Check out the new design

કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ * - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા


શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ મઆરિજ   આયત:

Маариж

સૂરતના હેતુઓ માંથી:
بيان حال وجزاء الخلق يوم القيامة.
Кыямат күнүндөгү калайыктын абалы жана жазасы тууралуу баяндаган

سَأَلَ سَآئِلُۢ بِعَذَابٖ وَاقِعٖ
Мушриктерден бир суроочу адам, эгер бул азап боло турган болсо, мага жана элиме азап болсунчу деп сурады. Бул анын шылдыңы болчу. Ал кыямат күнү болот.
અરબી તફસીરો:
لِّلۡكَٰفِرِينَ لَيۡسَ لَهُۥ دَافِعٞ
Аллахка каапырлык кылгандарга. Ал азапты эч ким кайтара албайт.
અરબી તફસીરો:
مِّنَ ٱللَّهِ ذِي ٱلۡمَعَارِجِ
Ал бийиктик, даражалар, артыкчылыктар жана жакшылыктар Ээси Аллах тараптан.
અરબી તફસીરો:
تَعۡرُجُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥ خَمۡسِينَ أَلۡفَ سَنَةٖ
Кыямат күнү периштелер Ага көтөрүлөт жана Жебреил да ошол даражаларда болот. Ал узактыгы элүү миң жылга барабар узак күн.
અરબી તફસીરો:
فَٱصۡبِرۡ صَبۡرٗا جَمِيلًا
Оо, пайгамбар! Эч кандай коркунуч жана арыз-муң болбогон сабырдуулук менен сабыр кыл.
અરબી તફસીરો:
إِنَّهُمۡ يَرَوۡنَهُۥ بَعِيدٗا
Алар бул азапты болушу мүмкүн эместей алыс деп эсептешет.
અરબી તફસીરો:
وَنَرَىٰهُ قَرِيبٗا
Биз болсо анын анык болоруна жакын калганын көрүп турабыз.
અરબી તફસીરો:
يَوۡمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلۡمُهۡلِ
Ал күндө асман эритилген жез, алтын же башка сыяктуу болот.
અરબી તફસીરો:
وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ
Тоолор болсо жүндөй үлпүлдөк болуп калат.
અરબી તફસીરો:
وَلَا يَسۡـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمٗا
Жакын жакынынын акыбалын сурабайт. Анткени ар бири өзү менен гана алек болуп калат.
અરબી તફસીરો:
આયતોના ફાયદાઓ માંથી:
• تنزيه القرآن عن الشعر والكهانة.
Курандын поэзияга жана көзү ачыктыкка катышы жок.

• خطر التَّقَوُّل على الله والافتراء عليه سبحانه.
Аллахтын атынан жалган айтуунун жана Ага жалаа жабуунун коркунучу.

• الصبر الجميل الذي يحتسب فيه الأجر من الله ولا يُشكى لغيره.
Кооз сабырдуулук деген Аллахтан сооп үмүт кылуу жана башкаларга арызданбоо.

 
શબ્દોનું ભાષાંતર સૂરહ: અલ્ મઆરિજ
સૂરહ માટે અનુક્રમણિકા પેજ નંબર
 
કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝિયહ ભાષામાં અલ્ મુખતસર ફી તફસીરિલ્ કુરઆનીલ્ કરીમ કિતાબનું અનુવાદ - ભાષાંતરોની અનુક્રમણિકા

તફસીર લિદ્ દિરાસતીલ્ કુરઆનિયહ કેન્દ્ર દ્વારા પ્રકાશિત.

બંધ કરો