وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان


وه‌رگێڕانی ماناكان ئایه‌تی: (84) سوره‌تی: سورەتی هود
۞ وَإِلَىٰ مَدۡيَنَ أَخَاهُمۡ شُعَيۡبٗاۚ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥۖ وَلَا تَنقُصُواْ ٱلۡمِكۡيَالَ وَٱلۡمِيزَانَۖ إِنِّيٓ أَرَىٰكُم بِخَيۡرٖ وَإِنِّيٓ أَخَافُ عَلَيۡكُمۡ عَذَابَ يَوۡمٖ مُّحِيطٖ
Мадиян коомуна (алардын өзүнөн чыккан) бир тууганы Шуайбды жибердик. Ал мындай деди: «О, элим! Жалгыз Аллахка ибадат кылгыла. Силер үчүн Аллахтан башка ибадатка татыктуу зат жок. Адамдарга бир нерсени өлчөп же таразага тартып берген учурда таразадан же чен-өлчөмдөн азайтып алдабагыла. Чынында, мен силерде кенен ырыскы, жакшылыкты көрүп турамын. Андыктан, өзүңөр күнөө кылып Аллахтын жакшылыктарын азайтып албагыла. Чынында мен силердин ар бириңерге келүүчү күндүн азабынан корком. Ал күндүн азабынан качып кутулууга баш калкалоочу жай таба албайсыңар.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• من سنن الله إهلاك الظالمين بأشد العقوبات وأفظعها.
• Аллах заалымдарды өтө катуу жана коркунучтуу азаптар менен кыйратып жок кылат.

• حرمة نقص الكيل والوزن وبخس الناس حقوقهم.
• Өлчөмдөн жана таразадан азайтып адамдардын акысын алдап алуу арам.

• وجوب الرضا بالحلال وإن قل.
• Адал нерсе аз болсо да ага ыраазы болуу милдет.

• فضل الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر، ووجوب العمل بما يأمر الله به، والانتهاء عما ينهى عنه.
• Жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюунун артыкчылыгы. Аллах буюрган иш-аракеттерди аткарып, тыйган иштерден кайтуу милдет.

 
وه‌رگێڕانی ماناكان ئایه‌تی: (84) سوره‌تی: سورەتی هود
پێڕستی سوره‌ته‌كان ژمارەی پەڕە
 
وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

داخستن