Traduzione dei Significati del Sacro Corano - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indice Traduzioni


Traduzione dei significati Versetto: (186) Sura: Al-Baqarah
وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌۖ أُجِيبُ دَعۡوَةَ ٱلدَّاعِ إِذَا دَعَانِۖ فَلۡيَسۡتَجِيبُواْ لِي وَلۡيُؤۡمِنُواْ بِي لَعَلَّهُمۡ يَرۡشُدُونَ
Оо, пайгамбар! Эгер пенделерим сенден Менин жакындыгым жана алардын дубаларын кабыл кылуум жөнүндө сурашса, Мен аларга жакынмын, абалдарын билемин жана дубаларын угамын. Алар ортомчуларга муктаж эмес жана үндөрүн бийик көтөрүүгө да муктаждык жок. Мен чын ыкластан дуба кылгандын дубасына жооп беремин. Андыктан Мага жана буйруктарыма моюн сунушсун жана ыймандарына бекем турушсун. Чындыгында бул Менин жооп берүүмө карай эң жакшы жол. Балким алар муну менен дин жана дүйнө иштеринде туура жолго түшүшөр.
Esegesi in lingua araba:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• فَضَّلَ الله شهر رمضان بجعله شهر الصوم وبإنزال القرآن فيه، فهو شهر القرآن؛ ولهذا كان النبي صلى الله عليه وسلم يتدارس القرآن مع جبريل في رمضان، ويجتهد فيه ما لا يجتهد في غيره.
Аллах Рамазан айын орозо айы кылып, бул айда Куранды түшүрүү менен артык кылды. Бул – Курандын айы. Ошондуктан пайгамбар Рамазан айында Жебрейил менен бирге Куранды үйрөнгөн жана башка айларга караганда бул айда ага көбүрөөк аракет кылган.

• شريعة الإسلام قامت في أصولها وفروعها على التيسير ورفع الحرج، فما جعل الله علينا في الدين من حرج.
Ислам шарияты түпкү негиздеринде жана бутактарында жеңилдетүүгө жана оорчулукту кетирүүгө курулган. Аллах биз үчүн динде эч кандай оорчулукту кылган эмес.

• قُرْب الله تعالى من عباده، وإحاطته بهم، وعلمه التام بأحوالهم؛ ولهذا فهو يسمع دعاءهم ويجيب سؤالهم.
Аллах тааланын пенделерине болгон жакындыгы, аларды толук камтуусу жана абалдарын толук билүүсү. Ошол себептен Ал алардын дубаларын угат жана суранычтарына жооп берет.

 
Traduzione dei significati Versetto: (186) Sura: Al-Baqarah
Indice delle Sure Numero di pagina
 
Traduzione dei Significati del Sacro Corano - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indice Traduzioni

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Chiudi