Check out the new design

وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز * - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان


وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: إبراهیم   ئایه‌تی:
وَءَاتَىٰكُم مِّن كُلِّ مَا سَأَلۡتُمُوهُۚ وَإِن تَعُدُّواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ لَا تُحۡصُوهَآۗ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَظَلُومٞ كَفَّارٞ
Ал силерге талап кылган нерсеңердин баарын берди. Талап кылбаган нерсеңерди да берди. Эгерде Аллахтын жакшылыктарын эсептесеңер, анда алардын көптүгүнөн эсептеп бүтө албайсыңар. Силерге айтылган жакшылыктар – жакшылыктардын кээ бир мисалдары. Чындыгында адам өзүнө көп зулумдук кылат жана Аллах тааланын жакшылыктарын көп четке кагат.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَإِذۡ قَالَ إِبۡرَٰهِيمُ رَبِّ ٱجۡعَلۡ هَٰذَا ٱلۡبَلَدَ ءَامِنٗا وَٱجۡنُبۡنِي وَبَنِيَّ أَن نَّعۡبُدَ ٱلۡأَصۡنَامَ
Оо, пайгамбар! Ибрахим баласы Исмаилди жана анын апасы Хажарды Меккенин бир талаасына алып келгенде мындай деп айтканын эстегин: “Оо, Раббим! Мен үй-бүлөмдү жашаткан бул жерди (Меккени) тынчтык орногон жер кылгын. Бул жерди кан төгүлбөгөн жана эч ким зулумдук көрбөгөн жер кылгын. Ошондой эле мени жана балдарымды айкелдерге сыйынуудан алыс кылгын” – деп дуба кылды.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
رَبِّ إِنَّهُنَّ أَضۡلَلۡنَ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلنَّاسِۖ فَمَن تَبِعَنِي فَإِنَّهُۥ مِنِّيۖ وَمَنۡ عَصَانِي فَإِنَّكَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
О, Раббим! Чынында, айкелдер адамдардын көбүн адаштырды. Айкелдер адамдарга колдоочу болот деп ойлоп ага азгырылышты жана Аллахтан башкага сыйынышты. Адамдардан ким мени Аллахты жалгыздоодо жана Ага моюн сунууда ээрчисе, анда ал менден жана мени ээрчигендерден. Ал эми ким менден баш тартса, анда ал жалгыз Аллахка сыйынууда жана Ага моюн сунууда мени ээрчигендерден эмес. О, Раббим! Сен кимди кааласаң кечиресиң. Чынында, Сен күнөөлөрдү Кечирүүчүсүң, аларга Ырайымдуусуң.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
رَّبَّنَآ إِنِّيٓ أَسۡكَنتُ مِن ذُرِّيَّتِي بِوَادٍ غَيۡرِ ذِي زَرۡعٍ عِندَ بَيۡتِكَ ٱلۡمُحَرَّمِ رَبَّنَا لِيُقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱجۡعَلۡ أَفۡـِٔدَةٗ مِّنَ ٱلنَّاسِ تَهۡوِيٓ إِلَيۡهِمۡ وَٱرۡزُقۡهُم مِّنَ ٱلثَّمَرَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَشۡكُرُونَ
Оо, Раббибиз! Чындыгында мен балдарымдын кээ бирлерин Меккеде калтырдым. Алар Исмаилдин урпактары. Өсүмдүк өспөгөн, жака белинде суу чыкпаган Мекке өрөөнүндө балдары калышты. Оо, Раббибиз! Аларды Меккенин жанында жашат, алар ал жерде намаздарын окушсун. Оо, Раббим! Адамдардын жүрөгүн аларга жумшак кыла көр. Алар Сен берген жакшылыктарыңа шүгүр кылуусу үчүн мөмөлөрдөн ырыскы бере көр!
تەفسیرە عەرەبیەکان:
رَبَّنَآ إِنَّكَ تَعۡلَمُ مَا نُخۡفِي وَمَا نُعۡلِنُۗ وَمَا يَخۡفَىٰ عَلَى ٱللَّهِ مِن شَيۡءٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِي ٱلسَّمَآءِ
Оо, Раббибиз! Чындыгында, Сен биз жашырган нерселердин жана ачык жасаган нерселердин бардыгын билесиң. Аллахка жерде да, асманда да эч нерсе жашыруун эмес. Тескеринче Ал баарын билет. Жана Ага биздин муктаждыктарыбыз, кедейлигибиз да жашыруун эмес.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي وَهَبَ لِي عَلَى ٱلۡكِبَرِ إِسۡمَٰعِيلَ وَإِسۡحَٰقَۚ إِنَّ رَبِّي لَسَمِيعُ ٱلدُّعَآءِ
Мактоо-шүгүрлөр Аруу зат Аллахка болсун. Ал менин дубамды кабыл кылып ыймандуу балдарды берди. Ал мага жашым өткөн кезде Хажардан Исмаилди берди жана Сарадан Исхакты берди. Чынында Аллах таала ким дуба кылса, дубаны Угуучу.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
رَبِّ ٱجۡعَلۡنِي مُقِيمَ ٱلصَّلَوٰةِ وَمِن ذُرِّيَّتِيۚ رَبَّنَا وَتَقَبَّلۡ دُعَآءِ
Оо, Раббим! Мени намазды толук окугандардан кыл. Ошондой эле менин урпактарымды да намазды толук окугандардан кыл. Оо, Раббибиз! Менин дубама жооп бер жана аны кабыл кыл.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
رَبَّنَا ٱغۡفِرۡ لِي وَلِوَٰلِدَيَّ وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ يَوۡمَ يَقُومُ ٱلۡحِسَابُ
Оо, Раббибиз! Менин күнөөлөрүмдү кечире көр, ата-энемдин күнөөлөрүн кечире көр (атасы Аллахтын душманы экенин биле электе айткан. Качан атасы Аллахтын душманы экенин билгенде андан алыстап кеткен) жана ыймандуулардын күнөөлөрүн адамдар сурак берүү үчүн Раббисинин алдына барганда кечире көр!
تەفسیرە عەرەبیەکان:
وَلَا تَحۡسَبَنَّ ٱللَّهَ غَٰفِلًا عَمَّا يَعۡمَلُ ٱلظَّٰلِمُونَۚ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمۡ لِيَوۡمٖ تَشۡخَصُ فِيهِ ٱلۡأَبۡصَٰرُ
Оо, пайгамбар! Эгерде Аллах залымдардын азабын кечиктирип жатса, сен Аллахты залымдар кылып жаткандарынан, жалган айтып Аллахтын жолунан тоскондорунан ж.б.у.с. нерселеринен капилетте деп ойлобо. Албетте Аллах ал нерселерди Билүүчү. Андан эч нерсе жашыруун болуп калбайт. Болгону Ал алардын жазасын кыямат күнгө калтырды. Мына ошол күндө көздөр көргөн нерсесинен корккондугунан көктү карап калат.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• بيان فضيلة مكة التي دعا لها نبي الله إبراهيم عليه الصلاة والسلام.
Меккенин артыкчылыгы туурасындагы айтылуусу. Ага Аллахтын пайгамбары Ибрахим дуба кылган.

• أن الإنسان مهما ارتفع شأنه في مراتب الطاعة والعبودية ينبغي له أن يخاف على نفسه وذريته من جليل الشرك ودقيقه.
Адамдын Аллахка моюн сунуу жана сыйынуу даражасы көтөрүлгөн сайын ал өзү жана балдары ширктин чоңу менен кичинесинен коркуу зарыл.

• دعاء إبراهيم عليه الصلاة والسلام يدل على أن العبد مهما ارتفع شأنه يظل مفتقرًا إلى الله تعالى ومحتاجًا إليه.
Пенденин иши канчалык көтөрүлбөсүн ал Аллахка муктаж бойдон калгандыгына Ибрахим пайгамбардын дубасы далил болот.

• من أساليب التربية: الدعاء للأبناء بالصلاح وحسن المعتقد والتوفيق في إقامة شعائر الدين.
Тарбия ыкмаларынан: балдарың үчүн диндин жөрөлгөлөрүн аткаруусун ийгиликти, туура ишенимди жана жакшылыкты суроо дубасы.

 
وه‌رگێڕانی ماناكان سوره‌تی: إبراهیم
پێڕستی سوره‌ته‌كان ژمارەی پەڕە
 
وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان

بڵاوكراوەتەوە لە لایەن ناوەندی تەفسیر بۆ خوێندنە قورئانیەکان.

داخستن