Check out the new design

Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Ayah: (31) Surah: Ar-Ra'd
وَلَوۡ أَنَّ قُرۡءَانٗا سُيِّرَتۡ بِهِ ٱلۡجِبَالُ أَوۡ قُطِّعَتۡ بِهِ ٱلۡأَرۡضُ أَوۡ كُلِّمَ بِهِ ٱلۡمَوۡتَىٰۗ بَل لِّلَّهِ ٱلۡأَمۡرُ جَمِيعًاۗ أَفَلَمۡ يَاْيۡـَٔسِ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَن لَّوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ لَهَدَى ٱلنَّاسَ جَمِيعٗاۗ وَلَا يَزَالُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ تُصِيبُهُم بِمَا صَنَعُواْ قَارِعَةٌ أَوۡ تَحُلُّ قَرِيبٗا مِّن دَارِهِمۡ حَتَّىٰ يَأۡتِيَ وَعۡدُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُخۡلِفُ ٱلۡمِيعَادَ
Оо, пайгамбар! Эгер Аллахтан түшкөн китептердин бири кереметүү болуп, ошол керемет менен тоолор ордуларынан жылдырылса, жер жарылып дарыялар жана булактар ага турган болсо, ал кереметтүү китеп өлүктөргө окулганда тирилип кете турган болсо, анда ал керемет сага түшкөн Куранда болмок. Эгер алардын жүрөктөрүндө коркуу болгондо ал Куран өтө таасирдүү ачык далил болот эле. Бирок алар аны четке кагышты. Тактап айтканда, кереметтерди жана аят-белгилерди түшүрүү туурасындагы иштердин баары Аллахка гана таандык. Аллахка ыйман келтиргендер билишпейби?! Эгер Аллах адамдарды баарын туура жолго түшүрүүнү кааласа, анда Аллах аларга аят-белгилерин түшүрбөстөн туруп эле туура жолго салып коймок. Бирок Аллах андайды каалабады. Аллахка каапыр болгондорго капырлыктары жана күнөөлөрү себептүү оор кыйынчылыктар жетип турат. Ал балээлер Аллахтын токтоосуз түшүүчү азабынын убадасы келгенче, алардын турак жайларына жакын жерге түшөт. Чындыгында Аллах убада кылган нерсесин белгиленген убагы келгенде убадасын аткарбай койбойт.
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• أن الأصل في كل كتاب منزل أنه جاء للهداية، وليس لاستنزال الآيات، فذاك أمر لله تعالى يقدره متى شاء وكيف شاء.
Түшүрүлгөн ар бир китеп негизи туура жол үчүн келген. Аяттарынын түшүрүлүүсү талап кылынганы үчүн келген эмес. Бул да болсо Аллах таалага таандык буйругу. Аны качан жана кандай кааласа тагдыр кылат.

• تسلية الله تعالى للنبي صلى الله عليه وسلم، وإحاطته علمًا أن ما يسلكه معه المشركون من طرق التكذيب، واجهه أنبياء سابقون.
Аллахтын пайгамбардын көңүлүн көтөрүүсү. Жана мушриктер пайгамбарды жалганга чыгарган ыкмаларга мурдагы пайгамбарлар да кабылышканын Аллахтын ага толук билдирүүсү.

• يصل الشيطان في إضلال بعض العباد إلى أن يزين لهم ما يعملونه من المعاصي والإفساد.
Шайтан кээ бир адамдарды адаштырууда алардын кылып жаткан бузуку жана күнөө иштерин кооз кылып көрсөтүүгө чейин барат.

 
Terjemahan makna Ayah: (31) Surah: Ar-Ra'd
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan - Daftar isi terjemahan

Diterbitkan oleh Markaz Tafsīr Li Ad-Dirasāt Al-Qur`āniyyah.

Tutup