Check out the new design

Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Surah: Āli 'Imrān   Ayah:
فَٱنقَلَبُواْ بِنِعۡمَةٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَضۡلٖ لَّمۡ يَمۡسَسۡهُمۡ سُوٓءٞ وَٱتَّبَعُواْ رِضۡوَٰنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ ذُو فَضۡلٍ عَظِيمٍ
Кийин алар Хамра ал-Асад казатынан эч кандай согушсуз, өлүм-жаракатсыз, бирок өтө чоң соопко ээ болуп кайтып келишти. Күнөөдөн тыйылып, ибадатын бекем карманып Аллахты ыраазы кылышты. Аллах Таала момун пенделерине өзгөчө Артыкчалуу
Tafsir berbahasa Arab:
إِنَّمَا ذَٰلِكُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ يُخَوِّفُ أَوۡلِيَآءَهُۥ فَلَا تَخَافُوهُمۡ وَخَافُونِ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Силерди коркуткан ал шайтан, ал силерге өзүнүн достору, жардам берүүчүлөрүн (каапырларды) айтып коркутат. Алардан коркпогула, аларда күч да, кубат да жок. Эгер Ага чындап ишенсеңер, катуу баш ийүү менен бир гана Жалгыз Аллахтан корккула.
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَا يَحۡزُنكَ ٱلَّذِينَ يُسَٰرِعُونَ فِي ٱلۡكُفۡرِۚ إِنَّهُمۡ لَن يَضُرُّواْ ٱللَّهَ شَيۡـٔٗاۚ يُرِيدُ ٱللَّهُ أَلَّا يَجۡعَلَ لَهُمۡ حَظّٗا فِي ٱلۡأٓخِرَةِۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Оо, элчи, каапырлыкка шашып жаткан мунафыктар сени кайгыртпасын. Аллар Аллахка эч зыян тийгизе албайт, Аллахтан жана Анын ибадатынан алыстаганы үчүн өздөрүнө гана зыян кылышат. Алардын эки жүздүүлүгү, бекем турбаганы себептүү Аллах Таала аларга акыретте эч нерсе бербөөнү каалады. Акыретте аларга тозокто катуу азап болот
Tafsir berbahasa Arab:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ٱشۡتَرَوُاْ ٱلۡكُفۡرَ بِٱلۡإِيمَٰنِ لَن يَضُرُّواْ ٱللَّهَ شَيۡـٔٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
ыйманды каапырлыкка алмаштырып алгандар Аллахка эч зыян тийгизе албайт, болгону өздөрүнө зыян тийгизет, акыретте аларга жан кейиткен азап бар
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَا يَحۡسَبَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَنَّمَا نُمۡلِي لَهُمۡ خَيۡرٞ لِّأَنفُسِهِمۡۚ إِنَّمَا نُمۡلِي لَهُمۡ لِيَزۡدَادُوٓاْ إِثۡمٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Шариятына моюн сунбай кежирленип, Жаратуучусуна каапыр болгондор, каапырлыкта көп өмүр сүргөнү аларга жакшы деп ойлошот. Бирок, алар ойлогондой эмес, алардын өмүрү күнөөлөрүнө дагы күнөө кошулуусу үчүн узун болду, эми аларга катуу азап болот
Tafsir berbahasa Arab:
مَّا كَانَ ٱللَّهُ لِيَذَرَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ عَلَىٰ مَآ أَنتُمۡ عَلَيۡهِ حَتَّىٰ يَمِيزَ ٱلۡخَبِيثَ مِنَ ٱلطَّيِّبِۗ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُطۡلِعَكُمۡ عَلَى ٱلۡغَيۡبِ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَجۡتَبِي مِن رُّسُلِهِۦ مَن يَشَآءُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۚ وَإِن تُؤۡمِنُواْ وَتَتَّقُواْ فَلَكُمۡ أَجۡرٌ عَظِيمٞ
Оо, ыймандуулар, Аллах Тааланын даанышмандыгы силерди мунафыктар менен аралаш, алардын ким экенин билбеген абалда калтырып койбойт. Таза момундарды ыпылас мунафыктардан ажыратуу үчун силерди ар түрдүү кыйынчылыктар менен сынайт. Ошондой эле, Аллах Таала даанышмандыгы менен силерди кайыпты билбей турган кылып койду. Бирок, каалаган адамын пайгамбар кылып, ага кээ бир кайыпты билдирип койду. Мисалы, Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мунафыктарды билдирген сыяктуу. Эми Аллахка жана Анын элчисине ыйманыңарды бекмдегиле. Эгер Аллахка чындап ыйман келтирсеңер, Анын буйруктарын аткарып, тыюусунан тыйылып Ага такыба болгула, силерге Аллах Таала чоң сый даярдап койгон
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَا يَحۡسَبَنَّ ٱلَّذِينَ يَبۡخَلُونَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ هُوَ خَيۡرٗا لَّهُمۖ بَلۡ هُوَ شَرّٞ لَّهُمۡۖ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُواْ بِهِۦ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ وَلِلَّهِ مِيرَٰثُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Аллах Таала артыкчылыгы менен берген нээмат-жакшылыктарга сараңдык кылып, Аллахтын акысын бербегендер, муну жакшылык кылды деп ойлобосун, тескерисинче, бул жамандык. Анткени, азыр сараңдык кылып,эч кимге бербеген нерселери кыямат күнү алардын башына азап болот, ошол нерселери аларды моюнунан кысат. Асман-жердегинин баары Жалгыз Аллахка тиешелүү эмеспи, жаратылгандын баары жок болуп кеткенде да Ал Тирүү калат. Аллах Таала силердин кылган ишиңерди ийне-жибине чейин Билүүчү, кийин ошол амалыңарга жараша сыйлайт, же жазалайт
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• ينبغي للمؤمن ألا يلتفت إلى تخويف الشيطان له بأعوانه وأنصاره من الكافرين، فإن الأمر كله لله تعالى.
Ыймандуу адам, шайтан каапыр досторун, жана жардамчыларын айтып коркутканын эрөөн албайт. Себеби, иштин баары Аллахтын колунда

• لا ينبغي للعبد أن يغتر بإمهال الله له، بل عليه المبادرة إلى التوبة، ما دام في زمن المهلة قبل فواتها.
Пенде Аллах ага ыроологон нерсеге манчыркап жүрө бербей, убакыт колдон уча элегинде, тобо кылууга шашылуусу кажет

• البخيل الذي يمنع فضل الله عليه إنما يضر نفسه بحرمانها المتاجرة مع الله الكريم الوهاب، وتعريضها للعقوبة يوم القيامة.
Аллах берген нерселерди башкалардан кызганып сараңдык кылган адам, Берешен, Жоомарт Аллах Таала соода кылуудан куру калып өзүнө-өзү зыян жеткирет, кыяматта башына азап үйөт

 
Terjemahan makna Surah: Āli 'Imrān
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan - Daftar isi terjemahan

Diterbitkan oleh Markaz Tafsīr Li Ad-Dirasāt Al-Qur`āniyyah.

Tutup