Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'zumar   Aya:
وَبَدَا لَهُمۡ سَيِّـَٔاتُ مَا كَسَبُواْ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Алар кылган ширк жана күнөөлөрү ачыкка чыгат жана аларга дүйнөдө коркутуу иретинде айтылганда шылдыңдаган азап аларды ороп алат.
Tafsiran larabci:
فَإِذَا مَسَّ ٱلۡإِنسَٰنَ ضُرّٞ دَعَانَا ثُمَّ إِذَا خَوَّلۡنَٰهُ نِعۡمَةٗ مِّنَّا قَالَ إِنَّمَآ أُوتِيتُهُۥ عَلَىٰ عِلۡمِۭۚ بَلۡ هِيَ فِتۡنَةٞ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Эгерде каапыр адам ооруга же жакырлыкка кабылса, Биз аны куткарышыбыз үчүн дуба кылат. Кийин Биз ага жакшылык кылып ден-соолук же байлык берсек, ал каапыр: «Аллах мага муну татыктуу экенимди билген үчүн гана берди» – дейт. Чынында бул сыноо жана акырындык менен жазалоо болчу. Бирок каапырлардын көпчүлүгү муну билишпейт. Аллах аларга берген жакшылыктар себептүү куру кыялдарга азгырылышат.
Tafsiran larabci:
قَدۡ قَالَهَا ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَمَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Бул сөздү алардан мурунку каапырлар да айтышкан. Бирок аларга тапкан байлыктары, кадыр-барктары эч кандай пайда берген жок.
Tafsiran larabci:
فَأَصَابَهُمۡ سَيِّـَٔاتُ مَا كَسَبُواْۚ وَٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنۡ هَٰٓؤُلَآءِ سَيُصِيبُهُمۡ سَيِّـَٔاتُ مَا كَسَبُواْ وَمَا هُم بِمُعۡجِزِينَ
Кийин алар кылган ширк жана күнөөлөрдүн жазасын өздөрү тартышты. Ширк жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулум кылган азыркы адамдар мурункулардай сыяктуу эле кылган күнөөлөрүн жазасын алышат. Алар Аллахтан эч качан кутула алышпайт жана Ага үстөмдүк да кыла алышпайт.
Tafsiran larabci:
أَوَلَمۡ يَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَبۡسُطُ ٱلرِّزۡقَ لِمَن يَشَآءُ وَيَقۡدِرُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Ал мушриктер сөз кылып жатышабы, Аллах сынаш үчүн Өзү каалаганга ырыскыны кенен кылып берерин, ошондой эле Аллахтын тагдырына ким сабыр кыларын же кыжырданарын билиш үчүн Өзү каалаганга ырыскысын тарытарын билишпейби?! Чындыгында бул айтылган ырыскынын кенендиги, тарлыгы сыяктуу нерселерде – ыймандуу адамдар үчүн Аллахтын башкаруусун билдирген аят-белгилер бар. Анткени мына ошолор аят-белгилерден пайда алышат. Ал эми каапырлар болсо аларды элес алышпайт жана алардан жүз бурушат.
Tafsiran larabci:
۞ قُلۡ يَٰعِبَادِيَ ٱلَّذِينَ أَسۡرَفُواْ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمۡ لَا تَقۡنَطُواْ مِن رَّحۡمَةِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَغۡفِرُ ٱلذُّنُوبَ جَمِيعًاۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡغَفُورُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Аллахка ширк кылып жана күнөөлөрдү кылып чектен чыккан пенделериме айт: «Аллахтын ырайымынан жана күнөөлөрүңөрдү кечирүүсүнөн үмүт үзбөгүлө! Чындыгында Аллах тообо кылгандардын бардык күнөөлөрүн кечирет. Чындыгында Ал тообо кылуучулардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Ырайымдуу».
Tafsiran larabci:
وَأَنِيبُوٓاْ إِلَىٰ رَبِّكُمۡ وَأَسۡلِمُواْ لَهُۥ مِن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَكُمُ ٱلۡعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ
Тообо жана жакшы иштерди кылуу менен Раббиңерге кайткыла жана силерге кыяматтагы азап келишинен мурун Ага ээрчигиле! Болбосо кийин кудайларыңардан жана үй-бүлөңөрдөн силерди азаптан куткарып жардам берген эч кимди таппайсыңар.
Tafsiran larabci:
وَٱتَّبِعُوٓاْ أَحۡسَنَ مَآ أُنزِلَ إِلَيۡكُم مِّن رَّبِّكُم مِّن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَكُمُ ٱلۡعَذَابُ بَغۡتَةٗ وَأَنتُمۡ لَا تَشۡعُرُونَ
Жана Раббиңер Өз элчисине түшүргөн эң сонун Куранды ээрчигиле жана силер тообо кылып даярдык көрө электе сездирбестен, күтүүсүз азап келгенге чейин анын буйруктарын аткаргыла жана тыйгандарын таштагыла.
Tafsiran larabci:
أَن تَقُولَ نَفۡسٞ يَٰحَسۡرَتَىٰ عَلَىٰ مَا فَرَّطتُ فِي جَنۢبِ ٱللَّهِ وَإِن كُنتُ لَمِنَ ٱلسَّٰخِرِينَ
Силер кыяматта катуу өкүнүчтөн: «Аттиң ай, мен каапырлык жана күнөөлөр себептүү Аллахтын акысына көңүл кош караганым үчүн, ыймандууларды жана Аллахка моюн сунгандарды шылдыңдаганым үчүн мени өкүнүч басты!» – деп айтып калбашыңар үчүн муну аткаргыла.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• النعمة على الكافر استدراج.
Каапырга берилген жакшылык – бул аны акырындык менен жазалоо.

• سعة رحمة الله بخلقه.
Аллахтын макулуктарга карата ырайымдуулугунун кеңдиги.

• الندم النافع هو ما كان في الدنيا، وتبعته توبة نصوح.
Пайда берген өкүнүч – бул дүйнөдө чыныгы тообо кылуу менен коштолгон өкүнүч.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'zumar
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa