Check out the new design

Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Surah: Al-Māidah   Ayah:
۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ ٱلۡيَهُودَ وَٱلنَّصَٰرَىٰٓ أَوۡلِيَآءَۘ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلِيَآءُ بَعۡضٖۚ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمۡ فَإِنَّهُۥ مِنۡهُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Оо, Аллахка жана Анын элчисине ишенген ыймандуулар, яхуди жана христиандарды дос тутуп, башчы кылып албагыла. Яхудилер да, христиандар да өздөрүнүн жолундагыларга дос, эки тайпа тең өздөрүнүн катарындагыларды чогултат. Силерден кимдир-бирөө аларды дос тутса, ал да ошолордун катарында болот. Аллах Таала залым коомду каапырларды дос тутканы үчүн туура жолго баштабайт.
Tafsir berbahasa Arab:
فَتَرَى ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ يُسَٰرِعُونَ فِيهِمۡ يَقُولُونَ نَخۡشَىٰٓ أَن تُصِيبَنَا دَآئِرَةٞۚ فَعَسَى ٱللَّهُ أَن يَأۡتِيَ بِٱلۡفَتۡحِ أَوۡ أَمۡرٖ مِّنۡ عِندِهِۦ فَيُصۡبِحُواْ عَلَىٰ مَآ أَسَرُّواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ نَٰدِمِينَ
Оо, элчи, ыйманы алсыз эки жүздүүлөр, яхудилер менен христиандарды дос тутууга шашылып: эгер булар жеңишке жетип, бийликке ээ болуп калса, бизге жаман болот деп коркобуз дешет. Мүмкүн Аллах Таала жеңишти элчисине жана ыймандууларга берип коёр. Же болбосо, яхудилердин жана аларды дос туткандардын бийлигин жок кыла турган иш кылаар, ошондо аларды дос тутууга шашылган эки жүздүүлөр, ойлогон ойлору маанисиз болуп түккө жарабай калганы үчүн, жүрөктөрүнө бекиткен, эки жүздүү ойлоруна өкүнүп калышат.
Tafsir berbahasa Arab:
وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَهَٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ أَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ إِنَّهُمۡ لَمَعَكُمۡۚ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡ فَأَصۡبَحُواْ خَٰسِرِينَ
Ыймандуулар эки жүздүүлөрдүн кылыгына таңданып: Ыймандуубуз деп катуу ант берип, эй, ыймандуулар, биз ыймандуулукта, жардам берүүдө, достукта силер менен биргебиз деген адамдар ушуларбы?! - дешет. Алардын кылган иш-аракеттери жокко чыгарылат. максаттарына жете албай жана акыретте катуу азапка дуушар болуп зыянга учурашты
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَن يَرۡتَدَّ مِنكُمۡ عَن دِينِهِۦ فَسَوۡفَ يَأۡتِي ٱللَّهُ بِقَوۡمٖ يُحِبُّهُمۡ وَيُحِبُّونَهُۥٓ أَذِلَّةٍ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ يُجَٰهِدُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَا يَخَافُونَ لَوۡمَةَ لَآئِمٖۚ ذَٰلِكَ فَضۡلُ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٌ
Оо, ыймандуулар, силердин араңдан бирөөлөр дининен кайтып каапыр болсо, Аллах Таала алардын ордуна Өзүн жакшы көргөн Аллах да аларды динге бекем болгону үчүн жакшы көргөн, ыймандууларга мээримдүү, каапырларга катаал, Аллахтын сөзү жогору болуусу үчүн малы-жанын аябай казатка чыга турган, ушак-айың кылуучулардын ушагынан коркпогон, мунун баарын Аллахты ыраазы кылууну башкаларды ыраазы кылуудан өйдө койгону үчүн жасаган коомду алып келет. Бул Аллах Таала Өзу каалаган пенделерине бере турган артыкчылык. Аллахтын артыкчылыгы жана жакшылыгы кенен, артыкчылыгына ким ылайыктуу, ким ылайыксыз экенин билет жана ылайыктуусуна берет, ылайыксызын куру калтырат.
Tafsir berbahasa Arab:
إِنَّمَا وَلِيُّكُمُ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُمۡ رَٰكِعُونَ
Яхудилер, христиандар ж.б. каапырлар силердин досуңар эмес, силердин досуңар жана жардамчыңар - Аллах, Аллахтын элчиси жана намаздарын толук аткарган, малынын зекетин берген, Аллахка чын ыкласы менен берилген ыймандуулар
Tafsir berbahasa Arab:
وَمَن يَتَوَلَّ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فَإِنَّ حِزۡبَ ٱللَّهِ هُمُ ٱلۡغَٰلِبُونَ
Аллахты, Анын элчисин жана ыймандууларды жардамчы дос кылган адам Аллахтын жамаатынан. Аллахтын жамаатындагылар үстөмдүк кылуучу, анткени аларга Аллах Өзү жардам берет
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُواْ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ دِينَكُمۡ هُزُوٗا وَلَعِبٗا مِّنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكُمۡ وَٱلۡكُفَّارَ أَوۡلِيَآءَۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Оо, ыймандуулар, диниңерди шылдыңдап, ойногон китеп берилген яхуди, христиандарды жана бутпарастарды өзүңөргө башчы кылып тандап албагыла. Эгер Аллахка жана Ал түшүргөн китепке чындап ишенсеңер, тигилерди дос тутуудан тыйган тыюсун аткарып Аллахка такыба болгула.
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• التنبيه علي عقيدة الولاء والبراء التي تتلخص في الموالاة والمحبة لله ورسوله والمؤمنين، وبغض أهل الكفر وتجنُّب محبتهم.
Дос тутуу ишеними боюнча жыйынтыктап айтканда, Аллахты, Аллахтын элчисин, ыймандууларды дос тутуу зарыл, ал эми каапырларды жек көрүү жана аларды жакшы көрүүдөн сактануу милдет

• من صفات أهل النفاق: موالاة أعداء الله تعالى.
Аллахтын душмандарын дос тутуу - эки жүздүүлөрдүн сыпаты

• التخاذل والتقصير في نصرة الدين قد ينتج عنه استبدال المُقَصِّر والإتيان بغيره، ونزع شرف نصرة الدين عنه.
Динге жардам бербеген жана динди толук кармабаган адамдарды башка адамдарга алмаштырып коёт жана алар динге жардам берүү бактысынан ажырап калат

• التحذير من الساخرين بدين الله تعالى من الكفار وأهل النفاق، ومن موالاتهم.
Аллахтын динин шылдыңдаган каапырлардан, эки жүздүүлөрдөн жана аларды дос тутуудан эскертүү.

 
Terjemahan makna Surah: Al-Māidah
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan - Daftar isi terjemahan

Diterbitkan oleh Markaz Tafsīr Li Ad-Dirasāt Al-Qur`āniyyah.

Tutup