ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٖ مَّجۡنُونِۭ
Алар каапырлыктарына далил кылып: «Биз кайдагы бир жинди акындын сөзү үчүн эле кудайларыбызга сыйынганды таштамак белек?» – дешти. Алар бул бул айткан сөзү менен пайгамбарды максат кылышты.
અરબી તફસીરો:
بَلۡ جَآءَ بِٱلۡحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Алардын жалаасы аша чаап кетти. Аллахтын элчиси жинди да, акын да эмес. Ал Аллахтын жалгыздыгынына жана Анын элчисин ээрчүүгө чакырган Куранды алып келди жана ошондой эле пайгамбарлардын Аллах тараптан алып келишкен Аллахты жалгыздоо жана акырет анык экендиги тууралуу нерселерде чынчыл экендиктерин тастыктады жана аларга каршы чыккан жок.
અરબી તફસીરો:
إِنَّكُمۡ لَذَآئِقُواْ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَلِيمِ
Эй, мушриктер! Силер каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү кыямат күнү кыйноочу азапты татасыңар.
અરબી તફસીરો:
وَمَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Эй, мушриктер! Силер дүйнөдө Аллахка каапырлык жана күнөөлөрдү кылганыңарга жараша жазаңарды аласыңар.
અરબી તફસીરો:
إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Бирок Аллах аларды сыйынууда ыкластуу кылган жана алар дагы Ага ыкластуулук менен сыйынышкан Анын ыймандуу пенделери – мына ошолор азаптан кутулуучулар.
અરબી તફસીરો:
أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ رِزۡقٞ مَّعۡلُومٞ
Ошол ыкластуу пенделерге өз жакшылыгы, кооздугу жана түбөлүктүүлү менен маалым болгон Аллахтын ырыскысы бар.
અરબી તફસીરો:
فَوَٰكِهُ وَهُم مُّكۡرَمُونَ
Алар каалаган жана жеген даамдуу мөмө-жемиштер аларга ырыскы. Буга кошумча алар даражасы көтөрүлүү жана Улуу Аллахтын Жүзүн көрүү менен да сыйланат.
અરબી તફસીરો:
فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Алар ушулардын баарысына эч качан бүтпөгөн туруктуу, түбөлүктүү жана жыргал бейиштерде жетишет.
અરબી તફસીરો:
عَلَىٰ سُرُرٖ مُّتَقَٰبِلِينَ
Алар сөрүлөргө сүйөнүшүп бет маңдай бири-бирин карап олтурушат.
અરબી તફસીરો:
يُطَافُ عَلَيۡهِم بِكَأۡسٖ مِّن مَّعِينِۭ
Аларга аккан суудай таза болгон шарап куюлган кеселер айлантылат.
અરબી તફસીરો:
بَيۡضَآءَ لَذَّةٖ لِّلشَّٰرِبِينَ
Өңү аппак, аны ичкен адам болуп көрбөгөндөй ырахат алат.
અરબી તફસીરો:
لَا فِيهَا غَوۡلٞ وَلَا هُمۡ عَنۡهَا يُنزَفُونَ
Ал адамдын акылын кетирип мас кылган дүйнөдөгү шараптай эмес. Аны ичкен адамдын башы оорубайт, денесине жана акылына закаласы тийбейт.
અરબી તફસીરો:
وَعِندَهُمۡ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ عِينٞ
Жана бейиште алардын бакыраң көздүү, абийирдүү аялдары болот, алар күйөөсүнөн башка эч кимге көз салбайт.
અરબી તફસીરો:
كَأَنَّهُنَّ بَيۡضٞ مَّكۡنُونٞ
Алардын түсүнүн апапакайлыгы эч бир кол тийбей сакталган чымчык жумурткасынын сарысы менен болгон аралашма сымал.
અરબી તફસીરો:
فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ
Бейиштегилер бири-биринен дүйнөдөгү өткөн чагы жана кандай окуялар болгондугу тууралуу сурашат.
અરબી તફસીરો:
قَالَ قَآئِلٞ مِّنۡهُمۡ إِنِّي كَانَ لِي قَرِينٞ
Ал ыймандуулардан бирөөсү айтат: «Менин бир таанышым бар эле, ал кайра тирилүүнү жокко чыгарчу.
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• سبب عذاب الكافرين: العمل المنكر؛ وهو الشرك والمعاصي.
Каапырлардын азапталышынын себеби – жамандык иш, тагыраак айтканда ширк жана күнөөлөр.

• من نعيم أهل الجنة أنهم نعموا باجتماع بعضهم مع بعض، ومقابلة بعضهم مع بعض، وهذا من كمال السرور.
Бейиштегилердин жыргалчылыктарынан, алар бири-бири менен чогулушуп, жолугушуп кубанычка батышат. Ал эми бул болсо кубанычтын туу чокусу.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અસ્ સોફ્ફાત
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો