Check out the new design

ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន * - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ


ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ហាជ្ជ   អាយ៉ាត់:
ٱلۡمُلۡكُ يَوۡمَئِذٖ لِّلَّهِ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡۚ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ
Азап убада кылынгандар билип алышсын: келе турган кыямат күнүндөгү бийлик Аллахка гана таандык. Ал күндө Аны менен эч ким талашып тартышпайт. Ал ыймандуулар менен каапырлардын ортосунда өкүм кылат. Алардын ар бирине өздөрүнө ылайык өкүм кылат. Ошондо Аллахка ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар үчүн эч качан бүтпөгөн түбөлүк жыргалчылык бейиштери болгон улуу сооптор бар.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا فَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Ал эми Аллахка каапырлык кылып, пайгамбарыбызга түшүргөн аяттарыбызды жалганга чыгаргандар үчүн тозокто Аллах аларды кордогон азап бар.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
وَٱلَّذِينَ هَاجَرُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ثُمَّ قُتِلُوٓاْ أَوۡ مَاتُواْ لَيَرۡزُقَنَّهُمُ ٱللَّهُ رِزۡقًا حَسَنٗاۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهُوَ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ
Аллахтын ыраазылыгын жана динди кубаттоону көздөп өз үй-жайларын жана мекенин таштап, кийин Анын жолунда согушта өлтүрүлгөндөргө же өлгөндөргө Аллах бейиште эч качан түгөнбөгөн эң сонун ырыскыларды берет. Чындыгында Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لَيُدۡخِلَنَّهُم مُّدۡخَلٗا يَرۡضَوۡنَهُۥۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَعَلِيمٌ حَلِيمٞ
Аллах аларды өздөрү ыраазы болгон бейиш жайларына сөзсүз киргизет. Чындыгында Аллах алардын кылган иш-аракеттерин жана ниеттерин анык Билүүчү. Жана Ал алардын кемчиликтери үчүн жазаны тездетпеген Кең пейил.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
۞ ذَٰلِكَۖ وَمَنۡ عَاقَبَ بِمِثۡلِ مَا عُوقِبَ بِهِۦ ثُمَّ بُغِيَ عَلَيۡهِ لَيَنصُرَنَّهُ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٞ
Бул айтылгандар, башкача айтканда Аллах жолунда көчкөндөрдү бейишке киргизүү, залымга өзүндөй кылып жооп кайтаруунун уруксаттыгы, ал бул нерседе күнөөкөр болбойт. Эгерде залым кайра дагы зулумдук кыла турган болсо, Аллах залымга каршы ага жардам берет. Чындыгында Аллах ыймандуулардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга дайым кечиримдүү.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَأَنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٞ
Бул жапа чеккен адамга болгон колдоо. Анткени Аллах Өзү каалаган нерсеге кудуреттүү. Анын кудуреттүүлүгүнөн — бирин экинчисинен узартып же кыскартып түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, иш-аракеттерин Билүүчү. Ага алардын эч бири жашыруун эмес. Жакында аларга сыйлыгын же жазасын берет.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ هُوَ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ
Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизгени тууралуу бул айтылгандар Аллахтын Өзү Акыйкат Зат экендигин көргөзүп-билгизет, ошондой эле Анын дини акыйкат, убадасы акыйкат жана ыймандууларды колдоосу акыйкат. Ал эми мушриктер сыйынган Андан башка айкел-буттар эч кандай негизи жок жалган. Жана Аллах Өзүнүн Заты, кудурети жана каардуулугу менен жаратылгандардан Бийик жана Өзүнүн бийик тутуусу, улуктугу жана ыйыктыгы менен Улук.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَتُصۡبِحُ ٱلۡأَرۡضُ مُخۡضَرَّةًۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٞ
Оо, пайгамбар! Көрбөйсүңбү, Аллах асмандан жамгырды түшүрүп, ал жааган жамгырдан кийин жерден өсүмдүктөр өнүп чыгып ал жапжашыл болуп калды. Чындыгында Аллах пенделерине Мээримдүү, анткени аларга жамгырды түшүрдү жана жерден өсүмдүктөр чыкты. Ал пенделерине эмне пайдалуу экенин эң жакшы Билүүчү. Алардын эч нерсеси Ага жашыруун эмес.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَهُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Асмандардагы жана жердеги бардык мүлк жалгыз Ага гана таандык. Чындыгында Аллах Өзү гана эч бир нерсеге, эч кимге муктаж болбогон Бай, бүткүл абалда Мактоого татыктуу.
តាហ្វសៀរជាភាសា​អារ៉ាប់ជាច្រេីន:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• مكانة الهجرة في الإسلام وبيان فضلها.
Аллах жолунда көчүүнүн Исламдагы орду жогоруу экендигин жана анын артыкчылыгын баяндоо.

• جواز العقاب بالمثل.
Өзүндөй кылып жазалоого уруксат.

• نصر الله للمُعْتَدَى عليه يكون في الدنيا أو الآخرة.
Жапа чеккен адамга болгон Аллахтын колдоосу бул дүйнөдө да, акыретте да болот.

• إثبات الصفات العُلَا لله بما يليق بجلاله؛ كالعلم والسمع والبصر والعلو.
Аллах билүү, угуу, көрүү жана бийик болуу сыяктуу Анын улуктугуна ылайык келген бийик сыпаттарга ээ экендигин билип бул сыпаттарды Ага бекемдейбиз.

 
ការបកប្រែអត្ថន័យ ជំពូក​: អាល់ហាជ្ជ
សន្ទស្សន៍នៃជំពូក លេខ​ទំព័រ
 
ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន - សន្ទស្សន៍នៃការបកប្រែ

ត្រូវបានចេញដោយមជ្ឈមណ្ឌល តាហ្វសៀរនៃការសិក្សាគម្ពីគួរអាន

បិទ