Check out the new design

Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Berbahasa Kirgizstan - Syamsuddin Ḥakīmuf * - Daftar isi terjemahan

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Terjemahan makna Surah: Al-Kahf   Ayah:
وَكَذَٰلِكَ أَعۡثَرۡنَا عَلَيۡهِمۡ لِيَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ لَا رَيۡبَ فِيهَآ إِذۡ يَتَنَٰزَعُونَ بَيۡنَهُمۡ أَمۡرَهُمۡۖ فَقَالُواْ ٱبۡنُواْ عَلَيۡهِم بُنۡيَٰنٗاۖ رَّبُّهُمۡ أَعۡلَمُ بِهِمۡۚ قَالَ ٱلَّذِينَ غَلَبُواْ عَلَىٰٓ أَمۡرِهِمۡ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَيۡهِم مَّسۡجِدٗا
Ошентип, Аллахтын убадасы Акыйкат экенин жана Кыямат(тагы кайра тирилүү) болушунда шек жок экенин адамдар билсин деп (алардын сырын элге) билгиздик.[1] (Кийин, алар дүйнөдөн кайтыш болуп кеткенде,) ошондо, адамдар алардын маселесин өз-ара талаш-тартышка айлантышып, (кээ бирөөлөрү): «Алардын үстүнө күмбөз кургула! Раббилери аларды(н улук адам экенин) билет” - (дешсе) алардын чоңдору: «Булардын (мүрзөсүнүн) үстүнө мечит курабыз» - дешти.[2]
[1] Масилет-кеңеш бүткөндө бирөөсү шаарга түшүп, үч жүз жыл илгерки акча менен соода кылууну каалаганда, алардын сыры ачылып, башынан өткөндөрүн элге айтып беришет. Ошол заманда адамдар эки түрдүү пикирге бөлүнүп, бир бөлүгү кыяматка, кайра тирилүүгө ишенсе, бир бөлүгү ишенбей, эки жамаат тең бири-бирин ишендире албай турган. Үңкүр ээлеринин сыры ачылып, алардын үч жүз жыл илгери жашаган кишилер экени далилденген соң көп адамдар «үч жүз жыл «өлтүрүп» кайра ойготуп алган Аллах, Кыяматта да өлүм уйкусу менен «уктагандарды» кайра тирилтип алары шексиз» дешип, Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтиришти. Эл арасында үңкүр ээлери атактуу, урматтуу кишилерге айланды.
[2] Улук адамдарды элдер мына ушинтип отуруп, кантип «кудай» кылып алгандарын билбей калышат. Биздин пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам мүрзөнүн үстүнө күмбөз салууга жана мүрзөканаларды мечит кылып алууга тыюу салган.
Tafsir berbahasa Arab:
سَيَقُولُونَ ثَلَٰثَةٞ رَّابِعُهُمۡ كَلۡبُهُمۡ وَيَقُولُونَ خَمۡسَةٞ سَادِسُهُمۡ كَلۡبُهُمۡ رَجۡمَۢا بِٱلۡغَيۡبِۖ وَيَقُولُونَ سَبۡعَةٞ وَثَامِنُهُمۡ كَلۡبُهُمۡۚ قُل رَّبِّيٓ أَعۡلَمُ بِعِدَّتِهِم مَّا يَعۡلَمُهُمۡ إِلَّا قَلِيلٞۗ فَلَا تُمَارِ فِيهِمۡ إِلَّا مِرَآءٗ ظَٰهِرٗا وَلَا تَسۡتَفۡتِ فِيهِم مِّنۡهُمۡ أَحَدٗا
(Алардан бир жамаат): «Үчөө болгон, төртүнчүсү - ити» десе, башкалары: «бешөө болгон, алтынчысы - ити» деп кайыпка таш атышат. (Дагы бир топтору): «Жетөө болгон, сегизинчиси - ити» дешет. Айткын, (Оо, Мухаммад): «Алардын санагын Раббим эң жакшы билет жана аларды(н санын) аз гана кишилер билет». Сен алар(дын саны) жөнүндө талашпа, эгер талашчу болсоң, анык далилдер (вахий) менен гана талаш. Жана алар жөнүндө алардын (яхудилердин) эч биринен сураба.[1]
[1] Үңкүр ээлеринин санын билүүнүн не диний, не дүйнөлүк зарылчылыгы жок. Ибарат-сабак алардын санында эмес, баштарынан өткөргөн окуяда. Ошентсе да, Ислам аалымдары «Жетөө болгон, сегизинчиси – ити болгон» деген пикирге кошулушат. Анткени, жогорку аятта «үчөө», «бешөө» дегендерди Аллах таала Өзү гана билген кайып илимине таш аткандар деп жемелеп, «жетөө» дегендер жөнүндө унчуккан жок.
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَا تَقُولَنَّ لِشَاْيۡءٍ إِنِّي فَاعِلٞ ذَٰلِكَ غَدًا
Эч качан бир нерсени «муну эртең жасаймын» дебегин.
Tafsir berbahasa Arab:
إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ وَٱذۡكُر رَّبَّكَ إِذَا نَسِيتَ وَقُلۡ عَسَىٰٓ أَن يَهۡدِيَنِ رَبِّي لِأَقۡرَبَ مِنۡ هَٰذَا رَشَدٗا
«Аллах кааласа» дегин жана унутуп калганыңда Раббиңди эстегин. Жана айткын: «Раббим мени мындан да туура жолго баштаса ажеп эмес!»
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَبِثُواْ فِي كَهۡفِهِمۡ ثَلَٰثَ مِاْئَةٖ سِنِينَ وَٱزۡدَادُواْ تِسۡعٗا
Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл турушту жана тогузду кошушту. (Демек, бардыгы болуп үч жүз тогуз жыл укташкан).
Tafsir berbahasa Arab:
قُلِ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا لَبِثُواْۖ لَهُۥ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ أَبۡصِرۡ بِهِۦ وَأَسۡمِعۡۚ مَا لَهُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِيّٖ وَلَا يُشۡرِكُ فِي حُكۡمِهِۦٓ أَحَدٗا
Айткын: «Канча турганын Аллах эң жакшы билет. (Себеби) асмандар менен жердеги кайып илимдери Анын Өзүнүкү. Ал – эң мыкты Көрүүчү жана эң мыкты Угуучу! Алар (үңкүр ээлери) үчүн Аллахтан башка дос-башчы болбоду жана Ал Өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт.
Tafsir berbahasa Arab:
وَٱتۡلُ مَآ أُوحِيَ إِلَيۡكَ مِن كِتَابِ رَبِّكَۖ لَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَٰتِهِۦ وَلَن تَجِدَ مِن دُونِهِۦ مُلۡتَحَدٗا
Жана сен өзүңө вахий кылынган Раббиңдин китебин оку(п, ошону гана ээрчигин!) Анын сөздөрүн эч ким өзгөртө албайт! Сен Андан башкага арызданып бара албайсың!
Tafsir berbahasa Arab:
 
Terjemahan makna Surah: Al-Kahf
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Berbahasa Kirgizstan - Syamsuddin Ḥakīmuf - Daftar isi terjemahan

Diterjemahkan oleh Syamsuddin Hakimov Abdulkhaliq, dikembangkan di bawah pengawasan Markaz Ruwād At-Tarjamah.

Tutup