Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Aal'Imran   Aya:
أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ نَصِيبٗا مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ يُدۡعَوۡنَ إِلَىٰ كِتَٰبِ ٱللَّهِ لِيَحۡكُمَ بَيۡنَهُمۡ ثُمَّ يَتَوَلَّىٰ فَرِيقٞ مِّنۡهُمۡ وَهُم مُّعۡرِضُونَ
Оо, пайгамбар! Аллах Тоорат илиминин бир бөлүгүн жана сенин пайгамбарлыгыңа далил болгон нерселерди берген жөөттөрдүн абалына карабайсыңбы? Алар өз ара талашып-тартышкан нерселерде өкүм чыгаруу үчүн Аллахтын китеби Тооратка кайтууга чакырылат, анан алардын аалымдары менен башчыларынын бир тобу анын өкүмү алардын напси каалоолоруна туура келбегени үчүн андан жүз буруп кайтып кетишет. Эгерде алар ага ээрчийбиз деп ойлогондой болгондо, анда алар адамдардын ичинен аны менен өкүм кылууга эң шашылгандардан болушмак.
Tafsiran larabci:
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَالُواْ لَن تَمَسَّنَا ٱلنَّارُ إِلَّآ أَيَّامٗا مَّعۡدُودَٰتٖۖ وَغَرَّهُمۡ فِي دِينِهِم مَّا كَانُواْ يَفۡتَرُونَ
Акыйкаттан минтип бурулуунун жана андан жүз буруунун себеби, алар кыямат күнү бир нече күн эле тозокто болуп, кийин бейишке киребиз деп айтышат эле. Аларды бул ишеним алдап койду. Алар муну жалган нерселерден ойлоп таап, Аллахка жана Анын динине асылышты.
Tafsiran larabci:
فَكَيۡفَ إِذَا جَمَعۡنَٰهُمۡ لِيَوۡمٖ لَّا رَيۡبَ فِيهِ وَوُفِّيَتۡ كُلُّ نَفۡسٖ مَّا كَسَبَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Эми алардын абалы жана өкүнүчү кандай болот? Биз аларды эч кандай шек-күмөнү жок кыямат күнү чогултканда эң жаман болот. Ошондо ар бир жанга кылган ишине жараша сыйлыгы же жазасы берилет, анын жакшылыктары азайтылып же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.
Tafsiran larabci:
قُلِ ٱللَّهُمَّ مَٰلِكَ ٱلۡمُلۡكِ تُؤۡتِي ٱلۡمُلۡكَ مَن تَشَآءُ وَتَنزِعُ ٱلۡمُلۡكَ مِمَّن تَشَآءُ وَتُعِزُّ مَن تَشَآءُ وَتُذِلُّ مَن تَشَآءُۖ بِيَدِكَ ٱلۡخَيۡرُۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Оо, пайгамбар! Раббиңди мактоо жана улуктоо менен минтип айт: «Оо, Аллах! Сен дүйнө жана акыреттеги бардык мүлктүн Падышасысың. Жараткандарыңдын кимисине кааласаң мүлк бересиң, кимисинен кааласаң тартып аласың, алардын каалаганын ардактуу кыласың, каалаганын кор кыласың. Мунун баары Сенин даанышмандыгыңдан жана адилеттүүлүгүңдөн. Бардык жакшылык жалгыз Сенин колуңда жана Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң.
Tafsiran larabci:
تُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَتُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِۖ وَتُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَتُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّۖ وَتَرۡزُقُ مَن تَشَآءُ بِغَيۡرِ حِسَابٖ
Сенин кудуреттүүлүгүңдүн көрүнүштөрүнөн, Сен түндү күндүзгө киргизип, күндүздүн убактысын узартасың, күндүздү түнгө киргизип, түндүн убактысын узартасың. Каапырдан ыймандууну, уруктан өсүмдүктөрдү чыгарган сыяктуу өлүктөн тирүүнү чыгарасың жана ыймандуудан каапырды, жумурткадан жөжөнү чыгарган сыяктуу тирүүдөн өлүктү чыгарасың. Жана кимге кааласаң, эсептебестен жана санабастан кенен ырыскы бересиң».
Tafsiran larabci:
لَّا يَتَّخِذِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۖ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ فَلَيۡسَ مِنَ ٱللَّهِ فِي شَيۡءٍ إِلَّآ أَن تَتَّقُواْ مِنۡهُمۡ تُقَىٰةٗۗ وَيُحَذِّرُكُمُ ٱللَّهُ نَفۡسَهُۥۗ وَإِلَى ٱللَّهِ ٱلۡمَصِيرُ
Оо, ыймандуулар! Ыймандуулардын ордуна каапырларды сүйүктүү жана жардамчы дос кылып албагыла. Ким ушундай кылса, ал Аллахтан баш тартты жана Аллах да андан баш тартты. Бирок силер алардын бийлик астында болуп, өзүңөр үчүн корксоңор, анда аларга болгон душмандыгыңарды жашыруу менен сөзүңөрдө жумшактыкты жана ишиңерде сыпайылыкты көрсөтүп, алардын зыянан сактансаңар күнөө эмес. Аллах силерди Өзүнөн эскертет, андыктан Андан корккула жана күнөө кылып Анын каарына калбагыла. Пенделер иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алуу үчүн кыямат күнү Аллахка гана кайтышат.
Tafsiran larabci:
قُلۡ إِن تُخۡفُواْ مَا فِي صُدُورِكُمۡ أَوۡ تُبۡدُوهُ يَعۡلَمۡهُ ٱللَّهُۗ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Каапырлар менен достошуу сыяктуу Аллах тыйган нерселерди көкүрөгүңөргө жашырасыңарбы же ачыкка чыгарасыңарбы, Аллах аны билет. Алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес. Ал асмандардагы жана жердеги нерселерди билет. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, алардын эч бири Аны алсырата албайт».
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• أن التوفيق والهداية من الله تعالى، والعلم - وإن كثر وبلغ صاحبه أعلى المراتب - إن لم يصاحبه توفيق الله لم ينتفع به المرء.
Ийгиликке жетүү жана туура жолго түшүү Аллах тааладан, ал эми илим канчалык көп болуп, анын ээси бийик даражаларга жетсе да, аны Аллахтын ийгилиги коштобосо, анда адам андан эч кандай пайда албайт.

• أن الملك لله تعالى، فهو المعطي المانع، المعز المذل، بيده الخير كله، وإليه يرجع الأمر كله، فلا يُسأل أحد سواه.
Мүлк Аллах таалага таандык. Ал берүүчү жана тыюучу, кадырлоочу жана кордоочу, бардык жакшылык Анын гана колунда, бүткүл иш Анын Өзүнө гана кайтат жана Андан башка эч кимден суралбайт.

• خطورة تولي الكافرين، حيث توعَّد الله فاعله بالبراءة منه وبالحساب يوم القيامة.
Каапырларды дос тутуунун кооптуулугу. Анткени Аллах андай кылган адамдан баш тартууну жана аны кыяматта суракка аларын убада кылды.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Aal'Imran
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa