Check out the new design

Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Surah: Hūd   Ayah:
فَلَا تَكُ فِي مِرۡيَةٖ مِّمَّا يَعۡبُدُ هَٰٓؤُلَآءِۚ مَا يَعۡبُدُونَ إِلَّا كَمَا يَعۡبُدُ ءَابَآؤُهُم مِّن قَبۡلُۚ وَإِنَّا لَمُوَفُّوهُمۡ نَصِيبَهُمۡ غَيۡرَ مَنقُوصٖ
Оо, пайгамбар! Ал мушриктердин сыйынып жаткандары туура эмес экендигинде сенде эч шек-күмөн болбосун. Бул нерсенин туура экендигинде аларда шариятка жана акылга туура келгендей эч кандай далилдери жок. Чындыгында аларды Аллахтан башкага сыйынууга түрткөн нерсе – ата-бабаларын ээрчүүсү. А биз болсо аларга азаптан болгон энчисин кемитпей толук беребиз.
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ فَٱخۡتُلِفَ فِيهِۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۚ وَإِنَّهُمۡ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُ مُرِيبٖ
Чындыгында Биз Мусага Тоорат китебин бердик. Адамдар ал туурасында талашып тартышып калышты. Кээ бири ага ыйман келтирсе, кээ бири ага каапыр болушту. Эгерде Аллахтын тагдыры мурда жазылбаганда, алар татыктуу болгон азапты бул дүйнөдө түшүрмөк. Чындыгында ал азапты эртелетпей даанышмандык кылып кыямат күнүнө кечиктирип койду. Чындыгында жөөттөр жана мушриктерден болгон каапырлар Куранга болгон шектери аларды күмөнгө түшүрөт.
Tafsir berbahasa Arab:
وَإِنَّ كُلّٗا لَّمَّا لَيُوَفِّيَنَّهُمۡ رَبُّكَ أَعۡمَٰلَهُمۡۚ إِنَّهُۥ بِمَا يَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
О, пайгамбар! Жогоруда айтылган талашып- тартышуучулардын баарына Раббиң алардын кылган иштерине жараша жаза-сыйлыгын толук берет. Эгер кылган иши жакшы болсо, сыйы да жакшы болот. Кылган иши жаман болсо, жазасы да жаман болот. Чынында, Аллах алардын кылып жаткан иштерин майда-чүйдөсүнө чейин Билүүчү. Алардын кылган иштеринин эч бири Аллахка жашыруун эмес.
Tafsir berbahasa Arab:
فَٱسۡتَقِمۡ كَمَآ أُمِرۡتَ وَمَن تَابَ مَعَكَ وَلَا تَطۡغَوۡاْۚ إِنَّهُۥ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Оо, пайгамбар! Сен туура жолдо дайыма Аллах буйругандай жүр. Буйруктарына моюн сун, тыйгандарынан алыс бол. Сени менен бирге тообо кылган ыймандуулар менен туура жолдо бекем бол. Күнөө кылып, чектен ашып кетпегиле. Чындыгында Аллах эмне кылып жатканыңарды Көрүүчү. Силердин иштериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жана силердин кылган иштериңерге жараша жакында жаза-сыйлык берет.
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَا تَرۡكَنُوٓاْ إِلَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ
Залым каапырларды сүйүп же кошамат кылып аларга ыктабагыла. Мындай ыктагандыктын себебинен силер тозокко түшөсүңөр. Силерди тозоктон куткара турган Аллахтан башка эч бир дос жок. Андан кийин силерге жардам берүүчүнү таппайсыңар.
Tafsir berbahasa Arab:
وَأَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ طَرَفَيِ ٱلنَّهَارِ وَزُلَفٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِۚ إِنَّ ٱلۡحَسَنَٰتِ يُذۡهِبۡنَ ٱلسَّيِّـَٔاتِۚ ذَٰلِكَ ذِكۡرَىٰ لِلذَّٰكِرِينَ
Оо, пайгамбар! Намазды эртең менен кечинде эң жакшы абалда окугун. Ошондой эле намазды түнкү убактарда да оку. Чындыгында жакшы иштер кичине күнөөлөрдү өчүрөт. Бул айтылгандар үлгү алуучулар үчүн насаат, сабак алуучулар үчүн сабак.
Tafsir berbahasa Arab:
وَٱصۡبِرۡ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Сен буйрулган туура жолдо жана башка иштерде ошондой эле сен тыйылган чектен ашууда жана заалымдарга таянууну таштоодо сабыр кыл. Чындыгында Аллах жакшылык кылгандырдын сообун жок кылбайт. Тетирисинче алардын кылган эң жакшы иштерин кабыл кылат жана алар кылган иштеринин сообун андан да жакшы кылып сыйлык берет.
Tafsir berbahasa Arab:
فَلَوۡلَا كَانَ مِنَ ٱلۡقُرُونِ مِن قَبۡلِكُمۡ أُوْلُواْ بَقِيَّةٖ يَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡفَسَادِ فِي ٱلۡأَرۡضِ إِلَّا قَلِيلٗا مِّمَّنۡ أَنجَيۡنَا مِنۡهُمۡۗ وَٱتَّبَعَ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ مَآ أُتۡرِفُواْ فِيهِ وَكَانُواْ مُجۡرِمِينَ
Кана эгер силерден мурунку азапталган элдердин арасында жерде күнөө менен бузукулук кылгандарды жана каапырлыктан кайтара турган ошол элде жакшы такыба адамдар болгондо, бирок андай адамдар болгон жок. Болгону алардан өтө азы гана бузукулуктан тыйышты. Биз аларды залым элдерин кыйраткан кезибизде куткарып калдык. Алардын элдеринен болгон заалымдар өздөрүндө болгон дүйнө жыргалчылыктарына ээрчишти. Заалымдар ага ээрчип кетишти.
Tafsir berbahasa Arab:
وَمَا كَانَ رَبُّكَ لِيُهۡلِكَ ٱلۡقُرَىٰ بِظُلۡمٖ وَأَهۡلُهَا مُصۡلِحُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде кайсы бир шаардын эли жер бетинде жакшылыкка чакыргандардан болсо, анда Раббиң аларды жок кылбайт. Чындыгында жерде каапырлык, зулумдук жана күнөө кылып бузуку кылган шаардын элин кыйратат.
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• وجوب الاستقامة على دين الله تعالى.
Аллах тааланын дининде бекем болуу милдет.

• التحذير من الركون إلى الكفار الظالمين بمداهنة أو مودة.
Заалым каапырларга кошомат кылуу же сүйүү менен аларга ыктоонун коркунучтуулугу.

• بيان سُنَّة الله تعالى في أن الحسنة تمحو السيئة.
Чындыгында жакшылык жамандыкты өчүрөрү Аллах тааланын жолу экенин баяндоо.

• الحث على إيجاد جماعة من أولي الفضل يأمرون بالمعروف، وينهون عن الفساد والشر، وأنهم عصمة من عذاب الله.
Жакшылыкка чакырган, жамандык жана бузукулуктан тыйган кадыр барктуу жамаатты топтоого үндөө. Чындыгында алар Аллахтын азабынан коргонууга себеп болот.

 
Terjemahan makna Surah: Hūd
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan - Daftar isi terjemahan

Diterbitkan oleh Markaz Tafsīr Li Ad-Dirasāt Al-Qur`āniyyah.

Tutup