Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Aal'Imran   Aya:
وَلِيُمَحِّصَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَيَمۡحَقَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Бул сырлардын кээси, момундарды күнөөсүнөн тазалоо, алардын арасын мунафыктардан арылтуу жана каапырларды кыйратып жок кылуу
Tafsiran larabci:
أَمۡ حَسِبۡتُمۡ أَن تَدۡخُلُواْ ٱلۡجَنَّةَ وَلَمَّا يَعۡلَمِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ جَٰهَدُواْ مِنكُمۡ وَيَعۡلَمَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Оо, ыймандуулар, силер Аллах жолунда чындап жихад кылганыңарды жана башыңарга келген балээге сабыр кылганыңарды билүү үчүн сыналбай туруп эле бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?!
Tafsiran larabci:
وَلَقَدۡ كُنتُمۡ تَمَنَّوۡنَ ٱلۡمَوۡتَ مِن قَبۡلِ أَن تَلۡقَوۡهُ فَقَدۡ رَأَيۡتُمُوهُ وَأَنتُمۡ تَنظُرُونَ
Оо, ыймандуулар, өлүмгө себеп болгон катуу согушка катышканга чейин, биз да Бадр согушунда шейит болгондор сыяктуу шейит болсок деп каапырлар менен бет келүүнү самабадыңар беле? Мына Ухуд күнү ошол самаганыңар болду, муну өзкөзүңөр менен көрдүңөр
Tafsiran larabci:
وَمَا مُحَمَّدٌ إِلَّا رَسُولٞ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهِ ٱلرُّسُلُۚ أَفَإِيْن مَّاتَ أَوۡ قُتِلَ ٱنقَلَبۡتُمۡ عَلَىٰٓ أَعۡقَٰبِكُمۡۚ وَمَن يَنقَلِبۡ عَلَىٰ عَقِبَيۡهِ فَلَن يَضُرَّ ٱللَّهَ شَيۡـٔٗاۚ وَسَيَجۡزِي ٱللَّهُ ٱلشَّٰكِرِينَ
Мухаммад мурда жиберилип өлгөн же өлтүрүлгөн элчилер сыяктуу эле Аллахтын элчиси. Эгер ал өлсө же өлтүрүлсө силер диниңерден кайтып кетесиңерби, жихадды таштап коёсуңарбы? Дининен кайтып кеткен адам Аллах кыпындай зыянын тийгизбейт; анткени, Аллах Ызаттуу, Күчтүү. Дининен кайткан адам дүйнө жана акыретте өкүнүчкө калып, өзүнүн жанына зыян кылат. Дининде бекем, Аллах жолундагы согушта туруктуу болгону үчүн Аллах Таала шүгүр кылуучуларды чоң сыйлык менен сыйлайт.
Tafsiran larabci:
وَمَا كَانَ لِنَفۡسٍ أَن تَمُوتَ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِ كِتَٰبٗا مُّؤَجَّلٗاۗ وَمَن يُرِدۡ ثَوَابَ ٱلدُّنۡيَا نُؤۡتِهِۦ مِنۡهَا وَمَن يُرِدۡ ثَوَابَ ٱلۡأٓخِرَةِ نُؤۡتِهِۦ مِنۡهَاۚ وَسَنَجۡزِي ٱلشَّٰكِرِينَ
Адам качан Аллах Таала жазган күнү бүтүп ажалы жетмейинче өлбөйт, буга кошумча да кыла албайт, кемите да албайт. Ким кылган амалына дүйнө жакшылыгын кааласа, ага өлчөмдөгү жакшылк берилет, бирок акыретте ага эч нерсе берилбейт. А ким кылган амалына акырет сообун үмүт кылса, ага акыретте сообу берилет, Жаратуучусуна шүгүр кылгандарды өтө чоң сый менен сыйлайбыз
Tafsiran larabci:
وَكَأَيِّن مِّن نَّبِيّٖ قَٰتَلَ مَعَهُۥ رِبِّيُّونَ كَثِيرٞ فَمَا وَهَنُواْ لِمَآ أَصَابَهُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَمَا ضَعُفُواْ وَمَا ٱسۡتَكَانُواْۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلصَّٰبِرِينَ
Көптөгөн пайгамбарлардын сахабалары пайгамбарлары менен бирге өлүм, жаракат коштогон согуштарга катышкан. Алар душманга каршы турууда алсыздык кылган эмес, сабыр кылып, туруктуу болушкан. Аллах Таала Анын жолундагы кыйынчылыкка сабыр кылгандарды жакшы көрөт.
Tafsiran larabci:
وَمَا كَانَ قَوۡلَهُمۡ إِلَّآ أَن قَالُواْ رَبَّنَا ٱغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوبَنَا وَإِسۡرَافَنَا فِيٓ أَمۡرِنَا وَثَبِّتۡ أَقۡدَامَنَا وَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Ал, сабырдуулар башына балээ түшкөндө: Жаратуучубуз, биздин күнөөбүздү, ишибизде чектен чыгып кеткенибизди кечир, душмандар менен бетме-бет келгенде кадамыбызды бекем кыл, сага каапыр болгон коомго каршы бизге жардам бер - деп айтышкан.
Tafsiran larabci:
فَـَٔاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ ثَوَابَ ٱلدُّنۡيَا وَحُسۡنَ ثَوَابِ ٱلۡأٓخِرَةِۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Аллах Таала аларга жардам жана жеңишке мүмкүнчүлүк берүү менен сыйлады. А акыретте болсо нээматтуу бейиш, Өзүнүн ыраазылыгы сыяктуу сооп-сый тартуулайт. Ибадатында жана мамилесинде жакшы болгондорду Аллах Таала жакшы көрөт
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• الابتلاء سُنَّة إلهية يتميز بها المجاهدون الصادقون الصابرون من غيرهم.
сыноо, бул илахий сүннөт, мыйзам, бул аркылуу Аллах Таала жихад кылуучуларды, сабырдууларды, чынчылдарды башкаларынан айырмалайт

• يجب ألا يرتبط الجهاد في سبيل الله والدعوة إليه بأحد من البشر مهما علا قدره ومقامه.
Аллах жолундагы жихадды же даабатты жеке бир адамга байлап коюуга болбойт

• أعمار الناس وآجالهم ثابتة عند الله تعالى، لا يزيدها الحرص على الحياة، ولا ينقصها الإقدام والشجاعة.
Аллах Таалынын алдында бекем турууга шашылган адамдар, аларды дүнүйө кызыктырбайт, алардын эр жүрөктүгү кемибейт

• تختلف مقاصد الناس ونياتهم، فمنهم من يريد ثواب الله، ومنهم من يريد الدنيا، وكلٌّ سيُجازَى على نيَّته وعمله.
Адамдардын максат жана ниеттери ар түрдүү, кээси акырет сообун каалайт, кээси дүйнө жакшылыг каалайт, ар бир ниетине жана амалына жараша сый көрөт

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Aal'Imran
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa