Check out the new design

Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Ayah: (194) Surah: Al-Baqarah
ٱلشَّهۡرُ ٱلۡحَرَامُ بِٱلشَّهۡرِ ٱلۡحَرَامِ وَٱلۡحُرُمَٰتُ قِصَاصٞۚ فَمَنِ ٱعۡتَدَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَٱعۡتَدُواْ عَلَيۡهِ بِمِثۡلِ مَا ٱعۡتَدَىٰ عَلَيۡكُمۡۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلۡمُتَّقِينَ
Аллах силерге жетинчи жылы Аль-Харамга кирүүгө жана умраны аткарууга мүмкүнчүлүк берген ыйык ай – ал алтынчы жылы мушриктер силерди Аль-Харамга киргизбей койгон ыйык айдын ордуна берилди. Ыйык шаардын, ыйык айлардын жана ихрамга кирүүнүн ыйыктыгы сыяктуу ыйык нерселерде душмандык кылгандардан өч алынат. Бул нерселерде ким силерге душмандык кылса, аларга кылгандарына жараша мамиле кылгыла, андан ашырып чектен чыкпагыла. Чындыгында Аллах Анын чегинен чыккандарды жакшы көрбөйт. Аллах уруксат берген нерседе чектен чыгууга келгенде Андан корккула. Билгиле, Аллах Өз колдоосу жана ийгилиги менен такыбалар тарапта.
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• مقصود الجهاد وغايته جَعْل الحكم لله تعالى وإزالة ما يمنع الناس من سماع الحق والدخول فيه.
Аллах жолунда согушуунун максаты – өкүмдү Аллах таалага таандык кылуу, адамдардын акыйкатты угуусуна жана аны кабыл кылуусуна тоскоол болгон нерселерди жок кылуу.

• ترك الجهاد والقعود عنه من أسباب هلاك الأمة؛ لأنه يؤدي إلى ضعفها وطمع العدو فيها.
Аллах жолунда согушууну токтотуу жана ага барбай коюу – үммөттүн кыйроосунун себептеринин бири. Анткени ал анын алсыроосуна жана душмандын ага көз артуусуна алып келет.

• وجوب إتمام الحج والعمرة لمن شرع فيهما، وجواز التحلل منهما بذبح هدي لمن مُنِع عن الحرم.
Шарият талап кылгандарга ажылык менен умраны толук аткаруу милдет жана Аль-Харамга кирүүдөн тыйылгандар үчүн курмандык чалуу менен андан кутулуу уруксат.

 
Terjemahan makna Ayah: (194) Surah: Al-Baqarah
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan - Daftar isi terjemahan

Diterbitkan oleh Markaz Tafsīr Li Ad-Dirasāt Al-Qur`āniyyah.

Tutup