કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર આયત: (10) સૂરહ: અઝ્ ઝુમર
قُلۡ يَٰعِبَادِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡۚ لِلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٞۗ وَأَرۡضُ ٱللَّهِ وَٰسِعَةٌۗ إِنَّمَا يُوَفَّى ٱلصَّٰبِرُونَ أَجۡرَهُم بِغَيۡرِ حِسَابٖ
Оо, пайгамбар! Мага жана пайгамбарларга ыйман келтирген пенделериме айт: «Раббиңердин буйруктарына баш ийип, тыюуларын таштап Андан корккула! Силерден бул дүйнөдө жакшылык иштерди кылгандар үчүн дүйнө жашоосунда жеңиш, ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктар болот. Ал эми акыретте бейиш болот. Аллахтын жери кенен. Андыктан Аллахка сыйынууга тоскоолдук жаратпагандай жер тапканга чейин көчө бергиле! Чындыгында кыямат күнү сабырдууларга берилген сооп-сыйлыктары көптүк жана түрдүүлүк жактан эсепсиз жана ченемсиз болот».
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• رعاية الله للإنسان في بطن أمه.
Адам энесинин курсагында болгон кездеги Аллахтын ага кылган камкордугу.

• ثبوت صفة الغنى وصفة الرضا لله.
Аллахтын бай жана ыраазы болуу сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо.

• تعرّف الكافر إلى الله في الشدة وتنكّره له في الرخاء، دليل على تخبطه واضطرابه.
Каапыр адамдын кыйынчылыкта Аллахты таанып, ал эми барчылыкта Аны танып кетүүсү – анын каталыгына жана экиленүүсүнө далил болот.

• الخوف والرجاء صفتان من صفات أهل الإيمان.
Коркуу жана үмүт кылуу – ыймандуу адамдардын сыпаттарынан.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર આયત: (10) સૂરહ: અઝ્ ઝુમર
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

બંધ કરો