وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان


وه‌رگێڕانی ماناكان ئایه‌تی: (215) سوره‌تی: سورەتی البقرة
يَسۡـَٔلُونَكَ مَاذَا يُنفِقُونَۖ قُلۡ مَآ أَنفَقۡتُم مِّنۡ خَيۡرٖ فَلِلۡوَٰلِدَيۡنِ وَٱلۡأَقۡرَبِينَ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۗ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ بِهِۦ عَلِيمٞ
Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден түрдүү мал-мүлктөрүн кайсы жолго сарптап, кайда жумшоо керектиги тууралуу сурашат. Аларга жооп катары айт: «Адал жана таза нерселерди кайрымдуулукка жумшасаңар, анда ата-энеңерге, муктаждыгына жараша жакын туугандарыңарга, муктаж жетимдерге, байлыгы жок кедей-кембагалдарга, үй-бүлөсүнөн жана мекенинен алыста жүргөн жолоочуларга сарптагыла». Оо, ыймандуулар! Кандай гана жакшылык кылбагыла, мейли аз болсун, мейли көп болсун, Аллах аны Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында силерге анын сыйлыгын берет.
تەفسیرە عەرەبیەکان:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• ترك شكر الله تعالى على نعمه وترك استعمالها في طاعته يعرضها للزوال ويحيلها بلاءً على صاحبها.
Аллах тааланын жакшылыктарына шүгүр кылбоо жана аларды Ага моюн сунуу үчүн пайдаланбоо аларды жок кылат жана ээси үчүн балээге айланат.

• الأصل أن الله خلق عباده على فطرة التوحيد والإيمان به، وإبليس وأعوانه هم الذين صرفوهم عن هذه الفطرة إلى الشرك به.
Негизи Аллах пенделерин табияттан жалгыз кудайга сыйынуу жана Ага ыйман келтирүү ишениминде жараткан. Ал эми Иблис жана анын жан-жөкөрлөрү аларды бул түпкү табияттан ширк кылууга бурушат.

• أعظم الخذلان الذي يؤدي للفشل أن تختلف الأمة في كتابها وشريعتها، فيكفّر بعضُها بعضًا، ويلعن بعضُها بعضًا.
Ийгиликсиздикке алып бара турган эң чоң жоготуу – үммөт өз китеби жана шарияты тууралуу пикир келишпестикте болуп, бири-бирин каапырга чыгаруусу жана бири-бирине каргыш айтуусу.

• الهداية للحق الذي يختلف فيه الناس، ومعرفة وجه الصواب بيد الله، ويُطلب منه تعالى بالإيمان به والانقياد له.
Адамдардын арасында талаш-тартышты жараткан акыйкатка туура жол көрсөтүү жана туурасын билүү Аллахтын колунда жана аны Аллахка ыйман келтирип, Ага ээрчүү менен суроо керек.

• الابتلاء سُنَّة الله تعالى في أوليائه، فيبتليهم بقدر ما في قلوبهم من الإيمان به والتوكل عليه.
Аллахтын Өзүнүн сүйүктүү пенделерин сыноосу – Анын тутунган жолу. Ал аларды жүрөктөрүндөгү Ага болгон ыйманга жана тобокелге жараша сынайт.

• من أعظم ما يعين على الصبر عند نزول البلاء، الاقتداء بالصالحين وأخذ الأسوة منهم.
Сыноо келгенде сабыр кылууга жардам берген нерселердин эң чоңу – такыба адамдарды ээрчүү жана алардан үлгү алуу.

 
وه‌رگێڕانی ماناكان ئایه‌تی: (215) سوره‌تی: سورەتی البقرة
پێڕستی سوره‌ته‌كان ژمارەی پەڕە
 
وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - پێڕستی وه‌رگێڕاوه‌كان

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

داخستن