Check out the new design

Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghisa dell'Abbreviata Esegesi del Nobile Corano * - Indice Traduzioni


Traduzione dei significati Sura: Al-Baqarah   Versetto:
وَلَا تَقُولُواْ لِمَن يُقۡتَلُ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ أَمۡوَٰتُۢۚ بَلۡ أَحۡيَآءٞ وَلَٰكِن لَّا تَشۡعُرُونَ
Оо, ыймандуулар! Аллах жолундагы согушта өлтүрүлгөндөр жөнүндө: «Алар башкалар сыяктуу эле өлгөндөр» – деп айтпагыла. Алар Раббисинин алдында тирүү, бирок силер алардын тирүүлүгүн түшүнө албайсыңар. Ал өзгөчө жашоо болгондуктан, аны Аллахтын вахийи аркылуу билүүдөн башка жолу жок.
Esegesi in lingua araba:
وَلَنَبۡلُوَنَّكُم بِشَيۡءٖ مِّنَ ٱلۡخَوۡفِ وَٱلۡجُوعِ وَنَقۡصٖ مِّنَ ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَنفُسِ وَٱلثَّمَرَٰتِۗ وَبَشِّرِ ٱلصَّٰبِرِينَ
Биз силерди ар түрдүү кыйынчылыктар менен сынайбыз; душманыңардан болгон анча-мынча коркунуч, тамак-аштын жетишсиздигинен ач калуу, мал-мүлктүн жок болуп азаюусу же ага жетүүнүн машакаттуулугу, адамдарды жок кылган апааттар же Аллах жолундагы шейиттик себептүү жандардын азаюусу, жерде өскөн жер-жемиштердин жетишсиздиги менен сынайбыз. Оо, пайгамбар! Мына ушундай кыйынчылыктарга сабыр кылгандарды дүйнөдө жана акыретте кубанычка салган нерселер менен сүйүнчүлө.
Esegesi in lingua araba:
ٱلَّذِينَ إِذَآ أَصَٰبَتۡهُم مُّصِيبَةٞ قَالُوٓاْ إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّآ إِلَيۡهِ رَٰجِعُونَ
Алар бул кыйынчылыктардын бирине кабылган кезде ыраазы болуп жана моюн сунуп мындай дешет: «Биз Аллахтын мүлкүбүз, Ал бизди каалагандай башкарат жана кыямат күнү Ага гана кайтып барабыз. Ал бизди жаратты жана түрдүү жакшылыктарды берди. Биздин кайтуубуз жана ишибиздин акыры Ага гана барат».
Esegesi in lingua araba:
أُوْلَٰٓئِكَ عَلَيۡهِمۡ صَلَوَٰتٞ مِّن رَّبِّهِمۡ وَرَحۡمَةٞۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُهۡتَدُونَ
Мына ушундай сыпаттагы адамдарга периштелердин эң улуу жыйналышында Аллахтын мактоосу айтылат, аларга ырайым түшөт. Мына ошолор акыйкат жолго түшкөндөр.
Esegesi in lingua araba:
۞ إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلۡمَرۡوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِۖ فَمَنۡ حَجَّ ٱلۡبَيۡتَ أَوِ ٱعۡتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِ أَن يَطَّوَّفَ بِهِمَاۚ وَمَن تَطَوَّعَ خَيۡرٗا فَإِنَّ ٱللَّهَ شَاكِرٌ عَلِيمٌ
Каабага жакын Сафа жана Марва деп аталган эки тоо – шарияттын ачык белгилеринен. Ажылык же умра ибадаттарын аткаруу үчүн Каабага барган адам үчүн ал экөөнүн ортосунда желип чуркоо күнөө эмес. Мындагы күнөө эмес дегенден максат – ал экөөсүнүн ортосунда желип чуркоо Исламга чейинки караңгы доордон калган иш деген ишенимден улам кыжалат болгон мусулмандар үчүн тынчтануу. Аллах таала муну ажылык ибадаттарынын бири деп баяндады. Кимде-ким ыктыярдуу түрдө чын ыкластан мустахаб ибадаттарды кылса, Аллах ага ыраазылыгын билдирет, андан кабыл кылат жана ага сыйлыгын берет. Ал жакшылык кылгандарды жана сыйлыкка татыктууларды Билүүчү.
Esegesi in lingua araba:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡتُمُونَ مَآ أَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَٱلۡهُدَىٰ مِنۢ بَعۡدِ مَا بَيَّنَّٰهُ لِلنَّاسِ فِي ٱلۡكِتَٰبِ أُوْلَٰٓئِكَ يَلۡعَنُهُمُ ٱللَّهُ وَيَلۡعَنُهُمُ ٱللَّٰعِنُونَ
Биз пайгамбардын жана ал алып келген нерсенин чындык экендигин билдирген аят-белгилерди түшүрүп, аны китептеринен адамдарга ачык кылгандан кийин да жаап-жашырган жөөттөр, христиандар жана башкалар Аллахтын ырайымынан куулат жана периштелер, пайгамбарлар, адамдардын баарысы Аллахтын ырайымынан алыс болсун деп аларга каршы дуба кылышат.
Esegesi in lingua araba:
إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ وَأَصۡلَحُواْ وَبَيَّنُواْ فَأُوْلَٰٓئِكَ أَتُوبُ عَلَيۡهِمۡ وَأَنَا ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ
Бул ачык аят-белгилерди жаап-жашырганына өкүнүп Аллахка кайткандар, ички жана сырткы иш-аракеттерин жакшырткандар, акыйкатты жана туура жолду жашырганын ачык айткандар, мына ошолордун гана Мага баш ийүүгө кайтуусун кабыл кыламым. Мен тообо кылган пенделердин тооболорун кабыл кылуучумун, аларга ырайымдуумун.
Esegesi in lingua araba:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَمَاتُواْ وَهُمۡ كُفَّارٌ أُوْلَٰٓئِكَ عَلَيۡهِمۡ لَعۡنَةُ ٱللَّهِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلنَّاسِ أَجۡمَعِينَ
Каапырлык кылып, ага тообо кылбастан каапыр болуп өлгөндөргө Аллахтын ырайымынан алыстатуу менен Анын каргышы болсун, аларга периштелердин жана бардык адамдардын Аллахтын ырайымынан алыс болсун деген каргыш дубасы болсун.
Esegesi in lingua araba:
خَٰلِدِينَ فِيهَا لَا يُخَفَّفُ عَنۡهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَلَا هُمۡ يُنظَرُونَ
Бул каргыш алардан кетпейт, алардын азабы бир күн да жеңилдетилбейт жана кыямат күнү аларга мөөнөт да берилбейт.
Esegesi in lingua araba:
وَإِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلرَّحۡمَٰنُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, адамдар! Чыныгы кудайыңар затында жана сыпаттарында Жалгыз. Андан башка сыйынуугу татыктуу кудай жок. Ал чексиз ырайымдуулук ээси болгон Мээримдүү, пенделерине Ырайымдуу. Анткени аларга сансыз жакшылыктарды берген.
Esegesi in lingua araba:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• الابتلاء سُنَّة الله تعالى في عباده، وقد وعد الصابرين على ذلك بأعظم الجزاء وأكرم المنازل.
Сыноо – Аллахтын пенделерине карата тутунган жолу. Ошондуктан сабырлууларга эң чоң сыйлыктарды жана эң улуу орундарды убада кылган.

• مشروعية السعي بين الصفا والمروة لمن حج البيت أو اعتمر.
Каабага ажылык жана умра кылгандар үчүн Сафа менен Марванын ортосунда чуркоо шариятта уруксат.

• من أعظم الآثام وأشدها عقوبة كتمان الحق الذي أنزله الله، والتلبيس على الناس، وإضلالهم عن الهدى الذي جاءت به الرسل.
Эң чоң жана жазасы катаал күнөөлөрдөн – Аллах түшүргөн акыйкатты жаап-жашыруу, адамдарды алдоо жана аларды пайгамбарлар алып келген туура жолдон адаштыруу.

 
Traduzione dei significati Sura: Al-Baqarah
Indice delle Sure Numero di pagina
 
Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghisa dell'Abbreviata Esegesi del Nobile Corano - Indice Traduzioni

Emesso dal Tafseer Center per gli Studi Coranici.

Chiudi