Check out the new design

Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghisa dell'Abbreviata Esegesi del Nobile Corano * - Indice Traduzioni


Traduzione dei significati Sura: As-Saff   Versetto:

Сафф

Alcuni scopi di questa Sura comprendono:
حثّ المؤمنين لنصرة الدين.
Ыймандууларды динге жардам берүүгө кызыктыруу.

سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Асмандар менен жердегилер Аллахты ылайык келбеген бардык айып-кемчиликтерден аруулашты жана улукташты. Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Өз жаратуусунда, тагдырында жана шариятында Даанышман.
Esegesi in lingua araba:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفۡعَلُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер! Эмнеге силер аныгында өзүңөр кылбаган нерсени кылдым деп айтасыңар? Бул араңардан кимдир бирөө: «Мен кылычым менен салгылаштым» деп айтканы сыяктуу, бирок ал кылычы менен салгалышкан эмес жана аны менен чапкан да эмес.
Esegesi in lingua araba:
كَبُرَ مَقۡتًا عِندَ ٱللَّهِ أَن تَقُولُواْ مَا لَا تَفۡعَلُونَ
Өзүңөр кылбаган нерсени айтууңар – Аллахтын алдында ушунчалык жек көрөрлүк иш! Ыймандуу адамга Аллах менен чынчыл болуу гана ылайыктуу, ал айткан сөзүн иш жүзүндө аткарат.
Esegesi in lingua araba:
إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلَّذِينَ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِهِۦ صَفّٗا كَأَنَّهُم بُنۡيَٰنٞ مَّرۡصُوصٞ
Чындыгында Аллах Анын ыраазылыгына жетүү максатта, бири-бирине тыгыз жайгашкан имараттар сыяктуу сап-сап болуп жанаша тизилип Анын жолунда согушкандарды сүйөт.
Esegesi in lingua araba:
وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦ يَٰقَوۡمِ لِمَ تُؤۡذُونَنِي وَقَد تَّعۡلَمُونَ أَنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡۖ فَلَمَّا زَاغُوٓاْ أَزَاغَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمۡۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Муса коомуна кайрылып: «Оо, элим! Силер мени Аллах тараптан келген элчи экенимди билип туруп, эмнеге буйругумду аткарбай мени кыйнап жатасыңар?» – деди. Качан алар ал алып келген акыйкаттан четтеп бурулуп кетишкенде, Аллах дагы алардын жүрөктөрүн акыйкаттан жана тууралыктан буруп койду. Аллах баш ийбес коомду акыйкатка жолдобойт.
Esegesi in lingua araba:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• مشروعية مبايعة ولي الأمر على السمع والطاعة والتقوى.
Унчукпастан угууга, баш ийүүгө жана такыбалыкка негизделген деңгээлде башчыга ант берүү шариятта бар.

• وجوب الصدق في الأفعال ومطابقتها للأقوال.
Иш-аракеттерде чынчылдыктын милдеттүүлүгү жана алардын айтылган сөздөргө дал келүүсү.

• بيَّن الله للعبد طريق الخير والشر، فإذا اختار العبد الزيغ والضلال ولم يتب فإن الله يعاقبه بزيادة زيغه وضلاله.
Аллах пендеге жакшы жана жаман жолду ачык көргөзгөн. Эгерде пенде адашууну жана четтөөнү тандап, кийин тообо кылбаса, анда Аллах аны адашуусун жана четтөөсүн күчөтүп жазалайт.

وَإِذۡ قَالَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ يَٰبَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ إِنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُم مُّصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيَّ مِنَ ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَمُبَشِّرَۢا بِرَسُولٖ يَأۡتِي مِنۢ بَعۡدِي ٱسۡمُهُۥٓ أَحۡمَدُۖ فَلَمَّا جَآءَهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ قَالُواْ هَٰذَا سِحۡرٞ مُّبِينٞ
Оо, пайгамбар! Эстечи, бир кезде Мариямдын уулу Иса мындай деди: «Оо, Исраил урпактары! Мен мурунку түшкөн Тооратты тастыктоо үчүн жана менден кийин келе турган, ысымы Ахмад деген пайгамбар тууралуу сүйүнчүлөш үчүн Аллах тараптан силерге жиберилген элчимин. Мен пайгамбарлардан биринчиси эмесмин». Качан Иса аларга чынчылдыгын билдирген далилдерди алып келгенде, алар: «Бул анык эле сыйкыр. Биз аны ээрчибейбиз» – дешти.
Esegesi in lingua araba:
وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ وَهُوَ يُدۡعَىٰٓ إِلَى ٱلۡإِسۡلَٰمِۚ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Аллахка жалган жалаа жапкан адамдан өткөн эч бир залым жок. Анткени ал жалгыз Аллахка сыйынуу дини болгон Исламга чакырылганда, ал Аллахка башка шериктерди кошуп, аларга сыйынды. Аллах ширк жана күнөөлөрдү кылып өздөрүнө зулумдук кылган адамдарга туура жолго түшүүгө ийгилик бербейт.
Esegesi in lingua araba:
يُرِيدُونَ لِيُطۡفِـُٔواْ نُورَ ٱللَّهِ بِأَفۡوَٰهِهِمۡ وَٱللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Ал жалганчылар бузуку сөздөр жана акыйкатты бурмалоо менен Аллахтын нурун өчүрүүнү каалашат. Аллах болсо алардын текеберлигине карабастан, жердин батышы менен чыгышында динин ачыкка чыгаруу жана сөзүн бийик кылуу менен Өзүнүн нурун толуктайт.
Esegesi in lingua araba:
هُوَ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلۡهُدَىٰ وَدِينِ ٱلۡحَقِّ لِيُظۡهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُشۡرِكُونَ
Жер бетинде анын бийлиги орношун жек көргөн мушриктердин текеберлигине карабастан, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн, Аллах Өзүнүн элчиси Мухаммадды жакшылыкка туура багыт көрсөтүүчү жана пайдалуу илим менен жакшылык иштердин дини болгон Ислам дини менен жиберди.
Esegesi in lingua araba:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ هَلۡ أَدُلُّكُمۡ عَلَىٰ تِجَٰرَةٖ تُنجِيكُم مِّنۡ عَذَابٍ أَلِيمٖ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Силерди кыйноочу азаптан куткара турган пайдалуу сооданы көргөзөйүнбү?
Esegesi in lingua araba:
تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتُجَٰهِدُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ بِأَمۡوَٰلِكُمۡ وَأَنفُسِكُمۡۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Ал пайдалуу соода мындай – Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиресиңер жана өз жаныңарды жана мал-мүлкүңөрдү Анын ыраазылыгы үчүн сарптап, Анын жолунда согушасыңар. Эгер билсеңер, бул айтылган иш силер үчүн жакшыраак. Андыктан ага шашылгыла.
Esegesi in lingua araba:
يَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡ وَيُدۡخِلۡكُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ وَمَسَٰكِنَ طَيِّبَةٗ فِي جَنَّٰتِ عَدۡنٖۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Бул сооданын пайдасы – Аллах силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип, хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет жана көчпөй турукташып жашаган бейиштердеги кооз турак-жайларга киргизет. Бул айтылган сыйлык – эч бир жеңиш тең келбеген улуу жеңиш.
Esegesi in lingua araba:
وَأُخۡرَىٰ تُحِبُّونَهَاۖ نَصۡرٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَتۡحٞ قَرِيبٞۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Бул сооданын пайдасынын силерге жаккан дагы бир өзгөлүгү бар, ал бул дүйнөдө ишке ашат – ал Аллахтын силерди душманыңардын үстүнөн жеңишке жеткирүүсү жана жакында болуучу жеңиш, ал Меккени жана башка жерлерди багынтуу. Оо, пайгамбар! Ыймандууларга аларды кубанткан бул дүйнөдөгү жеңишти жана акыретте бейишке кирүү жеңишин кабарла.
Esegesi in lingua araba:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُوٓاْ أَنصَارَ ٱللَّهِ كَمَا قَالَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ لِلۡحَوَارِيِّـۧنَ مَنۡ أَنصَارِيٓ إِلَى ٱللَّهِۖ قَالَ ٱلۡحَوَارِيُّونَ نَحۡنُ أَنصَارُ ٱللَّهِۖ فَـَٔامَنَت طَّآئِفَةٞ مِّنۢ بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ وَكَفَرَت طَّآئِفَةٞۖ فَأَيَّدۡنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ عَلَىٰ عَدُوِّهِمۡ فَأَصۡبَحُواْ ظَٰهِرِينَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Исанын жолдоочулары колдоо көргөзгөн сыяктуу силер дагы пайгамбарыңар алып келген Аллахтын динине колдоо көргөзүп, Анын колдоочулары болгула! Качан Иса аларга: «Аллахтын жолунда ким мага жардамчы болот?» – дегенде, алар: «Биз Аллахтын жардамчылары болобуз» – деп дароо жооп беришти. Анан Исраил урпактарынын бир бөлүгү ага ыйман келтирип, башка бир бөлүгү ага каапырлык кылышты. Ошентип, Биз Исага ыйман келтиргендерди ага каапырлык кылгандарга каршы колдодук, нажыйтажа алардын үстүнөн жеңишке жетишти.
Esegesi in lingua araba:
Alcuni insegnamenti da trarre da questi versi sono:
• تبشير الرسالات السابقة بنبينا صلى الله عليه وسلم دلالة على صدق نبوته.
Мурунку китептерде пайгамбарыбыз тууралуу сүйүнчү кабардын айтылуусу – анын пайгамбарлыгынын чындык экенине далил болот.

• التمكين للدين سُنَّة إلهية.
Диндин бийликке жетүүсү – Аллахтын белгилеп койгон жолу.

• الإيمان والجهاد في سبيل الله من أسباب دخول الجنة.
Ыйман келтирүү жана Аллах жолунда согушуу бейишке кирүү себептеринен.

• قد يعجل الله جزاء المؤمن في الدنيا، وقد يدخره له في الآخرة لكنه لا يُضَيِّعه - سبحانه -.
Аллах ыймандуунун сыйлыгын бул дүйнөдө бериши мүмкүн же акыретке сактап коюшу мүмкүн. Бирок Ал аны эч качан текке кетирбейт.

 
Traduzione dei significati Sura: As-Saff
Indice delle Sure Numero di pagina
 
Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghisa dell'Abbreviata Esegesi del Nobile Corano - Indice Traduzioni

Emesso dal Tafseer Center per gli Studi Coranici.

Chiudi