Check out the new design

Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. * - Teburin Bayani kan wasu Fassarori


Fassarar Ma'anoni Sura: Al'taghaboun   Aya:

Тагабун

daga cikin abunda Surar ta kunsa:
التحذير مما تحصل به الندامة والغبن يوم القيامة.
Кыямат күнү өкүнүч, кайгы алып келе турган нерседен сактануу

يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ لَهُ ٱلۡمُلۡكُ وَلَهُ ٱلۡحَمۡدُۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Асмандар менен жердеги бүткүл макулуктар Аллахты Ага ылайык келбеген кемчилик сыпаттардан аруулашат жана улукташат. Бийлик Ага гана таандык жана эң жакшы мактоолор Ага гана тийиштүү. Ал бардык нерсеге кудуретүү. Аны эч бир нерсе алсырата албайт.
Tafsiran larabci:
هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ فَمِنكُمۡ كَافِرٞ وَمِنكُم مُّؤۡمِنٞۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٌ
Оо, адамдар! Ал силерди жаратты. Силердин араңарда Ага каапырлык кылгандар бар, алар тозокко барышат жана Ага ыйман келтиргендери бар, алар бейишке барышат. Аллах силердин ишиңерди Көрүүчү. Иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын жазасын же сыйлыгын берет.
Tafsiran larabci:
خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّ وَصَوَّرَكُمۡ فَأَحۡسَنَ صُوَرَكُمۡۖ وَإِلَيۡهِ ٱلۡمَصِيرُ
Ал асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты. Аларды жөндөн-жөн эле жаратып койгон жок. Оо, адамдар! Ал силерге Өз ырайымы жана жакшылыгы менен эң сулуу келбет берди. Эгер кааласа, аны көрксүз кылып коймок. Кыяматта Ага гана кайтасыңар. Ошондо Ал силердин иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман.
Tafsiran larabci:
يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَيَعۡلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعۡلِنُونَۚ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Ал асмандар менен жердеги нерселерди билет жана силердин ачык жана жашыруун кылган иштериңерди билет. Аллах көкүрөктөрдөгү жакшы же жаман нерселерди Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес.
Tafsiran larabci:
أَلَمۡ يَأۡتِكُمۡ نَبَؤُاْ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَبۡلُ فَذَاقُواْ وَبَالَ أَمۡرِهِمۡ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Оо, мушриктер! Силерге Нухтун коому, Аад, Самуд жана башка мурунку жалганчы каапыр коомдордун кабары келбедиби, алар дүйнөдө каапырлыктарынын жазасын тартышты, ал эми акыретте алар үчүн кыйноочу азап бар? Албетте! Ал аларга келди. Андыктан силер алардын ишинин акыбети кандай болгонунан сабак алгыла жана алардын башына түшкөн нерсе силерге да түшпөш үчүн Аллахка тообо кылгыла.
Tafsiran larabci:
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُۥ كَانَت تَّأۡتِيهِمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَقَالُوٓاْ أَبَشَرٞ يَهۡدُونَنَا فَكَفَرُواْ وَتَوَلَّواْۖ وَّٱسۡتَغۡنَى ٱللَّهُۚ وَٱللَّهُ غَنِيٌّ حَمِيدٞ
Алардын башына түшкөн ал азаптын себеби, аларга пайгамбарлары Аллах тараптан ачык-айкын далилдерди алып келгенде, алар пайгамбарлар адамзаттан болушу мүмкүн эмес деп текеберленип: «Бизди адам баласы акыйкатка баштайт бекен?» – деп айтышты. Анан алар каапырлык кылып, аларга ыйман келтирүүдөн баш тартышты. Алар Аллахка эч кандай зыян келтирген жок. Аллах алардын ыйманына жана баш ийүүсүнө муктаж эмес. Анткени алардын баш ийүүсү Ага эч нерсени кошпойт. Аллах пенделерине беймуктаж жана Ал сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде мактоого татыктуу.
Tafsiran larabci:
زَعَمَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَن لَّن يُبۡعَثُواْۚ قُلۡ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتُبۡعَثُنَّ ثُمَّ لَتُنَبَّؤُنَّ بِمَا عَمِلۡتُمۡۚ وَذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ
Аллахка каапырлык кылгандар Аллах аларды өлгөндөн кийин кайра тирилтпейт деп ойлошту. Оо, пайгамбар! Кайра тирилүүнү жокко чыгаргандарга айт: «Жок! Раббиме ант болсун! Силер кыямат күнү сөзсүз тирилесиңер. Андан соң дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын сөзсүз угасыңар. Кайра тирилтүү Аллах үчүн жеңил. Ал силерди абалкы жолу жараткан. Демек, Ал силерди өлгөнүңөрдөн кийин сурак алуу жана жазалоо үчүн кайра тирилтүүгө кудуреттүү».
Tafsiran larabci:
فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلنُّورِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلۡنَاۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Оо, адамдар! Аллахка, Анын элчисине жана Биз элчибизге түшүргөн Куранга ыйман келтиргиле! Аллах силердин кылып жаткан иштериңерди билет. Иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет.
Tafsiran larabci:
يَوۡمَ يَجۡمَعُكُمۡ لِيَوۡمِ ٱلۡجَمۡعِۖ ذَٰلِكَ يَوۡمُ ٱلتَّغَابُنِۗ وَمَن يُؤۡمِنۢ بِٱللَّهِ وَيَعۡمَلۡ صَٰلِحٗا يُكَفِّرۡ عَنۡهُ سَيِّـَٔاتِهِۦ وَيُدۡخِلۡهُ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Оо, пайгамбар! Аллах силерди кыямат күнү иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын бериш үчүн чогулган күндү эстечи. Ал күнү каапырлардын жоготууга жана жокко учураганы ачыкка чыгат. Анткени ыймандуулар тозокко түшкөндөрдүн бейиштеги жайларына ээлик кылышат, ал эми тозок ээлери бейиштегилердин тозоктогу жайларына ээлик кылышат. Кимде-ким Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылса, Аллах анын күнөөлөрүн өчүрөт жана хан сарайлары менен бак-дарактарынын алдынан дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Алар ал жакта түбөлүк калышат, эч качан чыгышпайт жана аларга анын жыргалчылыгы токтотулбайт. Алар жеткен бул нерсе – теңдешсиз улуу жеңиш.
Tafsiran larabci:
daga cikin fa'idodin Ayoyin wannan shafi:
• من قضاء الله انقسام الناس إلى أشقياء وسعداء.
Адамдардын бактылуу жана бактысыз болуп бөлүнгөнү Аллахтын тагдырынан.

• من الوسائل المعينة على العمل الصالح تذكر خسارة الناس يوم القيامة.
Жакшылык иштерди кылууга жардам берген себептердин бири – кыямат күндөгү адамдардын жоготууга учураганын эстөө.

 
Fassarar Ma'anoni Sura: Al'taghaboun
Teburin Jerin Sunayen Surori Lambar shafi
 
Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar taƙaitaccen Tafsirin AlƘur'ani mai girma da harshan Kirgizanci. - Teburin Bayani kan wasu Fassarori

Wanda aka buga a Cibiyar Tafsiri da karatuttukan AlƘur'ani.

Rufewa