Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ મુલ્ક   આયત:
وَأَسِرُّواْ قَوۡلَكُمۡ أَوِ ٱجۡهَرُواْ بِهِۦٓۖ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Оо, адамдар! Силер сөзүңөрдү жашырасыңарбы же ачык айтасыңарбы, Ал пенделеринин жүрөгүндөгү нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
અરબી તફસીરો:
أَلَا يَعۡلَمُ مَنۡ خَلَقَ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلۡخَبِيرُ
Бүткүл макулуктарды Жаратуучу сырды же сырдан да жашыруун болгон нерселерди билбейт бекен? Ал пенделерине Боорукер, алардын иштеринен Кабардар. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
અરબી તફસીરો:
هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ ذَلُولٗا فَٱمۡشُواْ فِي مَنَاكِبِهَا وَكُلُواْ مِن رِّزۡقِهِۦۖ وَإِلَيۡهِ ٱلنُّشُورُ
Ал силерге жерди жашоо үчүн ыңгайлуу жана тегиз кылды. Эми силер анын ар тарабында жүрүп, Анын силер үчүн даярдап койгон ырыскысынан жегиле. Сурак берүү жана сыйлык-жаза алуу үчүн кайра тирилип Ага гана барасыңар.
અરબી તફસીરો:
ءَأَمِنتُم مَّن فِي ٱلسَّمَآءِ أَن يَخۡسِفَ بِكُمُ ٱلۡأَرۡضَ فَإِذَا هِيَ تَمُورُ
Жер бети жашоого ыңгайлуу болгондон кийин Аллах аны Карундун астынан ачып жибергендей, силердин да астыңардан ачып жибербейт деп ишенесиңерби? Ал тынч абалынан кийин, силерди күтүүсүздөн силкилдетип баштайт.
અરબી તફસીરો:
أَمۡ أَمِنتُم مَّن فِي ٱلسَّمَآءِ أَن يُرۡسِلَ عَلَيۡكُمۡ حَاصِبٗاۖ فَسَتَعۡلَمُونَ كَيۡفَ نَذِيرِ
Же болбосо, асмандагы Аллах Луттун коомуна асмандан таш жаадыргандай, силерге да жаадырбайт деп ишенесиңерби? Силер жакында Менин жазамды жана эскертмемди көргөндө билесиңер. Бирок силер азапты көргөндөн кийин андан эч пайда албайсыңар.
અરબી તફસીરો:
وَلَقَدۡ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَكَيۡفَ كَانَ نَكِيرِ
Ал мушриктерден мурунку коомдор дагы жалганга чыгарышты. Алар каапырлыктан жана жалганга чыгаруудан кайтпай туруп алышканда, аларга Аллахтын азабы түштү. Менин аларды четке какканым кандай болду? Ал катаал четке кагуу болду.
અરબી તફસીરો:
أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلطَّيۡرِ فَوۡقَهُمۡ صَٰٓفَّٰتٖ وَيَقۡبِضۡنَۚ مَا يُمۡسِكُهُنَّ إِلَّا ٱلرَّحۡمَٰنُۚ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَيۡءِۭ بَصِيرٌ
Ал жалганчылар үстүлөрүндө учуп бараткан, абада канатын бирде жайып, бирде жыйган кушка карашпайбы? Аларды Аллах гана жерге түшүрбөй кармап турат. Чындыгында Ал бардык нерселерди Көрүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
અરબી તફસીરો:
أَمَّنۡ هَٰذَا ٱلَّذِي هُوَ جُندٞ لَّكُمۡ يَنصُرُكُم مِّن دُونِ ٱلرَّحۡمَٰنِۚ إِنِ ٱلۡكَٰفِرُونَ إِلَّا فِي غُرُورٍ
Эй, каапырлар! Эгерде Аллах силерди азаптоону кааласа, анда силерди Анын азабынан коргой турган аскериңер жок. Каапырлар алданууда, алар шайтанга азрыгылып алданышты.
અરબી તફસીરો:
أَمَّنۡ هَٰذَا ٱلَّذِي يَرۡزُقُكُمۡ إِنۡ أَمۡسَكَ رِزۡقَهُۥۚ بَل لَّجُّواْ فِي عُتُوّٖ وَنُفُورٍ
Эгерде Аллах силерге ырыскысын жеткирбей токтотуп койсо, эч ким силерге ырыскы бере албайт. Бирок натыйжада алар каршылашууну, текеберлик кылууну жана акыйкаттан баш тартууну токтотушкан жок.
અરબી તફસીરો:
أَفَمَن يَمۡشِي مُكِبًّا عَلَىٰ وَجۡهِهِۦٓ أَهۡدَىٰٓ أَمَّن يَمۡشِي سَوِيًّا عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Кимиси эң туура жолдо кетүүчү: жүзүн жерге салып баскан мушрикпи, же туура жолдо түз баскан ыймандуу адамбы?
અરબી તફસીરો:
قُلۡ هُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَكُمۡ وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَۚ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Аллах силерди жаратты жана силерге угуу үчүн кулакты, көрүү үчүн көздү, акыл жүгүртүү үчүн жүрөктү берди. Силер Аллахтын берген жакшылыктарына аз шүгүр кыласыңар».
અરબી તફસીરો:
قُلۡ هُوَ ٱلَّذِي ذَرَأَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَإِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ
Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Аллах силерди жер бетине таркатты жана жайылтты. Аны эч нерсени жарата албаган кудайларыңар кылган жок. Кыямат күнү сурак берүү жана жаза-сыйлык алуу үчүн кудайларыңарга эмес, Ага гана жыйналасыңар».
અરબી તફસીરો:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес дегендер айтышат: «Оо, Мухаммад! Сен жана сенин сахабаларың айтып жаткан сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, анда бизге аны келет деп айткан бул убадаңар качан болот?».
અરબી તફસીરો:
قُلۡ إِنَّمَا ٱلۡعِلۡمُ عِندَ ٱللَّهِ وَإِنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٞ مُّبِينٞ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Кыяматтын илими Аллахтын гана алдында. Анын качан болорун Ал гана билет. Мен болгону силерге ачык эскертүүчүмүн».
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• اطلاع الله على ما تخفيه صدور عباده.
Аллахтын пенделердин көкүрөктөрүндө жашырылган нерселерди билүүсү.

• الكفر والمعاصي من أسباب حصول عذاب الله في الدنيا والآخرة.
Каапырлык жана күнөөлөрдү кылуу – дүйнөдө жана акыретте Аллахтын азабына туш кылуучу себептерден.

• الكفر بالله ظلمة وحيرة، والإيمان به نور وهداية.
Аллахка каапырлык кылуу – караңгылык жана башаламандык, ал эми Ага ыйман келтирүү – нур жана туура жол.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ મુલ્ક
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો