ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ


ការបកប្រែអត្ថន័យ អាយ៉ាត់: (271) ជំពូក​: សូរ៉ោះអាល់ហ្ពាក៏រ៉ោះ
إِن تُبۡدُواْ ٱلصَّدَقَٰتِ فَنِعِمَّا هِيَۖ وَإِن تُخۡفُوهَا وَتُؤۡتُوهَا ٱلۡفُقَرَآءَ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۚ وَيُكَفِّرُ عَنكُم مِّن سَيِّـَٔاتِكُمۡۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Эгерде садаканы мал-мүлк менен ачык көрсөтүп берсеңер, ал садакаңар кандай жакшы садака. Эгер аны жашырып, кедей-кембагалдарга берсеңер, ал көрсөтүп бергениңерге караганда жакшыраак. Анткени ал ыкластуулукка жакыныраагы. Ыкластуулардын садакаларында алардын күнөөлөрүн жаап-жашыруу жана кечирим бар. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан Кабардар. Силердин абалыңардын эч бири Ага жашыруун эмес.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• إذا أخلص المؤمن في نفقاته وصدقاته فلا حرج عليه في إظهارها وإخفائها بحسب المصلحة، وإن كان الإخفاء أعظم أجرًا وثوابًا لأنها أقرب للإخلاص.
Эгер ыймандуу адам сарптаган мал-мүлкүндө жана садакаларында ыкластуулук кылса, анда аны пайдасына карап ачык береби же жашыруун береби айырмасы жок. Жашыруун бергендин сооп-сыйлыгы көбүрөөк, анткени ушундай кылуу ыкластуулукка жакыны.

• دعوة المؤمنين إلى الالتفات والعناية بالمحتاجين الذين تمنعهم العفة من إظهار حالهم وسؤال الناس.
Ыймандууларды, абалын ачык айтууга жана адамдардан суроого абийири жол бербеген муктаж адамдарга көңүл бурууга чакыруу.

• مشروعية الإنفاق في سبيل الله تعالى في كل وقت وحين، وعظم ثوابها، حيث وعد تعالى عليها بعظيم الأجر في الدنيا والآخرة.
Бардык убакта жана мезгилде Аллах жолунда мал-мүлк сарптоо шариятта уруксат жана анын сообу чоң. Анткени Аллах таала ал үчүн дүйнөдө жана акыретте чоң сыйлыктарды убада кылган.

 
ការបកប្រែអត្ថន័យ អាយ៉ាត់: (271) ជំពូក​: សូរ៉ោះអាល់ហ្ពាក៏រ៉ោះ
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

បិទ