Terjemahan makna Alquran Alkarim - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Ayah: (48) Surah: Surah Al-Māidah
وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَمُهَيۡمِنًا عَلَيۡهِۖ فَٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُۖ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ عَمَّا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ لِكُلّٖ جَعَلۡنَا مِنكُمۡ شِرۡعَةٗ وَمِنۡهَاجٗاۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن لِّيَبۡلُوَكُمۡ فِي مَآ ءَاتَىٰكُمۡۖ فَٱسۡتَبِقُواْ ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ إِلَى ٱللَّهِ مَرۡجِعُكُمۡ جَمِيعٗا فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ
Оо, элчи, сага Аллахтан экенине эч шек-күмөн болбогон чындык Куранды түшүрдүк. Ал мурдагы китептерди тастыктап, алардагы артыкчылыктарыд өзүнө камтыйт, мурдагылардан ага (Куранга) дал келгени чындык, каршы келгени жалган. Адамдарга Аллах ошол Куранда түшүргөн өкүмдөр менен өкүм кыл. Аллах Таала түшүргөн эч шек-күмөнү жок чындыкты чанып, алардын каалоосуна ээрчип кетпе. Чынында ар бир үммөткө иш жүзүндө аткарылчу өкүмдөрдү шарият кылдык жана алар адашпай турган ачык-айкын жолду көрсөттүк. Аллах шарияттын бир болуусун кааласа, аны бирөө эле кылмак. Бирок, аларды сынап, күнөөкөрдү күнөөсүздөн ажыратуу үчүн ар бир үммөткө өзүнчө шарият кылды. Эми жакшы иштерди жасап, жаман иштерди таштоого шашылгыла. Кыямат күнү баарың Аллахка кайтып барасыңар. Ошондо эмнеден өзгөчөлөнгөнүңөрдү билдирет жана кылган иш-аракетиңерге жараша сый же жаза берет
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• الأنبياء متفقون في أصول الدين مع وجود بعض الفروق بين شرائعهم في الفروع.
Диндин негизинде пайгамбарлардын баарынын жолу бир, болгону шариятында гана айырмачылыктар бар.

• وجوب تحكيم شرع الله والإعراض عمّا عداه من الأهواء.
Адамдардын каалоосуна ылайыкталган өкүмдөрдөн жуз буруп, Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзүү важыб, милдет.

• ذم التحاكم إلى أحكام أهل الجاهلية وأعرافهم.
Караңгылык доордогу адамдардын үрп-адаттары, өкүмдөрү менен өкүм кылууга болбойт

 
Terjemahan makna Ayah: (48) Surah: Surah Al-Māidah
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Daftar isi terjemahan

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Tutup