Terjemahan makna Alquran Alkarim - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Ayah: (3) Surah: Surah Al-Māidah
حُرِّمَتۡ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةُ وَٱلدَّمُ وَلَحۡمُ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦ وَٱلۡمُنۡخَنِقَةُ وَٱلۡمَوۡقُوذَةُ وَٱلۡمُتَرَدِّيَةُ وَٱلنَّطِيحَةُ وَمَآ أَكَلَ ٱلسَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيۡتُمۡ وَمَا ذُبِحَ عَلَى ٱلنُّصُبِ وَأَن تَسۡتَقۡسِمُواْ بِٱلۡأَزۡلَٰمِۚ ذَٰلِكُمۡ فِسۡقٌۗ ٱلۡيَوۡمَ يَئِسَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن دِينِكُمۡ فَلَا تَخۡشَوۡهُمۡ وَٱخۡشَوۡنِۚ ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗاۚ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ فِي مَخۡمَصَةٍ غَيۡرَ مُتَجَانِفٖ لِّإِثۡمٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Аллах Таала силерге өлүп калган өлүмтүктү, мууздаганда оргуп чыккан канды, чочконун этин, мууздаган учурда Аллахтын атынан башка нерсенин аты аталып мууздалган малды арам кылды. Ошондой эле муунуп өлгөн, сокку жеп өлгөн, бийик жерден кулап өлгөн, башкасы менен сүзүшүп өлгөн, арстан, жолборс, карышкыр сыяктуу жырткычтар тытып өлтүргөн малдар арам кылынды. Бирок булардын жаны чыкканча жетишип Аллахтын атын атап мууздасаңар, адал болот. Дагы бут-айкелдерге арналып мууздалган малдар арам кылынды. Ошондой эле силерге кайып болгон иштерде төлгө салуу арам кылынды, бул төлгө "аткар", "аткарба" деген жазуулары бар таштар же жебелер менен салынат да, ошондо бул эки иштин кайсынысы чыкса ошону кылат. Мына ушул жогоруда айтылган арам иштерди кылуу Аллахка баш ийбестик болуп саналат. Бүгүн каапырлар исламдын күч-кубатын көрүп, силерди динден чыгаруудан үмүтүн үздү. Алардан коркпогула, Менден гана корккула. Ислам деп аталган диниңерди бүгүн силерге толук кылдым. Ачык жана купуя болгон жакшылыгымды силерге толук берип бүттүм. Исламдын силерге дин болуусун ыктыяр кылып кааладым, андан башка динди кабыл кылбайм. Катуу ачкалыктан улам, каалоосу жок бул арам кылынгандардан бир аз жеп өзөк жалгаса, ага күнөө эмес, Аллах Таала чынында Кечиримдүү, Мээримдүү
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• تحريم ما مات دون ذكاة، والدم المسفوح، ولحم الخنزير، وما ذُكِرَ عليه اسْمٌ غير اسم الله عند الذبح، وكل ميت خنقًا، أو ضربًا، أو بسقوط من علو، أو نطحًا، أو افتراسًا من وحش، ويُستثنى من ذلك ما أُدرِكَ حيًّا وذُكّيَ بذبح شرعي.
Мууздалбастан өлгөн өлүмтүк, мууздаганда оргуштап чыккан кан, чочконун эти, мууздаганда Аллахтын атынан башканын аты аталып мууздалган мал, муунуп, урулуп, бийиктен кулап өлгөн, башка жаныбар сүзүп, тытып өлтүргөн жандыктар арам. Бирок, алардын жаны чыкканча мууздап жетишсе, анда адал

• حِلُّ ما صاد كل مدرَّبٍ ذي ناب أو ذي مخلب.
Азуулуу жана өткүр тырмактуу үйрөтүлгөн жаныбарлардын уулаган уусу адал

• إباحة ذبائح أهل الكتاب، وإباحة نكاح حرائرهم من العفيفات.
Китеп берилгендер мууздаган мал адал жана китеп берилген таза, эркин аялдарга үйлөнүү адал

 
Terjemahan makna Ayah: (3) Surah: Surah Al-Māidah
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Daftar isi terjemahan

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Tutup