Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'zumar   Aya:
إِنَّآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ لِلنَّاسِ بِٱلۡحَقِّۖ فَمَنِ ٱهۡتَدَىٰ فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيۡهَاۖ وَمَآ أَنتَ عَلَيۡهِم بِوَكِيلٍ
Оо, пайгамбар! Биз сени адамдарды эскертсиң деп алар үчүн сага Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Ким туура жолго түшсө, анда анын туура жолго түшкөнү өзүнө гана пайда. Анын тууралыкка түшкөнү Аллахка эч кандай пайда келтирбейт. Анткени Ал ага муктаж эмес. Ал эми ким адашса, анда ал адашканынын зыянын өзү гана тартат. Анын адашканы Аллахка эч кандай зыян бербейт. Сен аларды туура жолго салууга кепил эмессиң. Сен өзүңө буйрулганды гана аларга жеткирүүгө милдеттүүсүң.
Tafsiran larabci:
ٱللَّهُ يَتَوَفَّى ٱلۡأَنفُسَ حِينَ مَوۡتِهَا وَٱلَّتِي لَمۡ تَمُتۡ فِي مَنَامِهَاۖ فَيُمۡسِكُ ٱلَّتِي قَضَىٰ عَلَيۡهَا ٱلۡمَوۡتَ وَيُرۡسِلُ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمًّىۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ
Аллах жандарды ажалы жеткенде алат. Ошондой ажалы келе элек уйкудагы жандарды да алат, өлөт деп өкүм кылынганын кармап калат, ал эми Аллахтын илиминде белгилүү бир мөөнөткө чейин жашайт деп өкүм кылынгандарды коё берет. Чындыгында жанды алууда, коё берүүдө, өлтүрүүдө жана тирилтүүдө – ушундай нерселерди кылган Аллах адамдарды өлгөндөн кийин сурак, сыйлык же жаза үчүн кайра тирилтүүгө кудуреттүү деп ой жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар.
Tafsiran larabci:
أَمِ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ شُفَعَآءَۚ قُلۡ أَوَلَوۡ كَانُواْ لَا يَمۡلِكُونَ شَيۡـٔٗا وَلَا يَعۡقِلُونَ
Мушриктер Аллахтан башка өздөрүнүн айкел кудайлары пайда берет деген үмүттө аларды шапаатчы кылып алышты. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Алар силер үчүн жана өздөрү үчүн эч нерсеге ээлик кылбаса да, акыл жүгүртө албаса да аларды шапаатчы кылып алдыңарбы?! Алар сүйлөй албаган, укпаган, көрбөгөн, пайда-зыян бере албаган жансыз заттар».
Tafsiran larabci:
قُل لِّلَّهِ ٱلشَّفَٰعَةُ جَمِيعٗاۖ لَّهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ ثُمَّ إِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Бүткүл шапаат Аллахка гана таандык. Анын алдында Анын уруксатысыз эч ким шапаат кыла албайт, Өзү ыраазы болгондор гана шапаат кылышат. Асмандардын жана Жердин мүлкү жалгыз Ага гана таандык. Кийин кыяматта сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн жалгыз Ага гана кайтасыңар. Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет».
Tafsiran larabci:
وَإِذَا ذُكِرَ ٱللَّهُ وَحۡدَهُ ٱشۡمَأَزَّتۡ قُلُوبُ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِۖ وَإِذَا ذُكِرَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦٓ إِذَا هُمۡ يَسۡتَبۡشِرُونَ
Эгерде Аллахтын Өзү гана эскерилсе, анда акыретке жана андагы кайра тирилүүгө, суракка, жаза-сыйлыкка ишенбеген мушриктердин жүрөгү иренжип баштайт. А эгер Аллахтан башка алар сыйынышкан кудайлары эскерилсе, ошол замат кубанып шаттанышат.
Tafsiran larabci:
قُلِ ٱللَّهُمَّ فَاطِرَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ عَٰلِمَ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ أَنتَ تَحۡكُمُ بَيۡنَ عِبَادِكَ فِي مَا كَانُواْ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Оо, Аллах! Асмандар менен Жерди мурда болбогондон көрүнүштө Жаратуучу, кайыпты да, учурду да Билүүчү. Сага булардын эч бири жашыруун эмес. Пенделер дүйнөдө талашып тартышкан нерселерге кыяматта Өзүн гана өкүм чыгарасың. Ошондо чынчыл менен жалганчы, бактылуу менен бактысыз анык болот».
Tafsiran larabci:
وَلَوۡ أَنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ مَا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا وَمِثۡلَهُۥ مَعَهُۥ لَٱفۡتَدَوۡاْ بِهِۦ مِن سُوٓءِ ٱلۡعَذَابِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَبَدَا لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ مَا لَمۡ يَكُونُواْ يَحۡتَسِبُونَ
Эгер ширк жана күнөө кылып өзүнө зулум кылгандарга жер бетиндеги бардык байлыктар жана андан бир нече эсе көп байлык таандык болсо, кайра тирилүүдөн кийин көрө турган катуу азаптан кутулуу үчүн байлыктын баарын садага чаап жибермек. Бирок, аларга андай кылууга уруксат берилбейт. Чындап аларда ошончо мүлкү болсо да, баары бир кабыл кылынбайт. Аллах тараптан алар үчүн күтүлбөгөндөй азаптын түрлөрү ачыкка чыгат.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• النوم والاستيقاظ درسان يوميان للتعريف بالموت والبعث.
Уйку жана ойгонуу – өлүмдү жана кайра тирилүүнү билдирип турган күнүмдүк сабак.

• إذا ذُكِر الله وحده عند الكفار أصابهم ضيق وهمّ؛ لأنهم يتذكرون ما أمر به وما نهى عنه وهم معرضون عن هذا كله.
Эгерде каапырлардын алдында Аллахтын Өзү гана эскерилсе, анда алар кысылып, бушайман болуп башташат. Анткени алар эмнеге буйрулуп, эмнеден тыйылганын эстеп кетишет жана алар булардын баарысынан баш тартышат.

• يتمنى الكافر يوم القيامة افتداء نفسه بكل ما يملك مع بخله به في الدنيا، ولن يُقْبل منه.
Бул дүйнөдө сараң болгон каапыр адамдар Кыямат күнү жанын сактап калуу үчүн колундагы бар мүлкүн садага чапканга даяр болот, бирок андан кабыл кылынбайт.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'zumar
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa