Traduzione dei Significati del Sacro Corano - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indice Traduzioni


Traduzione dei significati Versetto: (19) Sura: Al-Kahf
وَكَذَٰلِكَ بَعَثۡنَٰهُمۡ لِيَتَسَآءَلُواْ بَيۡنَهُمۡۚ قَالَ قَآئِلٞ مِّنۡهُمۡ كَمۡ لَبِثۡتُمۡۖ قَالُواْ لَبِثۡنَا يَوۡمًا أَوۡ بَعۡضَ يَوۡمٖۚ قَالُواْ رَبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَا لَبِثۡتُمۡ فَٱبۡعَثُوٓاْ أَحَدَكُم بِوَرِقِكُمۡ هَٰذِهِۦٓ إِلَى ٱلۡمَدِينَةِ فَلۡيَنظُرۡ أَيُّهَآ أَزۡكَىٰ طَعَامٗا فَلۡيَأۡتِكُم بِرِزۡقٖ مِّنۡهُ وَلۡيَتَلَطَّفۡ وَلَا يُشۡعِرَنَّ بِكُمۡ أَحَدًا
Жогоруда айтылгандай, таң калыштуу кудуретибиз менен аларды узак убакыттан кийин уйкудан ойготтук. Алар канча убакыт уктап жатканын бири-биринен сурап, бирөөлөрү: “Силер канча убакыт уктаганыңарды Раббиңер Өзү гана билет. Анын билимин Анын Өзүнө калтыргыла. Андан көрө өзүңөргө тийиштүү ишти кылгыла” – деди. Ошентип алар бирөөсүнө күмүш тыйын берип: “Барып жакшы тамак саткан жана таза соода кылганын карагын. Ошондой эле сатып алганыңда жана мамиле кылганыңда аларга сылык бол. Биздин турган жерди эч ким билбесин, болбосо бизге зыяны тиет” – деп, ошол жерге жакын шаарга жөнөтүштү.
Esegesi in lingua araba:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• من حكمة الله وقدرته أن قَلَّبهم على جنوبهم يمينًا وشمالًا بقدر ما لا تفسد الأرض أجسامهم، وهذا تعليم من الله لعباده.
Аллах даанышмандуулугу менен жана кудурети менен жер адамдын денесин чиритип жибербеш үчүн адамды уктаганда оң жагына жана сол жагына оодарып турат.

• جواز اتخاذ الكلاب للحاجة والصيد والحراسة.
Үй-жайды кайтаруу үчүн, ууга чыгуу үчүн жана башка муктаждык үчүн ит бакса уруксат.

• انتفاع الإنسان بصحبة الأخيار ومخالطة الصالحين حتى لو كان أقل منهم منزلة، فقد حفظ ذكر الكلب لأنه صاحَبَ أهل الفضل.
Адам такыба жана жакшы адамдар менен туура мамиледе болуш керек. Алардан даражасы төмөн болсо да алар менен бирге жүрүү керек. Анткени бул окуяда айтылган ит такыба адамдар менен бирге болгондуктан, ал туурасында Куранда айтылып калды.

• دلت الآيات على مشروعية الوكالة، وعلى حسن السياسة والتلطف في التعامل مع الناس.
Бул аяттар соодада башка бирөөнү өкүл кылуу уруксат экендигине далил болот. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөз менен жана жумшак мамиледе болууга үндөйт.

 
Traduzione dei significati Versetto: (19) Sura: Al-Kahf
Indice delle Sure Numero di pagina
 
Traduzione dei Significati del Sacro Corano - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indice Traduzioni

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Chiudi