Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Yusuf   Aya:
وَرَٰوَدَتۡهُ ٱلَّتِي هُوَ فِي بَيۡتِهَا عَن نَّفۡسِهِۦ وَغَلَّقَتِ ٱلۡأَبۡوَٰبَ وَقَالَتۡ هَيۡتَ لَكَۚ قَالَ مَعَاذَ ٱللَّهِۖ إِنَّهُۥ رَبِّيٓ أَحۡسَنَ مَثۡوَايَۖ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Вазирдин аялы жумшактык жана айлакерлик менен Юсуфтан бузукулукка барууну суранып, аны менен жалгыз калыш үчүн эшиктердин баарын кулптады да ага: «Бери келчи мага!» – деди. Юсуф айтты: «Аллах мени бул чакырып жаткан ишиңден сактасын! Менин кожоюнум өз алдынан мени жакшы орунга жайгаштырды. Мен ага эч качан кыянат кылбайм. Ага кыянаттык кылчу болсом залымдардан болуп калам. Чындыгында залымдар жеңишке жетишпейт».
Tafsiran larabci:
وَلَقَدۡ هَمَّتۡ بِهِۦۖ وَهَمَّ بِهَا لَوۡلَآ أَن رَّءَا بُرۡهَٰنَ رَبِّهِۦۚ كَذَٰلِكَ لِنَصۡرِفَ عَنۡهُ ٱلسُّوٓءَ وَٱلۡفَحۡشَآءَۚ إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُخۡلَصِينَ
Ал аялдын напсиси бузукулук кылууну каалады. Эгерде ошол нерседен аны токтотуп алыстаткан Аллахтын белгилерин көрбөгөндө, ал нерсе анын да оюна келмек. Аны жамандыктан сакташ үчүн жана аны зына менен кыянаттыктан алыстатыш үчүн Биз ага аларды көрсөттүк. Чындыгында Юсуф пайгамбарлыкка тандалган пенделерибизден эле.
Tafsiran larabci:
وَٱسۡتَبَقَا ٱلۡبَابَ وَقَدَّتۡ قَمِيصَهُۥ مِن دُبُرٖ وَأَلۡفَيَا سَيِّدَهَا لَدَا ٱلۡبَابِۚ قَالَتۡ مَا جَزَآءُ مَنۡ أَرَادَ بِأَهۡلِكَ سُوٓءًا إِلَّآ أَن يُسۡجَنَ أَوۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Экөө тең эшикти көздөй жарыша чуркап жөнөштү, Юсуф өзүн сакташ үчүн, тигил болсо аны чыгарбаш үчүн. Ошондо аны чыгарбайын деп көйнөгүнөн тартканда арка жагы айрылып кетти. Экөөсү эшиктин оозунан күйөөсүнө туш болуп калышты. Вазирдин аялы вазирге жалган сүйлөп: «Оо, вазир! Сиздин аялыңыз менен бузукулук кылам дегендин жазасы – зындан же жан кыйноочу азап болсун!» – деди.
Tafsiran larabci:
قَالَ هِيَ رَٰوَدَتۡنِي عَن نَّفۡسِيۚ وَشَهِدَ شَاهِدٞ مِّنۡ أَهۡلِهَآ إِن كَانَ قَمِيصُهُۥ قُدَّ مِن قُبُلٖ فَصَدَقَتۡ وَهُوَ مِنَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Юсуф (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) мындай деди: «Ал өзү мени бузук ишке чакырды. Мен аны каалаган да эмесмин». Аялдын туугандарынан бирөө күбө болуп: «Эгерде Юсуфтун көйнөгү алды жагынан айрылса, анда аялдын айтканы чын экенине далил болот. Анткени, аял андан өзүн коргогон болот. Мында тиги (Юсуф) жалганчы болот.
Tafsiran larabci:
وَإِن كَانَ قَمِيصُهُۥ قُدَّ مِن دُبُرٖ فَكَذَبَتۡ وَهُوَ مِنَ ٱلصَّٰدِقِينَ
А, эгер анын көйнөгүнүн арты айрылса, анда бул Юсуфтун чын айтып жатканына далил болот. Анткени аял аны азгырды, ал болсо андан качты. Мында аял жалганчы болот».
Tafsiran larabci:
فَلَمَّا رَءَا قَمِيصَهُۥ قُدَّ مِن دُبُرٖ قَالَ إِنَّهُۥ مِن كَيۡدِكُنَّۖ إِنَّ كَيۡدَكُنَّ عَظِيمٞ
Вазир Юсуфтун көйнөгү арт жагынан айрылганын көргөндө анын айткан сөзү чын экени анык болду. Ал айтты: «Эй, аялдар! Мунун буга жапкан жалган жалаасы – силердин айлакерлигиңерден. Чындыгында силердин айлакерлигиңер өтө күчтүү».
Tafsiran larabci:
يُوسُفُ أَعۡرِضۡ عَنۡ هَٰذَاۚ وَٱسۡتَغۡفِرِي لِذَنۢبِكِۖ إِنَّكِ كُنتِ مِنَ ٱلۡخَاطِـِٔينَ
Юсуфка айтты: «Оо, Юсуф! Бул болгон ишти көңүлүңө алба, аны эч кимге айтпа! А сен болсо күнөөң үчүн кечирим сура. Чындыгында сен Юсуфту азгырганың себептүү күнөөкөр болдуң».
Tafsiran larabci:
۞ وَقَالَ نِسۡوَةٞ فِي ٱلۡمَدِينَةِ ٱمۡرَأَتُ ٱلۡعَزِيزِ تُرَٰوِدُ فَتَىٰهَا عَن نَّفۡسِهِۦۖ قَدۡ شَغَفَهَا حُبًّاۖ إِنَّا لَنَرَىٰهَا فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Шаарда ал тууралуу сөз таркады. Бир топ аялдар жактырбагандай: «Вазирдин аялы өз кулун азгырыптыр. Аны чын дилинен сүйүп калыптыр. Биз анын азгырганын жана сүйүп калганын ачык эле адашуу деп ойлойбуз» – деп сөз кылышты.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• قبح خيانة المحسن في أهله وماله، الأمر الذي ذكره يوسف من جملة أسباب رفض الفاحشة.
Жакшылык кылган адамдын үй-бүлөсүнө жана мал-мүлкүнө кыянаттык кылуунун жамандыгы. Юсуфтун ал иш тууралуу айткан сөзү – бузукулуктан баш тартуунун себептерине кирет.

• بيان عصمة الأنبياء وحفظ الله لهم من الوقوع في السوء والفحشاء.
Пайгамбарлардын күнөөдөн тазалыгын жана Аллахтын аларды күнөө жана бузукулук кылуудан сактоосун баяндоо.

• وجوب دفع الفاحشة والهرب والتخلص منها.
Бузукулуктан сактануунун жана андан качып кутулуунун милдеттиги.

• مشروعية العمل بالقرائن في الأحكام.
Өкүмдөрдө далилдерге карап иш кылуунун уруксаттыгы.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Yusuf
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa