Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Daha   Aya:
قَالُواْ يَٰمُوسَىٰٓ إِمَّآ أَن تُلۡقِيَ وَإِمَّآ أَن نَّكُونَ أَوَّلَ مَنۡ أَلۡقَىٰ
Сыйкырчылар Мусага айтышты: «Эй, Муса! Экөөнүн бирөөсүн танда, сыйкыр көрсөтүүнү сен биринчи баштайсыңбы же биз биринчи баштайлыбы?».
Tafsiran larabci:
قَالَ بَلۡ أَلۡقُواْۖ فَإِذَا حِبَالُهُمۡ وَعِصِيُّهُمۡ يُخَيَّلُ إِلَيۡهِ مِن سِحۡرِهِمۡ أَنَّهَا تَسۡعَىٰ
Муса: «Жок, силер биринчи таштагыла!» – деди. Алар өздөрүндөгү нерселерди ташташканда, алардын таштаган аркандары жана таяктары сыйкырдан улам Мусага бат сойлогон жыландардай элес болуп көрүндү.
Tafsiran larabci:
فَأَوۡجَسَ فِي نَفۡسِهِۦ خِيفَةٗ مُّوسَىٰ
Муса алардын бул кылгандарынан сестенип кеткенин ичине жашырды.
Tafsiran larabci:
قُلۡنَا لَا تَخَفۡ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡأَعۡلَىٰ
Аллах Мусанын көңүлүн тынчтандырып мындай деди: «Сага элес болуп көрүнгөн нерселерден коркпо! Оо, Муса! Чындыгында сен жеңиш жана колдоо менен алардан бийиксиң».
Tafsiran larabci:
وَأَلۡقِ مَا فِي يَمِينِكَ تَلۡقَفۡ مَا صَنَعُوٓاْۖ إِنَّمَا صَنَعُواْ كَيۡدُ سَٰحِرٖۖ وَلَا يُفۡلِحُ ٱلسَّاحِرُ حَيۡثُ أَتَىٰ
Оң колуңдагы аса таякты ташта, ал жыланга айланып, алардын кылган сыйкырларын жутуп коёт. Алардын кылгандары сыйкырлуу айла-амалдан башка эч нерсе эмес. Сыйкырчы кайда болсо дагы максатына жетпейт.
Tafsiran larabci:
فَأُلۡقِيَ ٱلسَّحَرَةُ سُجَّدٗا قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِرَبِّ هَٰرُونَ وَمُوسَىٰ
Муса аса таягын таштаганда ал жыланга айланып, сыйкырчылардын кылгандарын жутуп койду. Ошондо сыйкырчылар Мусанын кылганы сыйкыр эмес экендигин жана бул Аллах тараптан гана болгондугун билишип Аллахка сажда кылышты. Алар: «Биз Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик. Ал бардык жаратылыштын Раббиси» – дешти.
Tafsiran larabci:
قَالَ ءَامَنتُمۡ لَهُۥ قَبۡلَ أَنۡ ءَاذَنَ لَكُمۡۖ إِنَّهُۥ لَكَبِيرُكُمُ ٱلَّذِي عَلَّمَكُمُ ٱلسِّحۡرَۖ فَلَأُقَطِّعَنَّ أَيۡدِيَكُمۡ وَأَرۡجُلَكُم مِّنۡ خِلَٰفٖ وَلَأُصَلِّبَنَّكُمۡ فِي جُذُوعِ ٱلنَّخۡلِ وَلَتَعۡلَمُنَّ أَيُّنَآ أَشَدُّ عَذَابٗا وَأَبۡقَىٰ
Сыйкырчылардын ыйман келтиргендерин Фараон четке кагып, азап менен коркутуп: «Мен силерге уруксат бере электе эле Мусага ыйман келтирдиңерби?! Эй, сыйкырчылар! Көрсө, Муса силерге сыйкырды үйрөткөн башчыңар турбайбы?! Эми мен ар бириңердин колу-бутуңарды кайчылаштырып кесип, тирүүлөй курма дарагына асамын. Бул кылганыңар башкаларга сабак болот! Ошондо кимибиздин азабыбыз оор жана узак экенин анык билесиңер, менинби же Мусанын Раббисининби?!» – деди.
Tafsiran larabci:
قَالُواْ لَن نُّؤۡثِرَكَ عَلَىٰ مَا جَآءَنَا مِنَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَٱلَّذِي فَطَرَنَاۖ فَٱقۡضِ مَآ أَنتَ قَاضٍۖ إِنَّمَا تَقۡضِي هَٰذِهِ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَآ
Сыйкырчылар Фараонго айтышты: «Эй, Фараон! Сага ээрчүүнү, бизге келген аят-белгилерге ээрчүүдөн жогору коё албайбыз жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору коё албайбыз. Бизге эмне кылам десең ошону кыла бер! Сен бизге бул убактылуу дүйнөдө гана бийлик кыла аласың, жакында сенин да бийгилиң бүтөт.
Tafsiran larabci:
إِنَّآ ءَامَنَّا بِرَبِّنَا لِيَغۡفِرَ لَنَا خَطَٰيَٰنَا وَمَآ أَكۡرَهۡتَنَا عَلَيۡهِ مِنَ ٱلسِّحۡرِۗ وَٱللَّهُ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰٓ
Чындыгында биз Раббибизге ыйман келтирдик. Эми Андан каапырлык сыяктуу мурунку күнөөлөрүбүздү кечиришин жана сен бизди үйрөнүүгө, кылууга жана аны менен Мусаны жеңүүгө мажбурлаган сыйкырдын күнөөсүн кечиришин үмүт кылабыз. Аллахтын сыйлыгы сен бизге убада кылган нерсеңден да жакшы жана Анын жазасы сен бизди коркутуп жаткан азабыңдан да узак».
Tafsiran larabci:
إِنَّهُۥ مَن يَأۡتِ رَبَّهُۥ مُجۡرِمٗا فَإِنَّ لَهُۥ جَهَنَّمَ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ
Чындыгында кыямат күнү Раббисине каапыр болуп келген адамдын акыбети ал түбөлүк кала турган тозок оту болот. Ал жактын азабынан кутулбастыгы үчүн ал өлбөйт жана жакшы жашоодо да жашабайт.
Tafsiran larabci:
وَمَن يَأۡتِهِۦ مُؤۡمِنٗا قَدۡ عَمِلَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمُ ٱلدَّرَجَٰتُ ٱلۡعُلَىٰ
Ал эми кыямат күнү Раббисине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылып келгендерге, мына ушундай улуу сыпаттарга ээ болгондорго бийик даражалар жана жогорку орундар бар.
Tafsiran larabci:
جَنَّٰتُ عَدۡنٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ وَذَٰلِكَ جَزَآءُ مَن تَزَكَّىٰ
Бул даражалар – түбөлүк бейиштер. Андагы хансарайлардын алдыларынан дарыялар агып турат, алар анда түбөлүк калышат. Бул айтылган сыйлык – каапырлыктан жана күнөөлөрдөн таза болгон адамдардын сыйлыгы.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• لا يفوز ولا ينجو الساحر حيث أتى من الأرض أو حيث احتال، ولا يحصل مقصوده بالسحر خيرًا كان أو شرًّا.
Сыйкырчы кайсы жерде болбосун, кандай айла кылбасын, ал жеңишке жетпейт жана ийгилик таппайт. Анын сыйкырчылыгы жакшылыкка же жамандыкка арналган болсо да, ал баари-бир максатына жетпейт.

• الإيمان يصنع المعجزات؛ فقد كان إيمان السحرة أرسخ من الجبال، فهان عليهم عذاب الدنيا، ولم يبالوا بتهديد فرعون.
Ыйман келтирүү – кереметтерди жаратат. Сыйкырчылардын ыйманы тоодой бекем болду. Ошондуктан аларга бул дүйнөнүн азабы жеңил сезилип калды жана алар Фараондун коркутканына көңүл да бурушкан жок.

• دأب الطغاة التهديد بالعذاب الشديد لأهل الحق والإمعان في ذلك للإذلال والإهانة.
Акыйкат ээлерин катуу азап менен коркутуу жана аларды кордош үчүн ага терең киришүү – залимдердин адаты.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Daha
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa