Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ


ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាន់ណះល៍   អាយ៉ាត់:
وَأَلۡقَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِكُمۡ وَأَنۡهَٰرٗا وَسُبُلٗا لَّعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ
Жер бетинде силерди чайпабаш үчүн жана кыймылдатпаш үчүн аны бекем кармаган тоолорду орнотту. Жана силер өзүңөр ичип, малдарыңарды жана эгинзарыңарды сугарыш үчүн жер бетинде дарыяларды агызды. Ошондой эле силер жүрүш үчүн жолдорду кылды. Алар менен көздөгөн жериңерге адашпастан жетесиңер.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَعَلَٰمَٰتٖۚ وَبِٱلنَّجۡمِ هُمۡ يَهۡتَدُونَ
Ал силер үчүн жер бетинде ачык белгилерди кылды. Силер аларга карап күндүзү жол жүрөсүңөр. Жана Ал силер түндөсү жол табууңар үчүн асманда жылдыздарды кылды.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
أَفَمَن يَخۡلُقُ كَمَن لَّا يَخۡلُقُۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Мына ушул жана башка нерселерди жараткан менен эч нерсени жарата албаганы бирдейби?! Бардык нерселерди жараткан Аллахтын улуктугуң эстебейсиңерби? Жалгыз Ага гана сыйынгыла жана эч бир нерсени жарата албагандарды Ага шерик кылбагыла.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَإِن تَعُدُّواْ نِعۡمَةَ ٱللَّهِ لَا تُحۡصُوهَآۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, адамдар! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарын эсептей турган болсоңор, анын көптүгүнөн жана ар түрдүүлүгүнөн анын эсебине жете албайсыңар. Чындыгында Аллах өтө Кечиримдүү, анткени Ал силерди шүгүр кылууну унутканыңар үчүн жазалаган жок. Ал Ырайымдуу, анткени Ал силердин кылган күнөөлөрүңөр же шүгүр кылуудагы кемчиликтериңер үчүн жакшылыктарын бербей койгон жок.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعۡلِنُونَ
Эй, пенделер! Аллах силердин жашырган иштериңерди билет жана ачык кылган иштериңерди да билет. Ага эч нерсе жашыруун эмес. Ал силерге кылган ишиңердин сыйлыгын же жазасын берет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَٱلَّذِينَ يَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ لَا يَخۡلُقُونَ شَيۡـٔٗا وَهُمۡ يُخۡلَقُونَ
Ал эми мушриктердин Аллахтан башка сыйынган кудайлары аз нерсени да жарата алышпайт. Алардын Аллахтан башка сыйынган кудайчаларын жасаган да өздөрү. Анан кантип Аллахты таштап өз колдору менен жасаган нерселерине сыйынып жатышат?!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
أَمۡوَٰتٌ غَيۡرُ أَحۡيَآءٖۖ وَمَا يَشۡعُرُونَ أَيَّانَ يُبۡعَثُونَ
Өз колдору менен жасашып алып өздөрү аларга сыйынышат. Алар эч нерсени билбеген жансыз заттар. Алар кыямат күнү сыйынуучулары менен тозокко бирге ыргытылуулары үчүн качан тирилишерин да билишпейт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
إِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۚ فَٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ قُلُوبُهُم مُّنكِرَةٞ وَهُم مُّسۡتَكۡبِرُونَ
Силердин чыныгы кудайыңар эч бир шериги жок болгон жалгыз кудай – ал Аллах. Ал эми акыретте сурак үчүн кайра тирилүүгө ишенбегендердин жүрөктөрүндө коркунуч болбогону үчүн алар Аллахтын жалгыздыгынын четке кагышат. Алар суракка да, жазага да ишенишпейт. Алар акыйкатты кабыл алышпаган жана ага моюн сунбаган текеберлер.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لَا جَرَمَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعۡلِنُونَۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلۡمُسۡتَكۡبِرِينَ
Эч шексиз Аллах алардын жашырган иштерин билет жана ачык кылган иштерин да билет. Ал үчүн аларга сыйлык же жазасын берет. Чындыгында Аллахка моюн сунуп, Ага сыйынуудан текеберленгендерди жакшы көрбөйт. Тескерисинче, аларды ушунчалык жек көрөт.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَإِذَا قِيلَ لَهُم مَّاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمۡ قَالُوٓاْ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Аллахтын жалгыздыгын четке кагып, кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандарга: «Аллах Мухаммадга эмнени түшүрдү?» – деп айтылса, алар: «Ага эч нерсе түшкөн жок. Чындыгында ал өз оюнан эле мурункулардын окуяларын жана уламыштарын алып келди» – дешет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لِيَحۡمِلُوٓاْ أَوۡزَارَهُمۡ كَامِلَةٗ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَمِنۡ أَوۡزَارِ ٱلَّذِينَ يُضِلُّونَهُم بِغَيۡرِ عِلۡمٍۗ أَلَا سَآءَ مَا يَزِرُونَ
Алардын натыйжасы – өздөрүнүн күнөөлөрүн толук көтөрүү жана наадандыктан, сокур ээрчүүдөн улам Исламдан адаштыргандардын да күнөөлөрүн көтөрүү болду. Өз күнөөлөрүн жана аларды ээрчигендердин да күнөөлөрүн көтөрүү кандай жаман!
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
قَدۡ مَكَرَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ فَأَتَى ٱللَّهُ بُنۡيَٰنَهُم مِّنَ ٱلۡقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيۡهِمُ ٱلسَّقۡفُ مِن فَوۡقِهِمۡ وَأَتَىٰهُمُ ٱلۡعَذَابُ مِنۡ حَيۡثُ لَا يَشۡعُرُونَ
Алардан мурунку каапырлар да пайгамбарларына айла-амалдарды кылышкан. Кийин Аллах алардын турак-жайларын орду түбү менен бузуп таштады, алардын чатырлары үстүлөрүнө кулады. Алар күтпөгөн тараптан аларга азап келди. Алар турак-жайлары коргойт деп ойлошкон, бирок алар менен кошо кыйрап жок болду.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• في الآيات من أصناف نعم الله على العباد شيء عظيم، مجمل ومفصل، يدعو الله به العباد إلى القيام بشكره وذكره ودعائه.
Бул аяттарда Аллахтын пенделерге берген түрдүү жакшылыктары – улуу нерсе экендиги айтылды. Ал кыска да кеңири да болот. Аллах ал аркылуу пенделерин Ага шүгүр кылууга, Аны эстөөгө жана Ага дуба кылууга чакырат.

• طبيعة الإنسان الظلم والتجرُّؤ على المعاصي والتقصير في حقوق ربه، كَفَّار لنعم الله، لا يشكرها ولا يعترف بها إلا من هداه الله.
Зулумдук кылуу, күнөө кылууга батынуу жана Раббисинин акыларына кош көңүл кароо – инсандын табиятында бар. Ал Аллахтын жакшылыктарын көп танат. Аллах Өзү туура жолго салгандардан башкалар ал үчүн шүгүр кылышпайт жана аны моюндарына алышпайт.

• مساواة المُضِلِّ للضال في جريمة الضلال؛ إذ لولا إضلاله إياه لاهتدى بنظره أو بسؤال الناصحين.
Адаштырган адам менен адашкан адам – адашуу күнөөсүндө бирдей. Эгерде ал аны адаштырбаганда ал өзү ойлонуп же насаат кылган адамдардан сурап туура жолго келмек.

• أَخْذ الله للمجرمين فجأة أشد نكاية؛ لما يصحبه من الرعب الشديد، بخلاف الشيء الوارد تدريجيًّا.
Аллах кылмышкерлерди күтүүсүздөн катуу кыйратууга учуратты. Аларды акырындык менен эмес, капыстан эле катуу коркунуч басты.

 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាន់ណះល៍
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

ត្រូវបានចេញដោយមជ្ឈមណ្ឌល តាហ្វសៀរនៃការសិក្សាគម្ពីគួរអាន

បិទ