Check out the new design

Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Surah: Maryam   Ayah:

Мариям

Tujuan Pokok Surah Ini:
إبطال عقيدة نسبة الولد لله من المشركين والنصارى، وبيان سعة رحمة الله بعباده.
Мушриктердин жана христиандардын Аллахка бала таандык кылган ишениминин батыл-жараксыздыгы жана Аллах Тааланын пенделерине ырайымы кенендиги (айтылган).

كٓهيعٓصٓ
Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
Tafsir berbahasa Arab:
ذِكۡرُ رَحۡمَتِ رَبِّكَ عَبۡدَهُۥ زَكَرِيَّآ
Бул Раббиңдин пендеси Закарияга болгон ырайымдуулугун эскерүү. Андан сабак алуу үчүн аны сага баяндайбыз.
Tafsir berbahasa Arab:
إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥ نِدَآءً خَفِيّٗا
Дуба тез кабыл болуусу үчүн Раббисине жашыруун дуба кылганын эсте.
Tafsir berbahasa Arab:
قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ ٱلۡعَظۡمُ مِنِّي وَٱشۡتَعَلَ ٱلرَّأۡسُ شَيۡبٗا وَلَمۡ أَكُنۢ بِدُعَآئِكَ رَبِّ شَقِيّٗا
Ал мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Менин сөөктөрүм алсырап, чачымды ак басты. Мен Сага кылган дубамда бактысыз болбодум. Тескерисинче, менин ар бир кылган дубамды кабыл кылдың.
Tafsir berbahasa Arab:
وَإِنِّي خِفۡتُ ٱلۡمَوَٰلِيَ مِن وَرَآءِي وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا فَهَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا
Туугандарым дүнүйө менен алек болушкандыктан алар мен өлгөндөн кийин диндин милдеттерин аткарбай коюуларынан коркомун, менин аялым төрөбөйт жана тукумсуз. Андыктан мага жардамчы боло турган Өзүң тараптан перзент бере көр.
Tafsir berbahasa Arab:
يَرِثُنِي وَيَرِثُ مِنۡ ءَالِ يَعۡقُوبَۖ وَٱجۡعَلۡهُ رَبِّ رَضِيّٗا
Ал менден жана Якубдун үй-бүлөсүнөн пайгамбарлыкты мурас кылсын. Оо, Раббим! Аны дининде, кулк-мүнөзүндө жана илиминде башкалар андан ыраазы болгон адам кыла көр.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰزَكَرِيَّآ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ ٱسۡمُهُۥ يَحۡيَىٰ لَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ مِن قَبۡلُ سَمِيّٗا
Аллах анын дубасын кабыл кылды жана аны мындай деп чакырды: “Эй, Закария! Биз сени кубанткан нерсени сага кабарлайбыз, дубаңды кабыл кылдык жана сага Яхья аттуу баланы бердик, бул ысымды буга чейин андан башка эч кимге ыйгарган эмеспиз.
Tafsir berbahasa Arab:
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا وَقَدۡ بَلَغۡتُ مِنَ ٱلۡكِبَرِ عِتِيّٗا
Закария Аллахтын кудуретине таң калып мындай деди: «Аялым төрөбөйт жана тукумсуз, мен ал-күч кетип, картайып калдым, анан кантип балалуу болмок элем?!».
Tafsir berbahasa Arab:
قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞ وَقَدۡ خَلَقۡتُكَ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ تَكُ شَيۡـٔٗا
Периште мындай деп жооп берди: “Абал, сен айткандай аялың төрөбөйт, сен да картайып өмүрүңдүн аягына жетип, алдан-күчтөн тайдың. Бирок Раббиң мындай деп айтты: “Яхьяны төрөбөс энеден жана өмүрүнүн аягына жетип калган атадан Раббиңдин жаратуусу жеңил. Оо, Закария! Мен сени бул нерселерден алдын жараттым. Анда сен эскериле тургандай эч нерсе эмес элең. Анткени сен анда жок болчусуң”.
Tafsir berbahasa Arab:
قَالَ رَبِّ ٱجۡعَل لِّيٓ ءَايَةٗۖ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَٰثَ لَيَالٖ سَوِيّٗا
Закария (Аллахтын саламы болсун) мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Периштелер мага сүйүнчүлөгөн нерсенин ишке ашуусун далилдеп, көңүлүмдү тынчтанткан мага бир белги бер” – деди. Аллах: «Сен сүйүнчүлөнгөн нерсенин ишке ашуусунун белгиси — сен эч себепсиз эле, ден соолугуң чың туруп эле, үч күн тилден каласың» – деди.
Tafsir berbahasa Arab:
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ مِنَ ٱلۡمِحۡرَابِ فَأَوۡحَىٰٓ إِلَيۡهِمۡ أَن سَبِّحُواْ بُكۡرَةٗ وَعَشِيّٗا
Ошентип Закария ибадатканадан элине чыгып, аларга: “Эртели-кеч Аллахты аруулагыла” – деп сөзү жок ишарат кылды.
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• الضعف والعجز من أحب وسائل التوسل إلى الله؛ لأنه يدل على التَّبَرُّؤِ من الحول والقوة، وتعلق القلب بحول الله وقوته.
Алсыздык жана колдон келбегендик – бул Аллахка кайрылууда ортомчу кылына турган себептердин эң сүйүктүүлөрүнөн. Анткени бул абалда өзүнүн алсыз пенде экендигин моюндап, күч-кубаттуулукту Аллахка гана ыйгарып, Ага гана жүрөктүн байлануусуна алып барат.

• يستحب للمرء أن يذكر في دعائه نعم الله تعالى عليه، وما يليق بالخضوع.
Адам дуба кылуусунда Аллахтын ага берген жакшылыктарын жана Аллахка баш ийүүсүнө ылайык келген сөздөрдү айтуусу жакшыраак.

• الحرص على مصلحة الدين وتقديمها على بقية المصالح.
Диндин кызыкчылыгын аткарууга жана диндин кызыкчылыгын башка кызыкчылыктардын алдына коюуга умтулуу.

• تستحب الأسماء ذات المعاني الطيبة.
Жакшы маанини билдирген ысымдарды коюу жакшы көрүлгөн иштерден болуп саналат.

 
Terjemahan makna Surah: Maryam
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan - Daftar isi terjemahan

Diterbitkan oleh Markaz Tafsīr Li Ad-Dirasāt Al-Qur`āniyyah.

Tutup