Check out the new design

Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Surah: Al-Munāfiqūn   Ayah:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ تَعَالَوۡاْ يَسۡتَغۡفِرۡ لَكُمۡ رَسُولُ ٱللَّهِ لَوَّوۡاْ رُءُوسَهُمۡ وَرَأَيۡتَهُمۡ يَصُدُّونَ وَهُم مُّسۡتَكۡبِرُونَ
Эгерде эки жүздүүлөргө: «Аллахтын элчисине келип, силерден болгон нерсе үчүн кечирим сурагыла. Ал силердин күнөөлөрүңөр үчүн Аллахтын кечиримин сурасын» – деп айтылса, алар шылдыңдагансып баштарын чайкашат. Силер алардын акыйкатты кабыл албай жана ага баш бербей текеберленип, аларга буйрулган нерседен жүз бургандарын көрдүңөр.
Tafsir berbahasa Arab:
سَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ أَسۡتَغۡفَرۡتَ لَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تَسۡتَغۡفِرۡ لَهُمۡ لَن يَغۡفِرَ ٱللَّهُ لَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Оо, пайгамбар! Сен алардын күнөөлөрү үчүн кечирим сураганың менен сурабаганың бирдей. Аллах эч качан алардын күнөөлөрүн кечирбейт. Чындыгында Аллах баш ийбестик кылып, күнөөдөн баш тартпаган коомго ийгилик бербейт.
Tafsir berbahasa Arab:
هُمُ ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ لَا تُنفِقُواْ عَلَىٰ مَنۡ عِندَ رَسُولِ ٱللَّهِ حَتَّىٰ يَنفَضُّواْۗ وَلِلَّهِ خَزَآئِنُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَٰكِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ لَا يَفۡقَهُونَ
Мына ошолор айтышат: «Аллахтын элчисинин алдындагы кедей-кембагалдарга жана Мединанын чет жакасындагы арабдарга мал-мүлктөрүңөрдү сарптабагыла, акыры алар анын айланасынан тарап кетишет». Асмандар менен жердин казыналары жалгыз Аллахка таандык. Ал каалаган пенделерине ырыскы берет. Бирок эки жүздүүлөр ырыскы казыналары Аллахтын колунда экенин билишпейт.
Tafsir berbahasa Arab:
يَقُولُونَ لَئِن رَّجَعۡنَآ إِلَى ٱلۡمَدِينَةِ لَيُخۡرِجَنَّ ٱلۡأَعَزُّ مِنۡهَا ٱلۡأَذَلَّۚ وَلِلَّهِ ٱلۡعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِۦ وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ وَلَٰكِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ لَا يَعۡلَمُونَ
Алардын башчысы Абдуллах ибн Убай: «Биз Мединага кайтсак, мен жана элимден болгон күч-кудуреттүү адамдар, алсыз кор болгон Мухаммадды жана анын сахабаларын кууп чыгабыз» – деп айтты. Күч-кудуреттүүлүк Абдуллах ибн Убайдуллах менен жоро-жолдошторуна эмес, жалгыз Аллахка, Анын элчисине жана ыймандууларга таандык. Бирок эки жүздүүлөр күч-кудуреттүүлүк Аллахка, Анын элчисине жана ыймандууларга таандык экенин билишпейт.
Tafsir berbahasa Arab:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُلۡهِكُمۡ أَمۡوَٰلُكُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُكُمۡ عَن ذِكۡرِ ٱللَّهِۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Мал-мүлкүңөр жана бала-чакаңар силерди намаздан же башка Ислам парздарынан алаксытып койбосун. Кимди мал-мүлкү жана бала-чакасы намаздан жана башка Аллахтын парздарынан алаксыткан болсо, мына ошолор өздөрүн жана үй-бүлөсүн кыяматта чындап зыянга учураткандар.
Tafsir berbahasa Arab:
وَأَنفِقُواْ مِن مَّا رَزَقۡنَٰكُم مِّن قَبۡلِ أَن يَأۡتِيَ أَحَدَكُمُ ٱلۡمَوۡتُ فَيَقُولَ رَبِّ لَوۡلَآ أَخَّرۡتَنِيٓ إِلَىٰٓ أَجَلٖ قَرِيبٖ فَأَصَّدَّقَ وَأَكُن مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Силерден кимдир-бирөөгө өлүм келгенге чейин Аллах ырыскы кылган мал-мүлктөн сартпагыла. Ошондо ал Раббисине айтат: «Раббим, мага бир аз мөөнөт бер, мен Аллах жолуна байлыгымдан сарптайын жана жакшылык иштерди кылган Аллахтын такыба пенделеринен болоюн».
Tafsir berbahasa Arab:
وَلَن يُؤَخِّرَ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِذَا جَآءَ أَجَلُهَاۚ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Аллах ажалы келип, өмүрү бүткөн бир дагы жанга мөөнөт бербейт. Аллах силердин иштериңерден Кабардар. Иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында алардын сыйлыгын же жазасын берет, жакшы болсо жакшы, жаман болсо жаман.
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• الإعراض عن النصح والتكبر من صفات المنافقين.
Насааттан баш тартып, текеберлик кылуу – эки жүздүүлөрдүн сыпаттарынан.

• من وسائل أعداء الدين الحصار الاقتصادي للمسلمين.
Мусулмандарды экономикалык жактан кысымга алуу – дин душмандары колдонгон каражаттардан.

• خطر الأموال والأولاد إذا شغلت عن ذكر الله.
Аллахты эстөөдөн алаксыткан байлык менен бала-чаканын коркунучу.

 
Terjemahan makna Surah: Al-Munāfiqūn
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Kitab Al-Mukhtaṣar fī Tafsīri Al-Qur`ān berbahasa Kirgizstan - Daftar isi terjemahan

Diterbitkan oleh Markaz Tafsīr Li Ad-Dirasāt Al-Qur`āniyyah.

Tutup