Traduzione dei Significati del Sacro Corano - الترجمة القيرغيزية * - Indice Traduzioni

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Traduzione dei significati Versetto: (11) Sura: Fâtir
وَٱللَّهُ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٖ ثُمَّ مِن نُّطۡفَةٖ ثُمَّ جَعَلَكُمۡ أَزۡوَٰجٗاۚ وَمَا تَحۡمِلُ مِنۡ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلۡمِهِۦۚ وَمَا يُعَمَّرُ مِن مُّعَمَّرٖ وَلَا يُنقَصُ مِنۡ عُمُرِهِۦٓ إِلَّا فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ
(Оо, инсандар) Аллах силерди (алгач ирет) топурактан, андан кийин бел суудан жаратты. Кийин (жетилген курагыңарда) силерди жуп-жубайлар кылды. Ургаачылардын боюна эмне бүтүп, эмне төрөгөнүн Ал билип турат. Жана жашоочунун канчалык өмүр сүрөөрү жана өмүрүнөн канчасы кыскарары (Аллахтан алдындагы) китепте бар,[1] албетте бул Аллах үчүн жеңил.[2]
[1] Аллах таала зына кылуу, ата-энеге ак (күнөөкөр) болуу, тууганчылыкты үзүп коюу сыяктуу арам иштерди өмүрдүн кыскарышына себеп кылып койгон. Ушулар себептүү эе буларсыз эле өмүрдүн кыскарып, качан өлүм келишин Аллах таала гана билет.
[2] Ушул нерселердин бардыгын билүү, алдын ала «Лавхул Махфуз» деп аталган тагдыр китебине жазып коюу, бардыгынан кабардар болуп туруу Аллахка кыйын эмес.
Esegesi in lingua araba:
 
Traduzione dei significati Versetto: (11) Sura: Fâtir
Indice delle Sure Numero di pagina
 
Traduzione dei Significati del Sacro Corano - الترجمة القيرغيزية - Indice Traduzioni

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Chiudi