Terjemahan makna Alquran Alkarim - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Daftar isi terjemahan


Terjemahan makna Ayah: (10) Surah: Surah At-Taḥrīm
ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱمۡرَأَتَ نُوحٖ وَٱمۡرَأَتَ لُوطٖۖ كَانَتَا تَحۡتَ عَبۡدَيۡنِ مِنۡ عِبَادِنَا صَٰلِحَيۡنِ فَخَانَتَاهُمَا فَلَمۡ يُغۡنِيَا عَنۡهُمَا مِنَ ٱللَّهِ شَيۡـٔٗا وَقِيلَ ٱدۡخُلَا ٱلنَّارَ مَعَ ٱلدَّٰخِلِينَ
Аллах Ага жана Анын элчилерине каапырлык кылгандардын ыймандуулар менен болгон байланышы эч кандай пайда келтирбесине, Анын пайгамбарларынан болгон Нух менен Луттун аялдарын мисал келтирди. Экөөсү тең такыба пенделердин аялдары эле. Алар Аллахтын жолунан тосуп жана коомундагы каапырларга жардам берип, күйөөлөрүнө кыянаттык кылышты. Алар такыба пенделердин аялдары болушканы аларга эч пайда келтирген жок. Ал экөөсүнө: «Каапырлар жана бузукулар менен бирге тозокко киргиле» – деп айтылды.
Tafsir berbahasa Arab:
Beberapa Faedah Ayat-ayat di Halaman Ini:
• التوبة النصوح سبب لكل خير.
Чын жүрөктөн кылынган тообо – бардык жакшылыктардын себеби.

• في اقتران جهاد العلم والحجة وجهاد السيف دلالة على أهميتهما وأنه لا غنى عن أحدهما.
Илим жана далилдин негизинде согуш жүргүзүү менен кылычташып согушуунун бирге келиши алардын маанилүү экендигин билдирет. Алардын экөө тең бирдей маанилүү.

• القرابة بسبب أو نسب لا تنفع صاحبها يوم القيامة إذا فرّق بينهما الدين.
Кандайдыр бир себептен же туугандык байланыштан улам болгон жакындык кыямат күнү адамга пайда келтирбейт, эгерде алардын ортосун дин бөлгөн болсо.

• العفاف والبعد عن الريبة من صفات المؤمنات الصالحات.
Абийирдүүлүк жана шек саноодон алыс болуу – ыймандуу, такыба аялдардын сыпаттарынан.

 
Terjemahan makna Ayah: (10) Surah: Surah At-Taḥrīm
Daftar surah Nomor Halaman
 
Terjemahan makna Alquran Alkarim - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Daftar isi terjemahan

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Tutup