Terjemahan makna Alquran Alkarim - الترجمة القيرغيزية * - Daftar isi terjemahan

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Terjemahan makna Surah: Surah Al-Aḥzāb   Ayah:

Ахзаб

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ ٱتَّقِ ٱللَّهَ وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Оо, пайгамбар! Аллахтан корк! Жана каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Чынында, Аллах Билүүчү, Даанышман.
Tafsir berbahasa Arab:
وَٱتَّبِعۡ مَا يُوحَىٰٓ إِلَيۡكَ مِن رَّبِّكَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا
Өзүңө Раббиң тарабынан вахий кылынган аяттарды гана ээрчигин! Эмне иш жасаганыңардан Аллах (ар дайым) Кабардар!
Tafsir berbahasa Arab:
وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا
Жана Аллахтын Өзүнө тобокел кыл! Сактоо жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү!
Tafsir berbahasa Arab:
مَّا جَعَلَ ٱللَّهُ لِرَجُلٖ مِّن قَلۡبَيۡنِ فِي جَوۡفِهِۦۚ وَمَا جَعَلَ أَزۡوَٰجَكُمُ ٱلَّٰٓـِٔي تُظَٰهِرُونَ مِنۡهُنَّ أُمَّهَٰتِكُمۡۚ وَمَا جَعَلَ أَدۡعِيَآءَكُمۡ أَبۡنَآءَكُمۡۚ ذَٰلِكُمۡ قَوۡلُكُم بِأَفۡوَٰهِكُمۡۖ وَٱللَّهُ يَقُولُ ٱلۡحَقَّ وَهُوَ يَهۡدِي ٱلسَّبِيلَ
Аллах эч бир адамдын көкүрөгүндө эки жүрөк жараткан эмес (ошол сыяктуу эле) силер «зихар»[1] кылган жубайыңарды силерге эне кылып койгон жок. Жана силердин бакма балаңарды өз перзентиңер(дей) кылган жок. Бул силердин оозуңардагы гана сөзүңөр. Аллах акыйкатты гана сүйлөйт. Жана Ал (эң туура) жолго баштайт.[2]
[1] «Зихар» - бул бир кишинин өз аялына «Сенин көкүрөгүң (же белиң, же балтырың, же билегиң) апамдыкына окшойт экен» - деп, анын бир уяттуу жерин апасыныкына окшотуу. Исламдан илгери арабтар, эгер бир киши аялын «зихар» кылса «Эми аялың сага апа болуп калды» - деп өкүм чыгарып жүрүшкөн. Аллах бул аят менен Исламга чейинки доордон калган «зихарды да», «зихар» себептүү араб мушриктери чыгарган өкүмдү да жокко чыгарды. Бир адамда бир эле жүрөк болгондой, бир эле эне болот. Эгер шайтан азгырып аялын «зихар» кылса, тообо кылып, каффаарат төлөп жашай берет, талак түшпөйт.
[2] Исламга чейинки доорунун мыйзамы боюнча бакма бала өзүнүн канынан жаралган перзент катары кабыл алынып, багып алган атанын ысымын алып, анын өз перзенти сыяктуу мурас алуу укугуна да ээ болгон. Аллах бул аятта ушул эрежени да бекер кылды. Эми Ислам өкүмү боюнча бакма бала анын ысымын көтөрбөйт. Бул дүйнөгө келүүсүнө себеп болгон атасынын аты менен «Баланчанын баласы» деп аталат. Аллахтын ушул жолу - Акыйкат жана эң туура жол.
Tafsir berbahasa Arab:
ٱدۡعُوهُمۡ لِأٓبَآئِهِمۡ هُوَ أَقۡسَطُ عِندَ ٱللَّهِۚ فَإِن لَّمۡ تَعۡلَمُوٓاْ ءَابَآءَهُمۡ فَإِخۡوَٰنُكُمۡ فِي ٱلدِّينِ وَمَوَٰلِيكُمۡۚ وَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٞ فِيمَآ أَخۡطَأۡتُم بِهِۦ وَلَٰكِن مَّا تَعَمَّدَتۡ قُلُوبُكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمًا
Аларды өз аталары(нын ысымы) менен чакыргыла. Аллахтын алдында ушул адилеттүүрөөк. Эгер аталарын билбесеңер, анда алар диндеш бир туугандарыңар жана кызматчыңар. Жана ката кетирген нерсеңерде силер үчүн күнөө жок. Бирок, жүрөгүңөрдө атайлап кылган нерседе (күнөө бар).[1] Аллах Кечирүүчү, Боорукер.
[1] Эгер адашып багып алган кишинин атына байланыштырып чакырса - бул кечирилет. Ал эми, жүрөгүндө билип, сезип туруп, багып алган атанын ысымы менен чакырып, «мен билбей калыптырмын» десе күнөө болот.
Tafsir berbahasa Arab:
ٱلنَّبِيُّ أَوۡلَىٰ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ مِنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَأَزۡوَٰجُهُۥٓ أُمَّهَٰتُهُمۡۗ وَأُوْلُواْ ٱلۡأَرۡحَامِ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلَىٰ بِبَعۡضٖ فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ إِلَّآ أَن تَفۡعَلُوٓاْ إِلَىٰٓ أَوۡلِيَآئِكُم مَّعۡرُوفٗاۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَسۡطُورٗا
Пайгамбар ыймандуулар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары – ыймандуулардын энелери.[1] Тууган туушкан адамдар Аллахтын (тагдыр) китебинде бири-бирине ыймандуулардан жана мухажирлерден (Меккеден Мединага көчкөндөрдөн) жакыныраак. Ал эми, өзүңөрдүн (ыймандуу, мухажир) досуңарга жакшылык кылсаңар дурус, бул (тагдыр) китебинде жазылган.
[1] Пайгамбар - ыймандуулардын Руханий атасы. Ал эми, анын аялдары - ыймандуулардын руханий энеси. Ошондуктан пайгамбарыбыз ааламдан өткөндө анын жесирлерине эч ким үйлөнө алган эмес.
Tafsir berbahasa Arab:
وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِيثَٰقَهُمۡ وَمِنكَ وَمِن نُّوحٖ وَإِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَى ٱبۡنِ مَرۡيَمَۖ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا
Бир кезде Биз бардык пайгамбарлардан убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Исадан. Биз алардан бекем убада алганбыз.
Tafsir berbahasa Arab:
لِّيَسۡـَٔلَ ٱلصَّٰدِقِينَ عَن صِدۡقِهِمۡۚ وَأَعَدَّ لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابًا أَلِيمٗا
Чынчылдардан убаданы чындап аткарганы жөнүндө сураш үчүн ушинтти. Аллах каапырларга жан ооруткан азапты даярдап койду.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ إِذۡ جَآءَتۡكُمۡ جُنُودٞ فَأَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا وَجُنُودٗا لَّمۡ تَرَوۡهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرًا
Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын силерге берген (төмөндөгү) жакшылыктарын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллах силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү.
Tafsir berbahasa Arab:
إِذۡ جَآءُوكُم مِّن فَوۡقِكُمۡ وَمِنۡ أَسۡفَلَ مِنكُمۡ وَإِذۡ زَاغَتِ ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَبَلَغَتِ ٱلۡقُلُوبُ ٱلۡحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِٱللَّهِ ٱلظُّنُونَا۠
Ошондо силерге жогор жагыңардан, ылдый жагыңардан да (душман басып) келген болчу жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллахка жаман ойлоп да калгансыңар.[1]
[1] Бул окуя белгилүү «Хандак» казатында болгон. Мушриктер менен яхудилердин бириккен күчтөрү Исламды тамырынан курутуп жиберүү үчүн Мединага (Ислам борборуна) ар тараптан кол салышкан. Жогор жактан Мекке, Хижаз мушриктери, ылдый жактан Нажд каапырлары. Мединанын айланасындагы яхудилер аларга колдоо көргөзүп турган. Пайгамбарыбыз Салман Фарисий деген сахабанын сунушу менен Мединанын айланасына хандак (окоп) каздырган. Ошондон улам «Хандак» казаты деп аталат. Ушундой оор кырдаалда мусулмандардын арасындагы мунафыктар «Эми, Исламдын өмүрү бүттү» - деп ызы-чуу чыгарып жиберишкен. Кээ бир ыйманы начар адамдар буга ишенип, «Эми Аллах мусулмандарга жардам бербейт экен» деп Аллахка жаман ойлоп калышкан.
Tafsir berbahasa Arab:
هُنَالِكَ ٱبۡتُلِيَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَزُلۡزِلُواْ زِلۡزَالٗا شَدِيدٗا
Ошол жерде ыймандуулар сыналып, өздөрү (коркуудан) катуу бир чайпалышкан.
Tafsir berbahasa Arab:
وَإِذۡ يَقُولُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ مَّا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ إِلَّا غُرُورٗا
Ошондо, мунафыктар (эки жүздүүлөр) менен жүрөгүндө шек-күмөнү бар адамдар: «Бизге Аллах менен Анын пайгамбары (силер жеңесиңер деп) жалган убада берген турбайбы» – дешти.
Tafsir berbahasa Arab:
وَإِذۡ قَالَت طَّآئِفَةٞ مِّنۡهُمۡ يَٰٓأَهۡلَ يَثۡرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمۡ فَٱرۡجِعُواْۚ وَيَسۡتَـٔۡذِنُ فَرِيقٞ مِّنۡهُمُ ٱلنَّبِيَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوۡرَةٞ وَمَا هِيَ بِعَوۡرَةٍۖ إِن يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارٗا
Ошондо, алардан бир тайпа кишилер: «Эй, Ясриб (Медина) эли! Эми силерге бул жерде туруу(дан пайда) жок! Кайта бергиле!» – деген жана алардан дагы бир тайпалары пайгамбардан уруксат сурап: «Үйүбүз ачык, коргоосуз калган болчу» – деп (жалган) айтышкан. Үйлөрү ачык калбаган эле. Алар болгону, качууну каалашкан.
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَوۡ دُخِلَتۡ عَلَيۡهِم مِّنۡ أَقۡطَارِهَا ثُمَّ سُئِلُواْ ٱلۡفِتۡنَةَ لَأٓتَوۡهَا وَمَا تَلَبَّثُواْ بِهَآ إِلَّا يَسِيرٗا
Эгер (ошондо) аларга Мединанын ар жагынан (душмандар) киргизилип, алардан динден кайтууларын талап кылынганда, аз сандагылар калып, калганы көп (ойлонуп) отурбастан сурагандарына жооп беришмек.
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَقَدۡ كَانُواْ عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ مِن قَبۡلُ لَا يُوَلُّونَ ٱلۡأَدۡبَٰرَۚ وَكَانَ عَهۡدُ ٱللَّهِ مَسۡـُٔولٗا
Алар буга чейин артка качпайбыз деп Аллахка ант берген эле го! Аллахка берилген ант жөнүндө (кыяматта) суралат!
Tafsir berbahasa Arab:
قُل لَّن يَنفَعَكُمُ ٱلۡفِرَارُ إِن فَرَرۡتُم مِّنَ ٱلۡمَوۡتِ أَوِ ٱلۡقَتۡلِ وَإِذٗا لَّا تُمَتَّعُونَ إِلَّا قَلِيلٗا
(Мунафыктарга) айт: «Силерге качуу пайда бербейт. Эгер силер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качкан болсоңор, анда (дүйнө жашоосунан) бир аз эле пайдаланып каласыңар.[1]
[1] Анткени, өмүр аз гана нерсе.
Tafsir berbahasa Arab:
قُلۡ مَن ذَا ٱلَّذِي يَعۡصِمُكُم مِّنَ ٱللَّهِ إِنۡ أَرَادَ بِكُمۡ سُوٓءًا أَوۡ أَرَادَ بِكُمۡ رَحۡمَةٗۚ وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
Айткын: «Эгер силерге (Аллах) бир жамандык каалаган болсо, Аллахтан силерди ким сактай алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа (аны ким тосо алат? Качкандын башына да өлүм келет. Ошондо) өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат.
Tafsir berbahasa Arab:
۞ قَدۡ يَعۡلَمُ ٱللَّهُ ٱلۡمُعَوِّقِينَ مِنكُمۡ وَٱلۡقَآئِلِينَ لِإِخۡوَٰنِهِمۡ هَلُمَّ إِلَيۡنَاۖ وَلَا يَأۡتُونَ ٱلۡبَأۡسَ إِلَّا قَلِيلًا
Аллах силердин араңардагы (жихаддан) тосуучуларды жана өз ага-инилерине (аларды качууга үгүттөп): «Биз менен жүргүлө» – дегендерди билет. Алар согушка өтө сейрек келишет,
Tafsir berbahasa Arab:
أَشِحَّةً عَلَيۡكُمۡۖ فَإِذَا جَآءَ ٱلۡخَوۡفُ رَأَيۡتَهُمۡ يَنظُرُونَ إِلَيۡكَ تَدُورُ أَعۡيُنُهُمۡ كَٱلَّذِي يُغۡشَىٰ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡمَوۡتِۖ فَإِذَا ذَهَبَ ٱلۡخَوۡفُ سَلَقُوكُم بِأَلۡسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى ٱلۡخَيۡرِۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَمۡ يُؤۡمِنُواْ فَأَحۡبَطَ ٱللَّهُ أَعۡمَٰلَهُمۡۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا
Алар силерге сараңдык кылышат. Ал эми, (согуш учурунда) коркунуч келип калса, тим эле өлүм курчап калгандай сага алаңдап карагандарын көрөсүң. Эми, качан коркунуч кеткенде, алар жакшылыкка (олжого) ач көздүк кылышып, тезинен сага заар тилдери менен зыян беришет.[1] Алар ыйман келтирбеген адамдар. Аллах алардын амалдарын текке кетирди. Бул Аллахка жеңил.
[1] «Биз андай эрдик көргөздүк, мындай баатырдык жасадык, бизге көбүрөөк бөлүштүр» деп, эч кимге сөз бербей мактанышат.
Tafsir berbahasa Arab:
يَحۡسَبُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ لَمۡ يَذۡهَبُواْۖ وَإِن يَأۡتِ ٱلۡأَحۡزَابُ يَوَدُّواْ لَوۡ أَنَّهُم بَادُونَ فِي ٱلۡأَعۡرَابِ يَسۡـَٔلُونَ عَنۡ أَنۢبَآئِكُمۡۖ وَلَوۡ كَانُواْ فِيكُم مَّا قَٰتَلُوٓاْ إِلَّا قَلِيلٗا
Алар (Мединаны курчап турган душман) жамааттарды кетпеген деп ойлошту. Эгер ал жамааттар (бастырып) келсе, булар силердин кабарыңарды сурап коюп, тээ четтеги бедуин араптардын арасында болууну каалашат.[1] Эгер силердин ичиңерде (Мединада) болсо да көп (жан үрөп) согушмак эмес.
[1] Мединадан алыстагы көчмөндөр арасына барып алып, качан мусулмандардын жеңилгени жөнүндө кабар келип калаар экен деп күтүп жатууну каалашат.
Tafsir berbahasa Arab:
لَّقَدۡ كَانَ لَكُمۡ فِي رَسُولِ ٱللَّهِ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ لِّمَن كَانَ يَرۡجُواْ ٱللَّهَ وَٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا
(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар.[1] (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн.
[1] Аллахтын элчиси ошол оор мезгилдерде баатырдыктын, туруктуулуктун, сабырдуулуктун, акылмандыктын чоң үлгүсүн көргөздү. Ислам душмандарынын он эки миңдик бириккен күчтөрүнүн каршысына үч миң аскер менен тайманбай чыгып, аларды шыктандырып жүрдү.
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَمَّا رَءَا ٱلۡمُؤۡمِنُونَ ٱلۡأَحۡزَابَ قَالُواْ هَٰذَا مَا وَعَدَنَا ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَصَدَقَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥۚ وَمَا زَادَهُمۡ إِلَّآ إِيمَٰنٗا وَتَسۡلِيمٗا
Ал эми, (өз пайгамбарынан үлгү алган, ыйманы бекем) ыймандуулар (душман) жамааттарды көргөндө: «Бул бизге Аллах жана пайгамбары убада кылган нерсе. Аллах менен пайгамбары туура сүйлөгөн экен» деп (согушка, өлүмгө даяр болуп) турушту. (Душмандын көптүгү) алардын ыймандарын жана (Исламга) моюн сунууларын гана көбөйттү.
Tafsir berbahasa Arab:
مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ فَمِنۡهُم مَّن قَضَىٰ نَحۡبَهُۥ وَمِنۡهُم مَّن يَنتَظِرُۖ وَمَا بَدَّلُواْ تَبۡدِيلٗا
Ыймандуулардын арасында (ушундай) эр-азаматтар бар: алар Аллахка берген убадаларында чынчыл экенин көргөзүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит болуп) кетишти. Кээ бирөөлөрү (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады.
Tafsir berbahasa Arab:
لِّيَجۡزِيَ ٱللَّهُ ٱلصَّٰدِقِينَ بِصِدۡقِهِمۡ وَيُعَذِّبَ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ إِن شَآءَ أَوۡ يَتُوبَ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Аллах чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлаш үчүн жана мунафыктарды (эки жүздүүлөрдү) кааласа азапташ же болбосо тооболорун кабыл алыш үчүн (ушул сыноого дуушар кылды). Чынында, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.
Tafsir berbahasa Arab:
وَرَدَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِغَيۡظِهِمۡ لَمۡ يَنَالُواْ خَيۡرٗاۚ وَكَفَى ٱللَّهُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلۡقِتَالَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ قَوِيًّا عَزِيزٗا
Ал эми, аларды (душмандарды) болсо, Аллах өз ачуулары менен кайтарды.[1] Алар эч бир жакшылыкка жетишпеди. Аллах ыймандууларга согуш жаатынан жетиштүү (жардамчы) болду. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү!
[1] Кандай ызырынып келген болсо, максаттарына жете албай, ошондой ызырынып, ачуулары менен кайтып кетишти. Анткени, бир айлык курчоодон мусулмандардын эрки майтарылбады. Кайра өздөрүнүн тамак-ашы, даярдыктары түгөнүп, үмүтсүздүккө түшүштү. Ошол мезгилде Аллах аларга бороон шамал жиберди. Шамал дагы Аллахтын бир аскери. Ал каапырларды үшүтүп, чатырларын учурду. Аллах алардын жүрөгүнө периштелерден турган аскерлер менен коркуу салды (9-аятты караңыз).
Tafsir berbahasa Arab:
وَأَنزَلَ ٱلَّذِينَ ظَٰهَرُوهُم مِّنۡ أَهۡلِ ٱلۡكِتَٰبِ مِن صَيَاصِيهِمۡ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعۡبَ فَرِيقٗا تَقۡتُلُونَ وَتَأۡسِرُونَ فَرِيقٗا
Жана Аллах душмандарга жардам берген китеп ээлерин (Бану Курайза жөөттөрүн) чептеринен чыгарды. Жүрөктөрүнө катуу коркуу салды. Силер (оо, ыймандуулар) алардан бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн туткундап алдыңар.
Tafsir berbahasa Arab:
وَأَوۡرَثَكُمۡ أَرۡضَهُمۡ وَدِيَٰرَهُمۡ وَأَمۡوَٰلَهُمۡ وَأَرۡضٗا لَّمۡ تَطَـُٔوهَاۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٗا
Жана силерге алардын жерлерин, короо-жайларын, мал-мүлктөрүн жана бутуңар баспаган (жаңы) жерлерди да мурас кылып берди. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ قُل لِّأَزۡوَٰجِكَ إِن كُنتُنَّ تُرِدۡنَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا وَزِينَتَهَا فَتَعَالَيۡنَ أُمَتِّعۡكُنَّ وَأُسَرِّحۡكُنَّ سَرَاحٗا جَمِيلٗا
Оо, пайгамбар! Аялдарыңа айт: «Эгер дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласаңар, келгиле силерди (жакшынакай мүлк менен) пайдалантып, сылык-сыпаа ажырашайын.
Tafsir berbahasa Arab:
وَإِن كُنتُنَّ تُرِدۡنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَٱلدَّارَ ٱلۡأٓخِرَةَ فَإِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلۡمُحۡسِنَٰتِ مِنكُنَّ أَجۡرًا عَظِيمٗا
Ал эми, Аллахты(н ыраазылыгын), Анын пайгамбарын жана акырет жайын кааласаңар, Аллах силердин араңардагы жакшы ибадат кылгандарга улуу сыйлыкты (бейишти) даярдап койгон».[1]
[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын аялдары өз ара сүйлөшүп алышып андан кудурети жетпеген дүйнө зыйнаттарын талап кылышканда пайгамбарыбыз капаланып калган. Ошондо ушул аят түшкөн.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِيِّ مَن يَأۡتِ مِنكُنَّ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖ يُضَٰعَفۡ لَهَا ٱلۡعَذَابُ ضِعۡفَيۡنِۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٗا
Оо, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ашкере күнөө иш жасаса, ага эки эсе көп азап берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.
Tafsir berbahasa Arab:
۞ وَمَن يَقۡنُتۡ مِنكُنَّ لِلَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتَعۡمَلۡ صَٰلِحٗا نُّؤۡتِهَآ أَجۡرَهَا مَرَّتَيۡنِ وَأَعۡتَدۡنَا لَهَا رِزۡقٗا كَرِيمٗا
Силердин араңардан кимде-ким Аллахка жана пайгамбарына моюн сунуп жакшылык иштерди кылса, ага сооп-сыйлыгын эки эсе беребиз жана ага улуу ырыскы (бейиш) даярдап койобуз.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰنِسَآءَ ٱلنَّبِيِّ لَسۡتُنَّ كَأَحَدٖ مِّنَ ٱلنِّسَآءِ إِنِ ٱتَّقَيۡتُنَّۚ فَلَا تَخۡضَعۡنَ بِٱلۡقَوۡلِ فَيَطۡمَعَ ٱلَّذِي فِي قَلۡبِهِۦ مَرَضٞ وَقُلۡنَ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا
Оо, пайгамбардын аялдары! Силер эгер такыба болсоңор (катардагы) аялдардын бирөөсү сыяктуу эмессиңер. Демек (бөтөн эркектерге) назик сүйлөбөгүлө. Жүрөгүндө оорусу бар адам (бузукулукту) эңсеп калат. Жакшынакай (түз, сыпаа) сөздөрдү сүйлөгүлө.
Tafsir berbahasa Arab:
وَقَرۡنَ فِي بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجۡنَ تَبَرُّجَ ٱلۡجَٰهِلِيَّةِ ٱلۡأُولَىٰۖ وَأَقِمۡنَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتِينَ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِعۡنَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُذۡهِبَ عَنكُمُ ٱلرِّجۡسَ أَهۡلَ ٱلۡبَيۡتِ وَيُطَهِّرَكُمۡ تَطۡهِيرٗا
Жана (зарылдык болбосо) үйүңөрдө олтургула! (Исламдан) алдыңкы доордогудай ачык жүрбөгүлө![1] Намазды толук аткарып, зекетти берип, Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула! Албетте, оо, пайгамбардын үй-бүлөлөрү, Аллах силерден зыян, жамандыктарды кетирүүнү жана тап-таза сактоону каалайт.
[1] Исламга чейинки доордогу аялдар көкүрөк-баштарын ачып, бойонуп жасанышат болчу.
Tafsir berbahasa Arab:
وَٱذۡكُرۡنَ مَا يُتۡلَىٰ فِي بُيُوتِكُنَّ مِنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ وَٱلۡحِكۡمَةِۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ لَطِيفًا خَبِيرًا
Өз үйүңөрдө окулган Аллахтын аяттарын жана пайгамбардын сөздөрүн эскергиле (кадырын билип, иш жүзүндө аткаргыла). Аллах бардыгын Билүүчү, Кабардар.
Tafsir berbahasa Arab:
إِنَّ ٱلۡمُسۡلِمِينَ وَٱلۡمُسۡلِمَٰتِ وَٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡقَٰنِتِينَ وَٱلۡقَٰنِتَٰتِ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلصَّٰدِقَٰتِ وَٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰبِرَٰتِ وَٱلۡخَٰشِعِينَ وَٱلۡخَٰشِعَٰتِ وَٱلۡمُتَصَدِّقِينَ وَٱلۡمُتَصَدِّقَٰتِ وَٱلصَّٰٓئِمِينَ وَٱلصَّٰٓئِمَٰتِ وَٱلۡحَٰفِظِينَ فُرُوجَهُمۡ وَٱلۡحَٰفِظَٰتِ وَٱلذَّٰكِرِينَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا وَٱلذَّٰكِرَٰتِ أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُم مَّغۡفِرَةٗ وَأَجۡرًا عَظِيمٗا
Чынында, мусулман эркектер менен мусулман аялдар, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар, моюн сунуучу эркектер менен моюн сунуучу аялдар, чынчыл эркектер менен чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер менен сабырдуу аялдар, Аллахтан корккон, кичипейил эркектер менен аялдар, садака берүүчү эркектер менен садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармоочу аялдар, жыныстык мүчөлөрүн сактаган эркектер менен аялдар, Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар Аллах ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду.
Tafsir berbahasa Arab:
وَمَا كَانَ لِمُؤۡمِنٖ وَلَا مُؤۡمِنَةٍ إِذَا قَضَى ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ أَمۡرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ ٱلۡخِيَرَةُ مِنۡ أَمۡرِهِمۡۗ وَمَن يَعۡصِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلٗا مُّبِينٗا
Эгер Аллах менен Анын пайгамбары кайсы бир ишти өкүм кылса, эч бир ыймандуу эркек же ыймандуу аялга ал ишти (аткарсамбы же жокпу деген) ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өз башымчалык кылып) Аллах жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр!
Tafsir berbahasa Arab:
وَإِذۡ تَقُولُ لِلَّذِيٓ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ وَأَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِ أَمۡسِكۡ عَلَيۡكَ زَوۡجَكَ وَٱتَّقِ ٱللَّهَ وَتُخۡفِي فِي نَفۡسِكَ مَا ٱللَّهُ مُبۡدِيهِ وَتَخۡشَى ٱلنَّاسَ وَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخۡشَىٰهُۖ فَلَمَّا قَضَىٰ زَيۡدٞ مِّنۡهَا وَطَرٗا زَوَّجۡنَٰكَهَا لِكَيۡ لَا يَكُونَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ حَرَجٞ فِيٓ أَزۡوَٰجِ أَدۡعِيَآئِهِمۡ إِذَا قَضَوۡاْ مِنۡهُنَّ وَطَرٗاۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ مَفۡعُولٗا
(Оо, Мухаммад!) сен бир кезде, ага Аллах (Ислам) жакшылыгын берген, анан сен дагы (кулчулуктан куткаруу) жакшылык кылган бир жигитке: «Аялыңды коюп жибербе! Аллахтан корк!» деген болчусуң. Жана сен Аллах ашкере кылуучу нерсени жүрөгүңдө жашыруун тутуп, адамдардан корктуң! Чындыгында, коркууга Аллах акылуу.[1] Качандыр Зейд андан иши бүткөн соң, ал аялды сага никелештирдик. Анткени момундарга асыранды балдары менен ажырашкан аялдарга үйлөнүү күнөө болбой турганын көрсөтүү үчүн (ушундай кылдык). Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат.[2]
[1] Бул аяттар пайгамбарыбыздын бакма баласы Зейд бин Хариса жана анын аялы Зейнеп бинти Жахш жөнүндө түшкөн. Пайгамбарыбыз өзү сатып алып, азат кылган кул-Зейд бин Харисага апежесинин кызы Зейнепти алып берейин деп жуучу түшүп барганда, Зейнеп «Кулга тиеминби» деп баш тарткан. Ошондо жогорудагы (36-) аят түшүп, ыктыярын пайгамбарга тапшырат. Бирок, бул нике Зейнептин күйөөсүнө көңүлсүздүгү себептүү бузулуу коркунучунда калат. Зейд дагы абалды түшүнүп, пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламга келип: «Мен Зейнептин талагын берейин дегенде: «Аялыңды койбо! Аллахдан корк!» - дейт. Бирок, бул сөздү Зейддин көңүлү үчүн гана айткан. Алардын турмушу оңбой калганын көрүп, көңүлүндө «Эгер Зейд Зейнепти койсо, өзүм никелеп алсамбы» деп жүргөн. Бул - Аллахтын илхамы болчу. Аллах ошол иштин болушун каалап, жүрөгүнө ошол ойду салган. Бирок, пайгамбар адамдар эмне деп ойлошот деп, экөөсүн ажыраштырбай турган.
[2] Даанышман Аллах ушул окуялар менен Исламга чейинки доордогу туура эмес ата-балалык эрежесин өзгөрттү: Бакма баланын өз перзенти катары боло албашы, анын аялына талак бергенден соң атасы үйлөнүшү мүмкүн экени жөнүндөгү парыз-мыйзамды Өз пайгамбарынын жашоосу аркылуу жолго койду. Буга чейин адамдар Зейдди «Зейд бин Мухаммад» деп чакырышчу эле. Эми «Зейд бин Хариса» деп өз атасына байланыштырып чакыра башташты. (Ушул сүрөнүн 5-аятына караңыз). Ошентип, Аллах Өз пайгамбарын, бакма баласынын талак кылынган аялына үйлөнтүп койду.
Tafsir berbahasa Arab:
مَّا كَانَ عَلَى ٱلنَّبِيِّ مِنۡ حَرَجٖ فِيمَا فَرَضَ ٱللَّهُ لَهُۥۖ سُنَّةَ ٱللَّهِ فِي ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلُۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ قَدَرٗا مَّقۡدُورًا
Аллах парыз кылган нерселерде пайгамбар үчүн эч кандай күнөө-кыжаалат жок. (Бул) мурда өткөндөргө (пайгамбарларга да) Аллахтын жолу ушундай болгон. Аллахтын буйругу (сөзсүз болоору) тагдырда белгиленген.
Tafsir berbahasa Arab:
ٱلَّذِينَ يُبَلِّغُونَ رِسَٰلَٰتِ ٱللَّهِ وَيَخۡشَوۡنَهُۥ وَلَا يَخۡشَوۡنَ أَحَدًا إِلَّا ٱللَّهَۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ حَسِيبٗا
Алар (мурунку пайгамбарлар) Аллахтын элчилигин (элдерге) жеткире турган, Аллахтан башка эч кимден коркпой турган адамдар болгон. Аллах – жетиштүү эсептешүүчү.
Tafsir berbahasa Arab:
مَّا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَآ أَحَدٖ مِّن رِّجَالِكُمۡ وَلَٰكِن رَّسُولَ ٱللَّهِ وَخَاتَمَ ٱلنَّبِيِّـۧنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا
(Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес.[1] Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү.
[1] Анын эркек балдары бала чагында эле чарчап калышкан. Ал Зейддин да атасы эмес. Каапырлардын «Өзүнүн келинине үйлөнүп алды» деген дооматтары жалган!
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ ذِكۡرٗا كَثِيرٗا
Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллахты көп зикир кылгыла!
Tafsir berbahasa Arab:
وَسَبِّحُوهُ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلًا
Эртели-кеч Ага тасбих (аруулагыла) айткыла!
Tafsir berbahasa Arab:
هُوَ ٱلَّذِي يُصَلِّي عَلَيۡكُمۡ وَمَلَٰٓئِكَتُهُۥ لِيُخۡرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَكَانَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ رَحِيمٗا
Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге ырайым көргөзө турган Зат! Ал ыймандууларга Ырайымдуу!
Tafsir berbahasa Arab:
تَحِيَّتُهُمۡ يَوۡمَ يَلۡقَوۡنَهُۥ سَلَٰمٞۚ وَأَعَدَّ لَهُمۡ أَجۡرٗا كَرِيمٗا
Ага жолуккан (акырет) күндөгү (ыймандуулардын) амандашуулары «Салам» (деген сөз). Аллах аларга улук сооп (бейиш) даярдап койгон.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ شَٰهِدٗا وَمُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا
Оо, пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик.
Tafsir berbahasa Arab:
وَدَاعِيًا إِلَى ٱللَّهِ بِإِذۡنِهِۦ وَسِرَاجٗا مُّنِيرٗا
Өзүнүн уруксаты менен (элдерди) Аллахка чакыруучу жана нурлуу чырак (кылып жибердик).
Tafsir berbahasa Arab:
وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ بِأَنَّ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَضۡلٗا كَبِيرٗا
Жана ыймандууларга, алар үчүн Аллах тарабынан улук сыйлык (артыкчылык) болушу жөнүндө куш кабар бер!
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَدَعۡ أَذَىٰهُمۡ وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا
Каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Алар көргөзгөн ызааларды жөн койо тур. Жана Аллахка тобокел кыл! Сактоочулук жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نَكَحۡتُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ ثُمَّ طَلَّقۡتُمُوهُنَّ مِن قَبۡلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمۡ عَلَيۡهِنَّ مِنۡ عِدَّةٖ تَعۡتَدُّونَهَاۖ فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحٗا جَمِيلٗا
Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгерде, ыймандуу аялдарды никеңерге алганыңардан кийин аларга жакындык кылбай туруп талагын берсеңер, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт. Эми, аларды (көңүлүңөрдөн чыккан белектер менен) пайдалантып, сылык-сыпаа жообун берип койгула.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَحۡلَلۡنَا لَكَ أَزۡوَٰجَكَ ٱلَّٰتِيٓ ءَاتَيۡتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَ مِمَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَيۡكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّٰتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَٰلَٰتِكَ ٱلَّٰتِي هَاجَرۡنَ مَعَكَ وَٱمۡرَأَةٗ مُّؤۡمِنَةً إِن وَهَبَتۡ نَفۡسَهَا لِلنَّبِيِّ إِنۡ أَرَادَ ٱلنَّبِيُّ أَن يَسۡتَنكِحَهَا خَالِصَةٗ لَّكَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۗ قَدۡ عَلِمۡنَا مَا فَرَضۡنَا عَلَيۡهِمۡ فِيٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ لِكَيۡلَا يَكُونَ عَلَيۡكَ حَرَجٞۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Оо, пайгамбар! Биз сага махрын берген жубайларыңды, Аллах (согуштардан) олжо кылып берген күңдөрүңдү, (дагы) абаңдын, атаңдын эже-карындаштарынын, таякеңдин жана таежеңдин (кыздарынын арасынан) сени менен бирге көчүп (Мединага) келгендерин адал кылдык. Жана өзүн пайгамбарга белек кылган ар бир ыймандуу аялды – эгер пайгамбар аны өз никесине алууну кааласа – адал кылдык. (Бул укук, оо, пайгамбар) башка момундарсыз жалгыз өзүңө тиешелүү. Албетте, момундарга аялдары, күңдөрү жөнүндө парз кылган нерселерибизди Өзүбүз жакшы билебиз.[1] (Сага бул укуктар) жүрөгүң сыгылбасын деп (берилди). Аллах - Кечирүүчү, Ырайымдуу.
[1] Ал парыздар боюнча момундар төрттөн ашык аял алууга укуктуу эмес. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын аялы тогуз болчу. Бул анын өзгөчө ыйгарымдуу укугу. Момундардын никеси үчүн аялдын ишенимдүү адамдары, күбөлөрү болушу зарыл. Пайгамбардын никесинде зарыл эмес. Момундарга эгер бир аял өзүн белек кылса, махр мүлкүн бергенден кийин гана үйлөнө алат. Ал эми пайгамбарга өзүн белек кылган аялга ал махр бербей үйлөнө берет.
Tafsir berbahasa Arab:
۞ تُرۡجِي مَن تَشَآءُ مِنۡهُنَّ وَتُـٔۡوِيٓ إِلَيۡكَ مَن تَشَآءُۖ وَمَنِ ٱبۡتَغَيۡتَ مِمَّنۡ عَزَلۡتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكَۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن تَقَرَّ أَعۡيُنُهُنَّ وَلَا يَحۡزَنَّ وَيَرۡضَيۡنَ بِمَآ ءَاتَيۡتَهُنَّ كُلُّهُنَّۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي قُلُوبِكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمٗا
(Дагы) Сен аялдар(ың)дан каалаганыңды (түнөө күнүн) кечиктирип, каалаганың менен (ошол түнү) боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдан кимисине (кайра) барсаң да, сага күнөө жок.[1] Бул (сенин ыктыярдуу адилетиң) аялдарыңдын көздөрү кубануусуна, капаланбоосуна жана бардыгына сен берген кезек-насиптерине ыраазы болууларына жакыныраак нерсе. Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени билип турат. Аллах Билүүчү, Жумшак (жазалоого шашпайт).
[1] Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салам башка момундардан айырмаланып, аялдарынын кимисине барууда ыктыярдуу кылынды. Эгер ал төшөк маселесинде аялдарынын арасында адилет кылган болсо, бул анын өз каалосу менен болгон.
Tafsir berbahasa Arab:
لَّا يَحِلُّ لَكَ ٱلنِّسَآءُ مِنۢ بَعۡدُ وَلَآ أَن تَبَدَّلَ بِهِنَّ مِنۡ أَزۡوَٰجٖ وَلَوۡ أَعۡجَبَكَ حُسۡنُهُنَّ إِلَّا مَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ رَّقِيبٗا
Сага (ушул тогуз аялдан) кийин аялдар(га үйлөнүү) жана аларды башка аялдарга алмаштыруу адал эмес, эгер алардын чырайы сени кызыктырган болсо да. Бир гана кол астыңдагы күң аялдарга барышыңа уруксат. Аллах бардык нерселерди күзөтүп турат.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَدۡخُلُواْ بُيُوتَ ٱلنَّبِيِّ إِلَّآ أَن يُؤۡذَنَ لَكُمۡ إِلَىٰ طَعَامٍ غَيۡرَ نَٰظِرِينَ إِنَىٰهُ وَلَٰكِنۡ إِذَا دُعِيتُمۡ فَٱدۡخُلُواْ فَإِذَا طَعِمۡتُمۡ فَٱنتَشِرُواْ وَلَا مُسۡتَـٔۡنِسِينَ لِحَدِيثٍۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ يُؤۡذِي ٱلنَّبِيَّ فَيَسۡتَحۡيِۦ مِنكُمۡۖ وَٱللَّهُ لَا يَسۡتَحۡيِۦ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ وَإِذَا سَأَلۡتُمُوهُنَّ مَتَٰعٗا فَسۡـَٔلُوهُنَّ مِن وَرَآءِ حِجَابٖۚ ذَٰلِكُمۡ أَطۡهَرُ لِقُلُوبِكُمۡ وَقُلُوبِهِنَّۚ وَمَا كَانَ لَكُمۡ أَن تُؤۡذُواْ رَسُولَ ٱللَّهِ وَلَآ أَن تَنكِحُوٓاْ أَزۡوَٰجَهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦٓ أَبَدًاۚ إِنَّ ذَٰلِكُمۡ كَانَ عِندَ ٱللَّهِ عَظِيمًا
Оо, ыйман келтирген адамдар! Силерге уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамак жегенге (уруксат берилсе, бирок даяр болбогон болсо) күтүп олтура бербегиле! Эгер чакырылсаңар, киргиле дагы тамактанып, (дароо) тарап кеткиле. Сөзгө алаксып олтура бербегиле. Мунуңар пайгамбарды иренжитет. Бирок ал силерден ыйбаа кылат. («Кеткиле» дегенден тартынат). Аллах болсо, акыйкатты айтуудан тартынбайт. Жана эгер алардан (пайгамбардын аялдарынан) бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Ушунуңар силердин да, алардын да жүрөктөрүн тазартуучураак (жорук). Аллахтын пайгамбарын иренжитүү жана андан соң анын (жесир) аялдарына үйлөнүү силерге эч качан мүмкүн эмес! Мунуңар Аллахтын назарында чоң күнөө болмок.
Tafsir berbahasa Arab:
إِن تُبۡدُواْ شَيۡـًٔا أَوۡ تُخۡفُوهُ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا
Эгер силер бир нерсени жашырсаңар же ашкере кылсаңар да, Аллах бардык нерсени билип турат.
Tafsir berbahasa Arab:
لَّا جُنَاحَ عَلَيۡهِنَّ فِيٓ ءَابَآئِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآئِهِنَّ وَلَآ إِخۡوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآءِ إِخۡوَٰنِهِنَّ وَلَآ أَبۡنَآءِ أَخَوَٰتِهِنَّ وَلَا نِسَآئِهِنَّ وَلَا مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُنَّۗ وَٱتَّقِينَ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدًا
(Эгер пайгамбардын аялдары) аталарынын алдында, уул перзенттеринин алдында, ага-инилеринин алдында, ага-инилеринин уулдарынын алдында, эже сиңдилеринин уулдарынын алдында, өздөрүнүн (мусулман) аялдарынын алдында жана кол астындагы кул-күңдөрүнүн алдында (бетин ачып жүрсө) эч күнөө жок! (Оо, пайгамбардын аялдары!) Аллахтан корккула! Аллах чынында ар бир нерсени көрүп турат!
Tafsir berbahasa Arab:
إِنَّ ٱللَّهَ وَمَلَٰٓئِكَتَهُۥ يُصَلُّونَ عَلَى ٱلنَّبِيِّۚ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ صَلُّواْ عَلَيۡهِ وَسَلِّمُواْ تَسۡلِيمًا
Албетте Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават-салам айтышат. Оо, ыйман келтиргендер силер да ага көптөн-көп салават-саламдарды айткыла!
Tafsir berbahasa Arab:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَأَعَدَّ لَهُمۡ عَذَابٗا مُّهِينٗا
Аллахка жана Анын элчисине зыян бергендерди, дүйнө-акыретте Аллах наалат айткан жана аларга кордоочу азап даярдаган!
Tafsir berbahasa Arab:
وَٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ بِغَيۡرِ مَا ٱكۡتَسَبُواْ فَقَدِ ٱحۡتَمَلُواْ بُهۡتَٰنٗا وَإِثۡمٗا مُّبِينٗا
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды жасабаган иштери себептүү зыян берген адамдар (моюндарына) чоң дооматты жана анык күнөөнү көтөрүшүптүр!
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ قُل لِّأَزۡوَٰجِكَ وَبَنَاتِكَ وَنِسَآءِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ يُدۡنِينَ عَلَيۡهِنَّ مِن جَلَٰبِيبِهِنَّۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن يُعۡرَفۡنَ فَلَا يُؤۡذَيۡنَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
Оо, пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына айткын: жоолуктарын өздөрүнө жакындатып (көкүрөк-баштарын жаап) алышсын! Ушул алардын (күңдөрдөн ажыралып) таанымал болууларына жана иренжитилбей жүрүүлөрүнө жакыныраак (жорук). Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.
Tafsir berbahasa Arab:
۞ لَّئِن لَّمۡ يَنتَهِ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡمُرۡجِفُونَ فِي ٱلۡمَدِينَةِ لَنُغۡرِيَنَّكَ بِهِمۡ ثُمَّ لَا يُجَاوِرُونَكَ فِيهَآ إِلَّا قَلِيلٗا
Эгерде мунафыктар (эки жүздүүлөр), жүрөктөрү оорулуу адамдар жана Мединада калп кабарларды таркатуучулар (ушул иштеринен) токтобосо, сени аларга каршы койобуз. Кийин алар сага кошуна болуп (Мединада) көп тура албай калышат.
Tafsir berbahasa Arab:
مَّلۡعُونِينَۖ أَيۡنَمَا ثُقِفُوٓاْ أُخِذُواْ وَقُتِّلُواْ تَقۡتِيلٗا
(Анан) каргышка учураган абалда (куугунтукталып) кай жерден жолуктурулса, кармалып, айоосуз өлтүрүп жиберилет.
Tafsir berbahasa Arab:
سُنَّةَ ٱللَّهِ فِي ٱلَّذِينَ خَلَوۡاْ مِن قَبۡلُۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ ٱللَّهِ تَبۡدِيلٗا
Аллахтын мурунку өткөндөргө да жолу ушул. Аллахтын жолунан эч бир өзгөртүүнү таба албайсың!
Tafsir berbahasa Arab:
يَسۡـَٔلُكَ ٱلنَّاسُ عَنِ ٱلسَّاعَةِۖ قُلۡ إِنَّمَا عِلۡمُهَا عِندَ ٱللَّهِۚ وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا
Сенден адамдар кыямат жөнүндө сурашат. Айткын: Анын илими Аллахтын гана алдында. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билер элең, мүмкүн кыяматтын болору жакын.
Tafsir berbahasa Arab:
إِنَّ ٱللَّهَ لَعَنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمۡ سَعِيرًا
Аллах каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду!
Tafsir berbahasa Arab:
خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ لَّا يَجِدُونَ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
Алар анда түбөлүккө калышат! Өздөрүнө эч бир (тозоктон куткаруучу) дос, эч бир жардамчы таба алышпайт!
Tafsir berbahasa Arab:
يَوۡمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمۡ فِي ٱلنَّارِ يَقُولُونَ يَٰلَيۡتَنَآ أَطَعۡنَا ٱللَّهَ وَأَطَعۡنَا ٱلرَّسُولَا۠
Алардын беттери тозокто (ары-бери) оодарылган күндө: «О! Кана эми, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуучу болгонубузда!» – деп (өкүнүчтө) калышат.
Tafsir berbahasa Arab:
وَقَالُواْ رَبَّنَآ إِنَّآ أَطَعۡنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَآءَنَا فَأَضَلُّونَا ٱلسَّبِيلَا۠
Жана: «О, Рабби! Биз өзүбүздүн башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийген элек. Бизди ошолор туура жолдон адаштырган!
Tafsir berbahasa Arab:
رَبَّنَآ ءَاتِهِمۡ ضِعۡفَيۡنِ مِنَ ٱلۡعَذَابِ وَٱلۡعَنۡهُمۡ لَعۡنٗا كَبِيرٗا
Оо, Рабби! Аларга эки эсе азап бер! Жана аларга чоң наалат жаадыр!» – дешет.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ ءَاذَوۡاْ مُوسَىٰ فَبَرَّأَهُ ٱللَّهُ مِمَّا قَالُواْۚ وَكَانَ عِندَ ٱللَّهِ وَجِيهٗا
Оо, ыйман келтиргендер! Силер (Мухаммадка мамиле кылганда) Мусаны иренжиткен адамдар сыяктуу болбогула! Анан Аллах аны (Мусаны) алар айткан сөздөн аруулаган.[1] (Себеби) Ал Аллахтын алдында урматтуу (пайгамбар).
[1] Муса алейхи салам ыйбалуу адам болгондуктан эч кимге денесин көргөзбөйт болчу. Муну жүрөгү бузук адамдар башкача жоромолдошуп «Муса жумурткасы чоңойуп кеткен ооруга жолуккан же болбосо, денеси ак (ала) болуп калган. Ошондуктан денесин элден жашырат» деп ушак таратып жиберишкен. Күндөрдүн биринде Муса ээн жерде жуунуп бүтүп, эми чапанын алайын десе..., үстүнө чапанын койгон чоң таш качып баратыптыр! «Эй, таш, токто!» деп кууп кете берип, ошол бойдон коому чогулуп турган жерге барып калганын билбей калыптыр. Таш ошондо гана токтоп, Муса болсо өзүн элейип тиктеп турган элден уялып, денесин жапканга шашыптыр. Аллах, Өз пайгамбарын ушакчылардын уу сөзүнөн ушинтип аруулаган экен.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَقُولُواْ قَوۡلٗا سَدِيدٗا
Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана чындык-акыйкат гана сөздөрдү сүйлөгүлө!
Tafsir berbahasa Arab:
يُصۡلِحۡ لَكُمۡ أَعۡمَٰلَكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡۗ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدۡ فَازَ فَوۡزًا عَظِيمًا
(Ошондо) Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, улук жеңишке (бейишке) жетиптир!
Tafsir berbahasa Arab:
إِنَّا عَرَضۡنَا ٱلۡأَمَانَةَ عَلَى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱلۡجِبَالِ فَأَبَيۡنَ أَن يَحۡمِلۡنَهَا وَأَشۡفَقۡنَ مِنۡهَا وَحَمَلَهَا ٱلۡإِنسَٰنُۖ إِنَّهُۥ كَانَ ظَلُومٗا جَهُولٗا
Биз аманатты (Ислам шариятын оболу) асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз мойнуна алды. Ал – зулумкер, наадан.[1]
[1] Инсандын табиятында зулумкерлик, наадандык бар. Аллах Шарият аманатын анын мойнуна жүктөп жатып, зулумдук, наадандык кылбаса, акылы менен бул эки жаман касиетин жеңе алса, аны бейишке киргизээрин шарт кылган.
Tafsir berbahasa Arab:
لِّيُعَذِّبَ ٱللَّهُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡمُشۡرِكِينَ وَٱلۡمُشۡرِكَٰتِ وَيَتُوبَ ٱللَّهُ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمَۢا
Аллах мунафык эркектер менен мунафык аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азаптоо үчүн, ал эми ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тообосун кабыл алуу үчүн (ушул аманатты инсаниятка жүктөдү). Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
Tafsir berbahasa Arab:
 
Terjemahan makna Surah: Surah Al-Aḥzāb
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - الترجمة القيرغيزية - Daftar isi terjemahan

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Tutup