Traduzione dei Significati del Sacro Corano - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indice Traduzioni


Traduzione dei significati Versetto: (180) Sura: Al ‘Imrân
وَلَا يَحۡسَبَنَّ ٱلَّذِينَ يَبۡخَلُونَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ هُوَ خَيۡرٗا لَّهُمۖ بَلۡ هُوَ شَرّٞ لَّهُمۡۖ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُواْ بِهِۦ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ وَلِلَّهِ مِيرَٰثُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Аллах Таала артыкчылыгы менен берген нээмат-жакшылыктарга сараңдык кылып, Аллахтын акысын бербегендер, муну жакшылык кылды деп ойлобосун, тескерисинче, бул жамандык. Анткени, азыр сараңдык кылып,эч кимге бербеген нерселери кыямат күнү алардын башына азап болот, ошол нерселери аларды моюнунан кысат. Асман-жердегинин баары Жалгыз Аллахка тиешелүү эмеспи, жаратылгандын баары жок болуп кеткенде да Ал Тирүү калат. Аллах Таала силердин кылган ишиңерди ийне-жибине чейин Билүүчү, кийин ошол амалыңарга жараша сыйлайт, же жазалайт
Esegesi in lingua araba:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• ينبغي للمؤمن ألا يلتفت إلى تخويف الشيطان له بأعوانه وأنصاره من الكافرين، فإن الأمر كله لله تعالى.
Ыймандуу адам, шайтан каапыр досторун, жана жардамчыларын айтып коркутканын эрөөн албайт. Себеби, иштин баары Аллахтын колунда

• لا ينبغي للعبد أن يغتر بإمهال الله له، بل عليه المبادرة إلى التوبة، ما دام في زمن المهلة قبل فواتها.
Пенде Аллах ага ыроологон нерсеге манчыркап жүрө бербей, убакыт колдон уча элегинде, тобо кылууга шашылуусу кажет

• البخيل الذي يمنع فضل الله عليه إنما يضر نفسه بحرمانها المتاجرة مع الله الكريم الوهاب، وتعريضها للعقوبة يوم القيامة.
Аллах берген нерселерди башкалардан кызганып сараңдык кылган адам, Берешен, Жоомарт Аллах Таала соода кылуудан куру калып өзүнө-өзү зыян жеткирет, кыяматта башына азап үйөт

 
Traduzione dei significati Versetto: (180) Sura: Al ‘Imrân
Indice delle Sure Numero di pagina
 
Traduzione dei Significati del Sacro Corano - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indice Traduzioni

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Chiudi